Бишкек, "Саясат.kg". Ал Кыргызстанда чыныгы эркин коомду түзүү боюнча жаркыраган перспектива ачылып жатканын белгилеген. 

УКМКнын ардагери Юрий Погиба "vb.kgге" бийликтин коррупция менен күрөшүүсү тууралуу пикирин билдирген. 

"Матраимовдордун камакка алынышы президентибиздин жана УКМКнын коомчулугубуз үчүн реалдуу коркунуч болгон коррупция, УКТ, терроризм менен күрөшүүсүнүн жыйынтыгы. Бул негизги факторлор биздин улуттук коопсуздугубузга таасирин тийгизет", - деген ал. 

Белгилегендей, Садыр Жапаров бийликке киришип жатып, криминал жана коррупциянын башында тургандар менен аеосуз күрөш жүргүзөөрүн билдирген. 

"Коррупция Кыргызстан үчүн рак шишигиндей болуп калган. Эми эки жыл мурда оппозициялык лидерлер, биздин оппоненттер тарабынан эл аралык аренада айтылган сөздөр сын катары гана калды. Бийлик укук коргоо кызматтары аркылуу сөздөн ишке өттү. Факт катары - Матраимовду мекенине экстрадициялоо операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул УКМК жана бийлигибиз көп жылдан бери жеке кызыкчылыгы үчүн өлкөбүздү чайпаган деструктивдүү тараптардын жана системанын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга саясий күч тапканынын символу болуп саналат", - деген ал. 

Ал Кыргызстанда чыныгы эркин коомду түзүү боюнча жаркыраган перспектива ачылып жатканын белгилеген. 

"Ошондуктан кыргызстандыктардын милдети - бийликтин калктын жашоосун жана коопсуздугун жакшыртуу багытындагы ушундай реформаларын колдоо. Көрүп турганыбыздай, акыркы убакта укук коргоо системасында реалдуу өзгөрүүлөр болду, анын негизинде иштерин абдан натыйжалуу аткарып башташты. Ага мисал - өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн келген азербейжандык кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн кармалышы, кылмыштуу дүйнөнүн чилдей тарашы, Россия ФСБсы менен биргеликте жашыруун ячейкалардын камакка алынышы. Булардын баары үйүбүздө акыры тартип орнотула баштаганын билдирет", - деген Юрий Погиба.