Ачкөздүктүн азабы...

Коомчулукта “коррупциянын символу”, “Раим миллион” деген атка конгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовго “криматалык” Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин эл аралык издөө жарыяланган болчу. Ушул жумада эл аралык издөөдөгү “Раим миллион” Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Азербайжандын борбору Баку шаарынан өзү гана эмес кылмыш иштери ачылган үч бир тууганы Тилек, Руслан, Исламбек менен чогуу кармалып, Бишкекке жеткирилип, соттун чечими менен камакка алынышты. Раимбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-беренесинин (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин элдик толкундоолор менен бийлик алмашкандан соң коомчулук тарабынан Раимбек Матраимовду жоопко тартуу талабы бийлик башчыларына катуу коюлган болчу. Ага чейин журналисттер тарабынан бир нече иликтөөлөр жарыяланып, анын коррупциялык империясы боюнча кеңири маалыматтар айтылып келген. Ал тургай жарандык активисттер борбордук аянтта “Реакция”, “Реакция2” деген аталыштагы нааразычылык акцияларын дагы өткөрүшкөн. Бирок, ошол кездеги бийлик тарабынан эч кандай реакция болбой, “Факты бергиле” деген жооп узаган. Мындан улам Матраимовдун кылган ишин, жыйнаган дүйнө-мүлкүн иликтеп, укуктук баа берүү талабы улам жаңырып турду. Албетте, элдин мүдөөсү көз жаздымда калган жок, 2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Матраимовго коррупциялык схема түзгөн деген айып тагылып, темир торго киргизилди. Көп өтпөй мамлекетке 2 миллиард сом төгүп бергенден кийин үй камагына чыгарылганына күбө болгонбуз. Козголгон иштин негизиндеги соттук териштирүүдө Матраимов жемкорлук жасагандыгы боюнча күнөөсүн моюнга алып, ага 260 миң сомдук айып пул чегерилген. 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Кабар” Улуттук маалымат агенттигине маек бергенде “Раим Матраимовду бир эмес эки жолу кабыл алгам. Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем, эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла деп. Тилекке каршы элди тоноосу токтободу. Базарларда майда- чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды. Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып, эки миллиард төлөдүң, Эльдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайын кызмат анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыкты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп атышат” – деп Матраимовду мындан ары мыйзамдуу жолго түшүп, тынч оокатын өткөрүүгө эки жолу чакыртканын айткан болчу. 

Дүнүйө адамды тынч отургузбайт экен да. Матраимов дагы мурунку адатына түшүп, таасирин арттыруу дымагын токтото алган жок. Мамлекеттин кирешелүү тармактарына бутактаган коррупциялык империясын жүргүзүп, саясаттагы таасирин кеңейтүүгө болгон аракетин токтотподу. Мурдагыдай саясий элита, жогорку кызматтагы аткаминерлер менен тынымсыз жолугушуп, өзү сүрөөнчү болгон депутаттар аркылуу Жогорку Кеңеште мактоо сөздөрүн жаадырып жатты. Атургай, криминал менен ымаласын кеңейтип, тактикалык пландарды түзүүгө киришип кетти. Чындыгында, акчанын күчү менен өлкөдөгү саясатты чече турган деңгээлге жетип калган эле. Буга 2020-жылдагы парламенттик шайлоо далил. Матраимовдор баштаган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы шайлоодо акчага таянып, парламентти колго алабыз деген максат кылышкан. Бул тилеги ишке ашпай, элдик толкундоолор шайлоонун жыйынтыгын гана жокко чыгарбастан, бүтүндөй бийликтин алмашышына алып келди. Бул эч кимге жашыруун эмес. Матраимовдун кланы бийликти каалагандай өзгөртүп, өздөрүнүн кол баласын президенттикке алып келүүгө чукул калган болчу.  

Азыркы бийлик жемкорлор менен криминалдардын башын шылый чапканга эрки жетти. Көлбаев менен Матраимовдун “мафиясына” каршы катуу күрөш жүрүп, Матраимов менен байланышта болгон 200дөн ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынды. УКМК төрагасы К.Ташиев: “Мындан ары Раим Матраимовдун кланы,  кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, биздин саясий иштерибизге жолтоо болбошу керек” деп айткан. 

Матраимов менен байланышы бар делген депутаттар мандатын тапшырды. Кыскасын айтканда, жетекчилерде эрк болсо, байлыгына ишенген эргулдарды дагы заматта ордуна коюп коёрун Раимбек Матраимовдун бүгүнкү абалы тастыктады. 

 

Кылычбек Кудайбергенов, Булак: "Эркин-Тоо" гезити