Бир уурулуктун баяны
Ушул жылдын январь айынын соңунда УКМК тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү") боюнча шектелип жатканы кабарланды.
Матраимовдун чуусу мындан көп жыл мурда башталган. 2018-жылдары журналисттик иликтөөлөр Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын сан жетпеген мүлкүн тизмелеп, аларды кылмыштуу жол менен топтогонун жарыялашкан. Бирок анда бийлик тараптан эч кандай реакция болгон эмес. Мурдагы президенттер алар бийлик башына келгенге чейин эле Матраимов Бажы кызматында иштеп келгенин, демек ал кандай кылмыш жасабасын, учурдагы бийликтин катыштыгы жок экенин супсак билдирүү менен тим болушкан.
Кийинчерээк, бийликке Садыр Жапаров келгенден кийин, анын кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын ишке ашыруунун алкагында, коррупцияга каршы күрөш күчөгөндөн соң ири коррупциялык схемалардын автору катары биринчи эле көңүл Матраимовго бурулган. Бул сапар ага мыйзам жоопкерчилигинен буйтап кетүү буйрубады. Камакка алынып, жасаган кылмышын моюндап, өлкө казынасына 2 миллиард сом төлөп берип, абактан чыккан. Акча төлөө менен жоопкерчилик толугу менен алынган эмес, мындан ары мыйзамсыз иштерден оолак болуп, ак эмгек, маңдай тери менен гана оокат кылаарын убадалаганы белгилүү болгон. Анткен менен убада убада менен, а көнгөн адат эч убакта калбай турганын жасаган иштери менен далилдеп койгон.
Өзүнүкү эмес, өлкөнүкү
2024-жылдын февраль айында Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Алар кайсылар экени да айтылган:
- Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң долларды түзөт;
- Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң долларын түзөт;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн долларын түзөт;
- Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн доллары;
- Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң долларды түзөт;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ(бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң доллары;
- Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң долларын түзөт.
Бул акыркы чек эмес. УКМК Матраимовдун кылмыштуу жол менен тапкан башка да байлыктарын аныктоо жана аны мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча иш чараларды улантып келет.
Ага чейин, январь айынын соңунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарын текшерүүгө барганда, жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда Матраимовдун мамлекетке конфискацияланган байлыгы 80 миллион долларга жетип калганын белгилеген.
"Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштүн натыйжасында, бүгүнкү күндө 120 миллиард сомго чейин акча топтодук. Бул эмне деген акча алардын чөнтөгүнө түшүп турган? Раимбек Матраимов качып кетти эле, анын Ош облусундагы, Бишкек шаарындагы мүлктөрүнүн конфискацияланышы 80 миллион долларга жетип калды. Ал Ош облусундагы нечендеген курулуштарды, завод-фабрикаларды, жер тилкелерин ж.б. алып койгон. Бир адам клан болуп атса, башка эл жыргап жашамак беле. Башка эл ошолордун алдында эзилип, анча-мынча бергенине башын ийип жашайт да. Андай болбош керек. Таза эмгеги менен бизнес кылып, салыгын төлөп жашаган ишкерлерге жардам беребиз. Бизнесмендер өссүн-өнсүн, көбөйсүн, бирок таза эмгеги менен, мамлекеттин, элдин чөнтөгүнө кол салбасын", - деген Камчыбек Ташиев. Демек, бүгүнкү күнү толук кандуу конфискацияланган байлыгы 34 миллион доллардан ашса, УКМК төрагасынын билдирүүсүнө таянуу менен алдыда дагы далай мүлктөрү ачыкталаарын күтө берсек болот.
Жакшынынын шарапаты, жамандын кесепети
Коррупциялык схема мамлекетти ичтен жок кылуучу нерсе. Аны жоюу үчүн ага катыштыгы бар бардык адамдар мансап, байлык деген куралынан ажыратылуусу керек. Матраимовго байланышы бар адамдарды кызматынан кетирүү “жамандын кесепети” эртеби-кечпи тиерине ынандырат. Өткөн жылдын октябрь айында Мамлекеттик бажы кызматында эле 50гө жакын кызматкер иштен бошотулду. Алар бир гана Матраимов эмес, “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаев менен дагы тыгыз мамиледе болуп, ар кандай көрсөтмөлөрүн аткарып келишкен. Дагы 200гө жакын кызматкердин да мындай шектүү байланыштары аныкталып, алар дагы кызматтан кетүү алдында турушканын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылууларынын биринде белгилеген.
УКМК төрагасы “Кыргызстанда мындан ары матраимовдук мафия болбой турганын” бир нече жолу коомчулукка жеткирген. Ал эгерде Матраимов Кыргызстанда жашай турган болсо, кабат-кабат үй, кымбат баалуу автоунаалар менен эмес, өзүнө тиешелүү гана чакан оокаты менен күн кечире алаарын белгилеген. Анткени, анын эсепсиз байлыктарынын дээрлик баары уурулук жол менен, мамлекетти тоноо аркылуу топтолгон.
Камчыбек Ташиев "Матраимовдун кылмыштуу жол менен тапкан байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө, мамлекеттик саясатка кедергисин тийгизбеши керектигин" да белгилеген.
"Матраимовго издөө жарыяланды. Анын Ош облусундагы, Кыргызстандагы бардык мал-мүлкүн алабыз. 1 сотых да жерин калтырбайбыз. Ал кайтып келген учурда дагы жөнөкөй адам болот, мурдагыдай "Раим-миллион" болбойт. Силердин араңарда жөнөкөй болуп жүрүп, Кара-Суу базарынан бир точка алып соода кылса, жанын багат. Кылбаса өзүнө кыйын болот. Мурдагыдай матраимовдук клан болбойт. Ошолордун кланын жок кылабыз деп Ош облусунун тегерегиндеги эле 50гө жакын мамлекеттик кызматтын бир катар жетекчилерин кызматтан алдык", - деп айткан Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасынын айтканына таянсак, бүгүнкү күндө Райымбек Матраимов менен байланышы бар 92 мамчиновник, Көлбаев менен байланышы бар 60 мамчиновник аныкталган. Андан тышкары жогоруда айтылган 50 кызматкер аныкталып, ошону менен кылмыштуу топтор жана коррупционерлер менен болгон байланышы үчүн 202 кызматкер жумуштан кетүү коркунучуна кептелишкен.
Матраимовдун өкүлдөрү – “кетсин!”
Ошентип өлкөнү ууру-кескилерден тазалоо максатындагы саясаттын негизинде Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлердин, ал ким болбосун жетекчиби же катардагы кызматкерби, айырмасы жок, тазалоо иштери жүрүүдө. Кезек Жогорку Кеңештин депутаттарына да жетип, мында коомчулук өзү эле кайсы депутаттын Матраимов же ОПГ лидерлери менен байланышы бардыгын айтып чыгышып, башка мамлекеттик мекемелер сыяктуу эле Жогорку Кеңеш да тазаланышы керектигин талап кылышты.
Кызыгы, эл кайсы депутат Матраимов аркылуу парламентке келгенин, кимдердин коррупционерлердин анабашчысы менен тыгыз мамилеси бардыгын жакшы билишет экен. Эл өкүлүмүн деп отургандардын далайынын: Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Гүлкан Молдобекова, Гүлшаркан Култаева, Абдыбахаб Боронбаев, Алишер Эрбаевдин ысымдарын аташты. Бирок булардын баары эле Матраимов менен мамилесин моюнуна ала бербеди, арасында “жөн гана жердешимин”, “жамандык-жакшылыкта гана көрүп калганым болбосо...”, “деги эле сүйлөшкөн эмесмин” ж.б. актануу кебин айткандар арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде: “Матраимов менен байланышы бар депутаттар бизди ыңгайсыз абалга калтырбай, өздөрү эле арызын жазып мандатын тапшырып кетип калышса...” деген тилегин да билдирген. Ага караганда, чындап эле элдин өкүлү катары парламентке келгендер Матраимовдун өкүлдөрү үчүн уялып, Жогорку Кеңеш бир кишинин короосуна айланып калганына ыңгайсыз болуп жатышкандай.
Аттары аталган депутаттардын ичинен 17-февралда Абдывахаб Боронбаев, жакында Айбек Осмонов өз арызы менен мандатын тапшырды. А Шайлообек Атазовдун мандаты сот аркылуу алынганы менен, дагы деле бет тырмачылык кылып, жеңилип бергиси жок. Ал Матраимов менен байланышына жетпей эле, шайлоо учурундагы мыйзам бузуулары аныкталганы үчүн Бишкек административдик соту тарабынан мандатынан ажыратуу чечимине туш болду. Мансап менен мандат эмне гана кылдырбайт, Атазов кетээр алдында акыркы кебин сүйлөп, парламенттен четтетилгени ал үчүн канчалык ызалуу болуп жатканын айгинеледи. Буга чейин мыйзам долбоорлоруна өзү берген добуштарынын таржымалын бирден тизмектеп, “апам каршы бол деген мыйзам долбоорлоруна “макул” деп койгонума өкүнөм” дегенге чейин барды. Бирок булардын баары ага өзү ойлогондой эл алдында упай эмес, “минус” алып келгенин эксперттер белгилешти.
Мисалы, коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков анын “качаар алдындагы акыркы сөзүн” эл алдындагы жоопкерчиликтен да кутулуу ишаараты катары кабыл алган.
“Акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, качаар алдында айтып калайын деди окшойт. Артында эмнелер бардыгын, дагы эмнелер болоорун билет да. Бул башка депутаттарга сабак болушу керек. Ар бир депутат эркин болуп, өз каалоосу менен добуш бериши керек. Колу-бутун байлап барып, кыйнап добуш бердиришпейт да, кааласа добуш берсин, каалабаса бербесин”,- деди.
Ал эми Кайрат Кыштообаев : “Упай топтойм деп атып, минус кылып алдыбы дейм да өзүнө. Энесин да кошуп алды. “Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн” деп коет. Туу боюнча, казино боюнча маселе көтөрүлгөндө добушумду туура эмес берип алыптырмын, жаңылып алыптырмын дегени... Эл өкүлү деген эл ишенип жөнөткөн өкүл, жакпаган мыйзам долбоорлоруна ошол убакта позициясын көрсөтүшү керек болчу. Убагында көрсөтө албагандан кийин башына мүшкүл түшкөндөн кийин актаныштын кажети жок эле.
Өзү добуш берген мыйзамдар тууралуу, мандатынан ажырагандан кийин "мамлекеттин саясаты үчүн добуш бергем" деген актануусу Атазовдун анык жүзүн ашкерелегендей. Ал добуш бергени үчүн эмес, Матраимов менен байланышы бар үчүн, ОПГ менен аралашып жүргөнү үчүн кыргыз элинен кечирим сураса болмок.
Деги эле кылмыш жана коррупция дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен мамиле кургандар, алар депутат болобу, өкмөт өкүлдөрүбү, өздөрү эле арызын жазып кете беришсе... Азыр кылмыш 40 жылда эмес, 40 күндө эле белгилүү болуп калып жатпайбы”, - деди эксперт.
Жогоруда белгиленгендей, мындан бир нече жыл мурун эле Матраимовдун миллиарддаган, болгондо да коррупциялык схема аркылуу тапкан байлыктары ачыкка чыккан. Бирок ал убакта аны кылмыш жообуна тартууга эч кандай аракет көрүлбөгөн. Таң калыштуусу, жарандык коом ошол убакта бир ооздон Матраимовду коррупция боюнча кылмыш жообуна тартууну талап кылса, бүгүнкү күнү ага карата кылмыш иши козголуп, мамлекеттен уурдаган байлыктары кайра мамлекетке кайтарылып жаткан кезде ошол эле “жоопко тартылсын” дегендердин айрымдары аны коргоп чыгышты. Алар кайдан чыкты деген суроого жооп издеп көрсөк, тереңдештин деле кереги жок, жөнөкөй логика жардамга келет: коррупционерди аны менен акырлаш болгондор же анын кылмыштуу каражатынын кайсы бир бөлүгүнөн “ооз тийип” калгандар коргойт. Ошондуктан, бийликтин Матраимов менен алака-катышы бар бардык мамкызматкерлерден мамлекеттик мекемелерди тазалоо аракети туура нукта баратат.
УКМКнын ардагери Эрмамат Кожоакматов Матраимовдун байлыгын миллиондоп эмес, миллиарддап эсептеш керектигин белгилейт. Демек, Кыргызстандын тең жарымынан көбү “Раим-миллиондун” колунда болуп келген.
"Раим-миллион" деп атагы чыккан, бирок ал чынында миллиардер экен. Эмнеге дегенде, Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп тургандагы түшкөн бажы төлөмдөрүнөн эле билсе болот. 2020-жылга чейин канча бажы төлөмү төлөндү, андан кийин канча болуп жатканын көрүп жатабыз. Келип жаткан жүк ошондой эле, кескин өзгөрүүлөр жок. "Баары салыштыруудан билинет" деген философиялык сөз бар. Аны менен Раимбек Матраимовдун коррупциянын башында турганы белгилүү болуп калды.
Эми эл арасында кызуу талкуу болуп жатат, Матраимовдун жек -жааты, санаалаштары, бирге иштешкендери боюнча. Албетте, алар жооп бериши керек. Эгерде Матраимовдун коррупциялык ишине депутат агасы Искендер Матраимовдун кошкон салымы болсо же кайсы бир маселени чогуу чечишсе, сөзсүз жооп бериши керек. Ал кишинин депутат болуп отурганга моралдык укугу жок деп эсептейм", - деди Кожоакматов.
Серепчи Актан Ажымамбетов Матраимовдун иши "бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшөсүң" макалына үндөш экенин белгиледи. "Чын чынына келгенде Раимбек Матраимовдун миллионер же карапайым экенин Кыргызстанда эч ким билчү эмес. Мурдагы бийликтегилер карапайым элге ор казып, ырыскысын жейбиз деп система уюштуруп, башына Раимбек Матраимовду алып келишкен. Кийин ал система иштебей калып, Матраимовдун миллиондору башка жакка кете баштаганда ичтери ачышып, элге өздөрү "Раимбек миллион, жегич" деп жарыя кылышты. Өздөрү койгон тузакка өздөрү түшүштү. Бул - элдин назарынан калды дегендик. Элдин бир гана колдоочусу бар, ал - Кудай. Аны эсепке албай эле адамдык көз караш менен иш жасай беребиз да.
Ал эми парламент кызыкчылыктардын парламенти болуп калган. Айрымдары Батыштын миллиондорунун арты менен келсе, кээ бири Раимбек сыяктуу байлардын элге азыраак "садака" бере калып, алып келген өздүк адамы. Далили - беш жыл отуруп элге иштеген бир мыйзам кабыл албай, өздөрүнүн кызыкчылыгына, акча уурдоосуна, баюусуна жардам берчү 30 чакты мыйзамды бир күндө кабыл алган учурлар болгон.
Батыштын аракети белгилүү, эми Раимге да кезек келди. Аны жалгыз гана Садыр Жапаровдун же Камчыбек Ташиевдин душманы дебеш керек. Бул карапайым элдин талабы. Учурдагы бийлик келерде эл ушундай талап койгон: "Матраимовдун партиясы парламентке келбесин" деген. Болбосо акчага таянып алдыңкы орунда келатышпады беле. Президент ошол убакта убада берген: "Матраимовго да жетебиз, элден алганын элге кайтарабыз, керек болсо камайбыз" деп. Мына, ошол убадалар акырындык менен аткарылып жатат.
Эми Матраимовдун парламентке алып барып койгон депутаттары дагы эл эмне дейт деген түшүнүккө муюп, моралдык укугу жоктугун билип арызын жазып кете беришсе, эл "азамат экен" дейт. Булардын аркасы ачылып, баары билинип жатса да догурунуп, кечээ дос болуп жүргөндөр бүгүн "Раимди тааныбайм" дегенге өтүштү. Анчалык болбошу керек да. Булар “эл эмне десе дей берсин, мен өз билгенимди кылам” деген Батыштын системасын киргизип жатышат", - деген Ажымамбетов.
Ушундай эле пикирди серепчи Мелис Жаанбаев да карманат. Ал “жемкорлугу аркылуу Матраимовдун жардамы менен парламентке келген депутаттар тазалануу башталганда ага каршылык көрсөтпөй эле, намысын кармап кетип калышы маанилүү экенин” белгилеген. Серепчинин пикири жүйөөлүү. Бирок... караламан элди алдап, элдин, мамлекеттин башкы душманы – ири коррупционердин демөөрчүлүгү, колдоосу менен мандатка жетишкендердин кайсы намысы тууралуу кеп кылуудабыз?..
Мыйзамдуу жашоого көнбөсө, өзүнөн...
Коомчулукту дагы бир пикир аралап жүрөт. “Эмнеге Матраимовду башта кармап, андан соң кое беришти? Кармаганга жараша акырына чейин кармаш керек болчу, чыгаргандан кийин кайра издөө жарыялабай жөн коюу керек эле”. Мына, ушундай пикир Матраимовдун колдоочуларында. Бул суроого жоопту президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрүнөн, маектеринен табууга болот.
Мамлекет башчы: “Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам.
Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: "Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла" деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда-чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.
Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: "Эки миллиард төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат”, - деди маектеринин биринде.
Ал эми Камчыбек Ташиев: "Камчы Көлбаев менен да, Раимбек Матраимов менен да сүйлөшүү болгон. 3 жыл мурда аларга коомго зыяныңарды тийгизбегиле, мыйзам бузбагыла, өзүңөрдүн жашооңор менен жашагыла. Ушуга чейин тапкан акчаңарды элдин жыргалчылыгына жумшагыла деген шарт койгонбуз. Көлбаев да, Матраимов да камакка алынган, мамлекетке каражат төлөп берип чыгышкан. Көлбаев 1 миллиарддай, Матраимов 2 миллиарддай каражат төлөшкөн. Бирок акыркы бир жылдан бери кайра күчөп башташты, талап-тоноо, мамлекеттик кызматтагы байланыштарын колдонуп, мамлекетке зыян келтирмейин башташты. Эркештамда Кытай тараптан өткөрчү чоң пост бар. Ошону Матраимов кайра көзөмөлгө ала баштады. Өзүнүн адамдарын коюп, машиналардан акча чогултуп жатты. Кой десек, мыйзам чегинде жаша десек, көнбөсө, эмне кылышыбыз керек эле? Биз мамлекет үчүн жашап, иштеп жатабыз. Мен тирүү кезде мамлекетке каршы бир да ишке жол бербейм! Тил албай коюшту эле, жазалап жатабыз", - деп айткан.
Кеп соңу
Матраимовго байланышкан маселелер жарандардын трагедиясына айланбашы керек. Аны колдоо же колдобоо ар кимдин өзүнүн жеке иши, бирок кызарган нерсенин баарын жулуп, өз өлкөсүн тоногон адамга кайсы бирөөлөрдүн кызыкчылыгы түккө турбайт. Мекенин кадырлабаган адам кайсы бирөөнүн, мейли ал тарапташы же санаалашы болсун, кадырына жетээрине ким кепилдик берет?
Аэлита Сатындиева, Булак: "Майдан.kg"