Жемкорго жайылган тузак
Эгемендүүлүк алгандан берки тарыхты карасак, коррупцияга каршы күрөштүн урааны ар бир бийликтин учурунда айтылып, бирок сөз жүзүндө калып келген. Эч кимиси системалуу түрдө, тынымсыз күрөшкөн эмес. Кимдир бирөөнү садага чаап, жалгыз ошону гана желмогуз катары көргөзүп, эл көзүнө жемкорлукту талкалагандай, аёосуз күрөш жүргүзүп жаткандай түр көргөзүшкөн. Бирок, иш жүзүндө коррупция гүлдөп, өсүп, жыйынтыгында үч төңкөрүш жасалды.
2020-жылдагы элдик толкундоодон кийин келген бийлик шайлоону жана референдумду өткөрүп, “эки тизгин бир чылбырды” колго алары менен коррупцияга каршы күрөшкө чечкиндүү түрдө киришти. Мамлекетте эң чоң коррупциянын очогу болгон, кылымдын “афёрасына” айланган “Кумтөрдөн” баштап, дароо элге кайтарды. Бүгүн ал ийгиликтүү иштеп, мамлекетке миллиондогон киреше берүүдө. Улуттук банкта тонналаган алтын жыйнылды. Канадалыктар 30 жылда салыкка төккөн каражатын 1 жылда топтогонуна күбө болдук.
“Кумтөрдү” мамлекетке кайтарган чоң жеңиштен кийин Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жең түрө киришип, мамлекетти чырмооктой каптаган коррупцияга жана криминалга каршы күрөштү системалуу түрдө жүргүзүүнү улантты. Баарыбызга маалым, кылмышкерлер менен жемкорлор тамырлап, байып, келген бийликти сатып алып көнүшкөн болчу. Эч кимге жашыруун эмес, буга чейинки өлкө жетекчилери элдин колдоосу менен бийликке келишкени менен, жемкорлордун жана кылмышкерлердин кылтагынан чыга алышкан эмес.
Элдин бактысы бар экен, бул сапар андай болгон жок. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев адегенде ылдыйдан тамырын кыркып баштады. Моюн толгогон маалда криминалдын атасы болгон Көлбаевдин ташын талкан кылып, анын кылмыштуу топторун ар кайсы жерден таап камады. Майда-чүйдөсүн тузакка түшүрүү иши азыр да уланууда. Ошого катар өлкөдөгү жемкорлуктун эң чоң символуна айланган Райым Матраимовдун жегенин кустуруп, 2 млрд сом төктүрүп, ага болбой сыртка чыга качып мамлекетке бүлүк салууга камынганда кармап келип темир торго киргизди.
Биздин көз алдыбызда эч кимдин тиши өтпөйт делген коррупция менен криминалдын дөө-шаалар талкаланды. Ал эми ылдыйкы катмардагы күрөш системалуу түрдө жүрүп жатат. Алкымы бузуктар күн сайын камалууда. Элди тоногондор бир чекеден “кусуп” жатат. Өкүнүчтүүсү, башамаламандык уюштуруу менен жан багып көнгөн саясатчылар эл ичинде нааразылык жаратканга аракеттенип, "кустурган акчанын жарымы мамлекетке, жарымы чөнтөккө кетип жатат" – деген сөздөрү менен койнундагы котур таштарын чыгарышууда.
Мындай иритки сөзгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев:“Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат.
Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт” - деп жооп берди.
Баарыбыз билип турабыз, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын. Тазалап бүтө албай жатканы чындык. Анткени, алар абдан тамырлашып кеткен. Кыскасын айтканда, азыркыдай күрөш буга чейин жүргөн эмес. Бул чындыкты ар бирибиз моюнга алып, азыркы күрөштү жалпыбыз колдоого милдеттүүбүз! Себеби, бул иштин баары мамлекет, эл үчүн жасалып жатат. Анын үзүрүн жалпыбыз көрөбүз.
Булак: "Эркин-Тоо" гезити