Мамлекетке тартип керек

Өткөн жылдын 15-декабрында өткөн Элдик курултайда Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдардын каржылык отчеттуулугу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча сөз козгоп, азыркы учурда зарыл экенин белгилеген эле. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага Мамлекет башчысы өткөн жумада кол койгон. Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, түшүндүрмө берди.

Өкмөттүк эмес уюмдарды жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү кызыктырган мыйзам долбоорунун редакцияланышына кеңири түшүндүрмөсүндө Мамлекет башчысы 30 жылдан бери иштеп келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталбай, эч кимге отчёт бербегендиктен, жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алышып, жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкенин билдирген. Алешемдик кайда жатканын так белгилеп, “Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат” - деди. 

Президенттин билдирүүсү кызуу талкуу жаратып, ал ортодо жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалоого айыптап чыкканына күбө болдук. Буга байланыштуу Президент "Кабар" агенттигине комментарий берип: “Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барат экен. Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. «Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт деп кепилдик берем” деди. 

Дээринде мыйзам жаман эмес. Мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде жазылганы көрүнүп турат. Тилекке каршы, биздеги бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү “бөйрөктөн шыйрак” чыгарышып, аталган мыйзам долбоорун чоң ызы-чууга аралаштырганга аракеттенди. Мындайча айтканда, жеке кызыкчылыктын алкагында бизди башка мамлекеттер менен кагылыштыргандан кайра тартышпады. Ар кайсы тараптарга, чет жактарга кайралуу жолдоп, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге кат жаздырышты. Ага Президент Садыр Жапаров жеке өзү: “Өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер!” деген жообун берип. 

Негизинде, Жогорку Кеңеш кабыл алып, Президент кол койгон мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган, азыр иштеп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндөгү (Foreign Agents Registration Act, FARA) мыйзамга дал келет. FARA мыйзамына ылайык, Вашингтондун ички же тышкы саясатына карата өкмөттүн же калктын бир бөлүгүнүн көз карашын өзгөртүүгө багытталган иш-чаралар саясий ишмердик болуп саналат.

Белгилүү болгондой, FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. Каттоодон кечиксе же андан баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер болот. Белгилеп кетелик, бүгүнкү күндө Кошмо Штаттарда 3,5 миң уюм жана жеке жак чет өлкөлүк агент деп эсептелинет. Акыркы жылдарда чет өлкөлүк агенттердин саны 30 пайызга өскөн.

Кыргыз Республикасында бейөкмөт уюмдардын саны боюнча расмий маалымат жок. 2015-жылы 14 миңден көп уюм катталганы белгиленген, учурда болжол менен 30 миңге чейин болушу мүмкүн экени айтылат. Алардын ишмердиги, анын ичинде каржылык багыты жөнгө салынбай, отчет бербей келди. АКШда коммерциялык эмес тармак жогоруда белгиленген мыйзамга ылайык, өз ишмердиги жөнүндө мамлекетке отчет берип, салык төлөйт. Ошого катар, чет өлкөлүк жак менен алака кылган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты жана чыгымдары туурасында жарым жылда бир маалымдап турат. Коомго жайылтылган маалыматтары чет өлкөлүк агент тарабынан таркатылып жатканын ар бири белгилөөгө милдеттүү.

Көзгө тартылгандай, демократиянын очогу делген АКШ бул жаатта өзүн коргоп, мамлекетинин кызыкчылыгын сактап келе жатса, биз эмне үчүн аракет көрбөшүбүз керек? Россияда бул мыйзам бир нече жыл мурун кабыл алынган, азыр иштеп жатат. Биз дагы сырттан келген каражаттарды тескеп, тополоң уюштурууга багытталгандарын аныктап, мамлекетти тартипке келтиришибиз зарыл.

 

Булак: "Эркин-Тоо" гезити