Кесиптештерде не кабар?

Көптөн бери ызы-чууга аралашып, олку-солку окуяларга кабылып келген “24.kg” маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, анын ээси жана директору алмашып кеткени айтылууда. Ушундан улам, кесиптештерибиздин айылында түркүн-түстүү божомолдор жайнады.

Алгач, Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка таянышып, агенттик 15-мартта кайра каттоодон өтүп, белгилүү журналист Гүлжан Шерипбаева жетекчи болуп калганын жазып чыгышты. Бирок, бул маалымат толук так эмес болуп чыкты, анткени, Гүлжан Шерипбаева өзү буга тийешеси болбой калганын жазып чыкты. Көрсө, үй камагына чыккан экс-депутат Жаныбек Бакчиев саясаттан тажап, өзүнө тийешелүү агенттикти тааныштарына өткөзүп берген тура. Алар учурда агенттикке башка жетекчи издеп жатканы кабарланды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, “24.kg” маалымат агенттигинин буга чейин карманып келген позициясы эч өзгөрбөйт, мурункудай эле болуп жаткан окуяларды чагылдыра беришет. Эмгек жамаат деле айрымдары жаңы жетекчи келгенин угуп кетип калбаса, ошол эле бойдон... Ошондуктан, “сөз эркиндиги муунтулуп жатат”- деп кыйкырып чыкканга негиз жок.

Эске сала кетсек, “24.kg” агенттигинин ээси жана директору болуп келаткан Асел Оторбаевага “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча иш козголуп, тергелип жатат. 15-январда медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, мөөр басылып, ошол күнү агенттиктин директору Асел Оторбаева, башкы редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь суракка алынган. “ 24.kg” – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн.

Булак: "Майдан.kg"