Т.Токтогазиев: Өзгөчө азыркы иштерде Камчыбек Ташиевдин ролу чоң деп ойлойм.

- Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары бир катар корупциялык иштерде, анын ичинен кылмыштуу окуяларда дагы аты аталып жүргөн Райымбек Матраимовду Кыргызстандын укук коргоо органдары Азербайжандан кармап келди. Сиздин оюңузча, бул окуя Кыргызстанда кандай кабыл алынып жатат?

- Менин оюмча, калың эл тарабынан жакшы, туура иш катары кабыл алынып жатат. Анткени биз баарыбыз билгендей, 2020-жылы октябрдагы окуялардын негизги себепкери ошол Матраимовдун кланы болгон да. Матраимов менен Көлбаевдин биригүүсүнөн чыккан. Анткени булар өзүнчө бир мамлекеттик эмес, ошол эле учурда бүткүл мамлеткетке таасири тийген альтернативдүү системаны куруп алышкан. Ал бажы кызматындагы чоң коррупцияга алып келген. Мисалы, Көлбаев криминалдын символу болуп жатса, Матраимов жалпы коррупциялык системанын символуна айланып калган.

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бүгүн тараткан маалыматында сиз айткан жагдайга да көңүл бурулгандай. Атап айтканда, пресс-релизде Матраимовду “мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек менен тыгыз байланышта болгон, бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн” деп жазылган экен?

- Эми аны биз баарыбыз эле билип турдук да. Бул бир четинен Атамбаевдин учурунда түзүлгөн система деп айтсак болот. Анткени Камчы Көлбаев Дубайда качып жүргөндө, аны кайра алып келишкен. Ошол кезде Матраимов дагы бажы тармагына ишке коюлуп, жыйынтыгында мамлекеттик эмес система курулуп калган. Криминал мыйзамсыз жолдор менен ар кандай товарларды бажыдан салык төлөттүрбөй өткөрүп турган. Миллиарддаган акчаны, товарларды мыйзамсыз өткөрүп турган система курулган.

Кийин саясий элита бул системаны көзөмөлдөй албай калгандыктан, жалпы мамлекеттин тагдырын аныктай турган бир күчкө айланып кетти. Жыйынтыгында саясатка да аралашып, "Мекеним Кыргызстан" деген партияны түзүшкөн. Булар 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо жеңип жаткан. Эгерде ага чейин кандайдыр бир деңгээлдеги саясий элита буларды башкарабыз десе, кийин булар өздөрү саясий элитаны башкарабыз деп калган.

- Анан бул жерде дагы бир көңүл бура турган нерсе, Раимбек Матраимовдун өзү гана эмес, аны менен кошо үч бир тууганы кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети расмий билдирди. Бир туугандардын чогуу кармалышы эмнени билдирет?

- Негизи мыйзамда “агасы үчүн иниси, иниси үчүн агасы жооп бербейт”. Бирок ошол эле учурда кандайдыр бир байланыштары болушу мүмкүн. Анткени "кланга" көбүнчө туугандар аралашат. Эгерде ошол схемаларда аралашкан болсо, демек кандайдыр бир жоопкерчиликти алар дагы тартышы керек. Менин оюмча, укук коргоо органдарында жалпы эле Райымбек Матраимовдун түзүлгөн кланына, бажыга, криминалга байланышкан башка далилдер болуп, анан ошонун негизинде ушул кармоолор жасалып жатат го дейм.

- Кезинде Райымбек Матраимовго, анын коррупциялык иштерине каршы "Реакция", "Реакция - 2" деген акциялар өтүп, аларга сиз дагы активдүү катышкансыз. Бул 2018-2019-жылдар болсо керек. Матраимовду жоопко тартуу сиздер беш жылда мурда көтөргөн талаптар эле да. Ошолор аткарылып жатат десе болобу?

- Бир четинен, "ооба" деп айтсак да болот. Экинчи жагынан, өзүнүн себептери бар да. Албетте, бир учурда "Азаттыктын" иликтөөсүнүн негизинде жарандык коом, жаштар ачык эле мамлекетти уурдап-тоноого каршыбыз, мамлекетти уурдаган коррупционерлер сөзсүз түрдө түрмөгө отургузулушу керек деп чыкканбыз. Президент Сооронбай Жээнбековго сигналдарды бердик эле, бирок, тилекке каршы, ал "фактыларды бергиле", "фактыларды бергиле" деп, Көлбаев менен Матраимовдун мафиясына каршы эч нерсе кылбай койгон.

Негизи башында Матраимов менен Көлбаевдин дагы кандайдыр бир деңгээлде азыркы бийликти алып келгенге өз салымы болгон. Муну биз дагы көргөнбүз, сезгенбиз. Бирок кийинчерээк булардын ортосунда ажырым пайда болду.

Өзгөчө азыркы иштерде Камчыбек Ташиевдин ролу чоң деп ойлойм. Анткени ал киши көп иликтөөлөрдү жасап жатат. Ал кандай пландары бар, ким кайсы жактарда өзүнүн функцияларын аткарып жатат деп, терең тамырлашып кеткен системаны балта менен чапкандай эле кылды.

Камчы Көлбаевди кармоо операциясы менен башталып, аны өлтүрүү менен уланып, азыр Матраимовду кармап, Матраимов-Көлбаев түзүлгөн мафиясын алсыратуу, жок кылууда чоң кадамдар жасалды десек болот. Биз муну кубаттайбыз, колдойбуз.

- Кыргыз коому, саясатчылар, эл, бийлик бул окуядан кандай сабак алышы керек?

- Негизи эч нерсе түбөлүктүү эмес деген сабакты айтсак болот. Анткени бир кезде чын эле Матраимов аябай күчтүү эле, анын жанында бүт саясатчылар жүрдү. Саясатчылардын көбү аны менен мамиле түзгөнгө, учурашканга аракет кылып, анын акчасын шайлоого алып жүргөн учурлары болду. Ошондо биз, жарандык активисттер, жаш саясатчылар андай иштерге барган туура эмес болот, бул арам акча, бул уруулар, коррупционерлер деп ачык айттык эле да. Бирок ошол кезде тажрыйбалуу эле саясатчылардын ичинен "силер романтиксиңер", "идея менен эле силер саясатта эч нерсе кыла албайсыңар" деген сөздү айткандары болду эле. Эми болсо мына тарых чындыкты көрсөтүп жатат. Принципке эмес, акчага, конъюнктурага таянган саясатчалардын өмүрү кыска болот. Бул жалпы саясатчыларга да, жаштарга да жакшы сигнал. Өз принциптериңерди аныктап, анан ошого бекем турушуңар керек деген ишарат десек болот.

Ошол эле учурда бийликте турган адамдарга да чоң сабак. Анткени учурунда Матраимовдор дагы бийликте турган, бийликтеги кишилерди каалагандай ойноткон. Жалпы Кыргызстанды башкарып эле турган. Бирок мына заман алмашып, алардын абалы өтө катуу өзгөрүлүп кетти. Эми бул окуя азыркы бийликтегилерге да сигнал болушу мүмкүн. Эгерде өздөрү туура эмес кадамдарга барса, коррупциялык иштерге жол ачып беришсе же өздөрү дагы криминал менен аралашса, анда алардын дагы тагдыры ушундай болушу мүмкүн. Менин оюмча, тарбия жагынан алганда абдан жакшы мисал болду. Көлбаев менен Матраимовдун кланы алсырап калганы жаштарга да жакшы сигнал болду, анткени бир учурда баары эле бажыга барыш керек, ошол бажыдагы адамдар баарын чечет турбайбы, уурдап, тоноп, мамлекетти башкарса болот турбайбы деген түшүнүк жайылып жатты эле да. Азыр адилеттик өз ордуна келди деп айтсак болот.

Булак: "Азаттык"