С.Раев: Эми чындап түрк дүйнөсүнүн руханий керегесине айландык.
- Уюмдун 30 жылдагы ишмердүүлүгү боюнча айттыңыз, а сиздин бул уюмга башкы катчылыкка дайындалганыңызга бир жылдан ашыптыр. Ушул убакыт аралыгында кандай иштерди аткардыңыз, эмнелерге жетиштиңиз, келечекке кандай үрөн септиңиз?
- Мага чейин эки башкы катчы: бири 14, экинчиси 15 жыл иштеген. Жетекчи болуп келгенимден кийин биринчи кезекте уюмдун негизги жоболоруна чоң өзгөртүү киргиздим. 30 жыл мурда кабыл алынган жоболор моралдык жактан эскирген болчу. Аларды өзгөртүп, ТҮРКСОЙдун укуктук базасын жаңы мезгилдин ыргагына ылайыкташтырдык. Бул биздин жаңылануубузга, жаңы иштерди жасообузга чоң өбөлгө болот. “Turkish World Vision – 2040” дагы ошонун негизинде иштелип чыккан.
Экинчиден, бизди эл аралык деңгээлде тааный башташты. Мисалы, БУУнун “Альянс цивилизаций” деген чоң канаты бар, буга дүйнөдөгү гуманитардык-маданий багыттагы ири уюмдар кабыл алынат. Биздин акыркы жылдагы ишибизди баалап, мүчө катары кабыл алышты. Демек, биз так ушул маданий-гуманитардык трендде анын баасына татыдык. Бул биздин ишмердүүлүгүбүзгө чоң баа болду. Бул жылдагы чоң жетишкендигибиз болду.
ТҮРКСОЙ түрк маданий уюму болгону менен ага 30 жылда Өзбекстан менен Түркмөнстан активдүү катышпай келген. Мен бул эки өлкөгө маани берип, уюмдун толук кандуу мүчөсү кылууга аракет жасадым. Мамлекет башчы, өкмөт башчылары менен жолугушуп, ТҮРКСОЙдун өзгөчө ролу бардыгын таанытып, ал өлкөлөрдө чоң иш чараларды өткөрдүм, жыйынтыгында жетекчилери баалады. Ошентип, Өзбекстан менен Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп киришти. Бул өлкөлөрдүн руханий потенциалы абдан чоң да. Өзбекстан өзгөчө өнүгүүнүн, цивилизациянын чордону, маданияттын каймагы, башаты болуп келгенин тана албайбыз. Анда бүт бардыгы: табигый илимден тартып адабиятка чейин өзгөчө маданияттын катмары калыптанган. Ошондуктан ушундай улуу катмарды, мурасты алып жүргөн Өзбекстан ТҮРКСОЙдун катарында болушу керек эле. Буга чейинки башкы катчылар ал маселени чече албай келишкен. Биз чечтик. Бул биздин жеңиш. Түркмөнстандын кириши да маанилүү болду. Учурда бул эки өлкөнүн өкүлдөрү бизде иштеп жатышат. Эми чындап түрк дүйнөсүнүн руханий керегесине айландык. Мындан аркы өнүгүүбүзгө чоң өбөлгө болоору анык.
Экинчи этап дебедикпи, андагы негизги максат – руханий из калтырган иштерди жасоо. Бир эле мисал, саймалуу таш деп коебуз го – петроглиф – адамзаттын ташка тартылган алгачкы чыгармачылыгы бүгүнкү күнгө чейин чоң кызыгуу туудуруп келет. “Түрк дүйнөсүнүн петроглифтери” деген алты том китеп чыгаралы деп жатабыз. Ал уюмга мүчө ар бир мамлекетке таандык болот. Петроглифтердин илимий терең академизми жок, бирок популярдуу, аны ар бир карапайым адамга жетерлик деңгээлде жасайлы деп жатабыз. Бир томго Кыргызстандагы петроглифтер жарыяланса, экинчи томго Казакстан, үчүнчү томго Түркия деген сыяктуу кете берет. Англис, түрк жана петроглифтери чагылдырылган ошол өлкөнүн тилинде чыгарылат. Ошентип дүйнөгө таанытабыз. Иллюстративдүү, престиждүү, белекке берүүдөн уялбай турган китеп кылып чыгарууну пландап жатабыз. Түрк дүйнөсү – маданияттын башатын алып жүрөбүз да. Ошол эле Леонардо де Винчи ж.б. улуу сүрөтчүлөрдөн мурда, алгачкы кылымдарда эле таштарга тартылган сүрөттөр эмне деген улуулук. Азыркы инновация, голографияны таң калтырып жатпайбы, кантип ошол убакта ушундай нерсени чагылдырышкан деп. Күн адамды айталы, интернет, компьютердик версткадагы фигуралардын бардыгы байыркы чыгармаларга окшошуп жатпайбы. Бул бекеринен болбосо керек, мында чоң маани бар. Биздин эл символ, метафора менен ой жүгүрткөн алдыңкы эл болгон. Биз муну дүйнөлүк кенч, дүйнөлүк маданияттын бир мурасы катары тааныталы деп жатабыз. Кудай буйруса, келерки жылдын январь айынын башында Кыргызстанда илимий-конференция өткөрүү оюбуз бар, окумуштуулар менен жолугуп, китепти кандай кылып чыгарууну талкуулайбыз. Китеп каалаган адамга жеткиликтүү болушу шарт. Кыргызстан боюнча чыгарганда, кыска багыттоочу баш сөз: петроглифтер, анын өзгөчөлүгү, мааниси жөнүндө жазабыз дагы, андан ары саймалуу таштарга өтөбүз, толугу менен сүрөттөрүн беребиз. Бизде петроглифтер Тогуз-Тородо бар, Сулайман-Тоодогу сүрөттөр таптакыр башкача космикалык сүрөттөр, Кыргыз-Атадагынын мааниси абдан терең: жылдыздар боюнча. Чолпон-Атада, Лейлекте, Чүй боорунда бар. Ошонун баарын өзүнчө жыйнактуу, сонун китеп кылып чыгарабыз. Ушундай эле практика Өзбекстан, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөгү петроглифтерди чыгарууга колдонулат. Аны менен артыбызда кала турган руханий мурас жараткыбыз келет. Түрк маданиятында, дүйнөлүк маданиятта из калтыра турган, келечек муундун жүрөгүндө кала турган иштерди жасоого аракеттенүүдөбүз.
Ошол эле убакта ТҮРКСОЙдун алкагында бирдиктүү фильм тартууну ойлонуштуруп жатабыз. Азыр эки долбоор бар: азербейжандардын демилгеси менен “Кожо Насирдин” комедиясы тартылат. Жакында тасманын режиссер-коюучулары Кыргызстан, Казакстанга чейин барып локацияны, актерлорду көрүп келишти. Бул жалпыбызга орток тасма болот. Уюмдун мүчөлүгүндөгү өлкөлөрдүн баарында тартылат жана ошол өлкөлөрдүн баарынан актерлор катышат. Кыргызстандан Апшыр-Сайды, Сулайман-Тоону көрүштү, ошол жайлар тасмага түшүп калса сонун да. Казакстандан Чымкент, Жамбул, Түркстанды көрүштү. Негизги каарманыбыз жаратылыш да. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүндө укмуштуудай жерлер бар эмеспи, ошол жерде ак боз үйлөр тигилип той болуп жатса, жанынан Кожо Насирдин эшегин минип алып кетип баратса... сонун эмеспи.
Экинчиси: өзбектердин демилгеси боюнча Амир Темир тууралуу тарыхый фильм. Буга да жалпы түрк дүйнөсүнүн киноматографтары кошулат.
Кыргызстанда да идея-долбоор болсо, жалпы түрк дүйнөсүнүн алкагында колдоого шарт бар. Мисалы, ошол эле айтылып жүргөн Барсбек баатыр тууралуу тасма тартуу. Харизмде 260-300 гектар жерге кинопавильон курулду. Байыркы шаар, эски кыштактар бар. Ар кандай тарыхый тасмаларды тарта берсе болот. Айтор, Кыргызстандан шайланган башкы катчы катары бул жакта туруп, кыргыз маданиятынын потенциалын көтөрүүгө жардам бергим келет. Мына, Бакен Кыдыкееванын чоң энциклопедиясын чыгардык, 100 пайыз каражатын биз каржыладык. Ошондой эле актрисанын атын алып жүргөн театрга бюсту орнотулду, аны да 100 пайыз биз колдодук. “Арт-Ордо”, “Мейкин-Азия” фестивалдарын колдоп жатабыз. Көптөгөн, арасында өмүрү китеби чыкпаган акын-жазуучулардын китептерин чыгардык. Айматовдон тартып жаш акын кыздарга чейин. Тээ Лейлекте жаткан Абдилаат Дооровдун китебин түрк тилинде чыгардык. Себеби түрк тилдүү адабиятка ык салышыбыз керек. Бүгүн түрк тилдүү 87 миллион окурман бар. Аларды кыргыз адабияты менен тааныштыруу кажет. Айматовдун китептерин, Мар Байжиевдин драматургия боюнча 3 томдугун, Төлөгөн Касымбековдун китеби, Төлөгөн Касымбеков, Жолон Мамытов тууралуу китептер чыкты. Азыр Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу китеп чыгарып жатабыз. Молдо Нияз тууралуу китеп чыгардык, абдан жакшы болду. Анан Байдылда Сарногоевдин ырларын чыгаралы деп жатабыз. Совет мезгилинде куугунтукта жүрүп, аябай көп кордук көргөн атбашылык акын Казыбек казалчынын да китебин чыгаруудабыз. Өмүрбек Тиллебаев, Мамат Сабыров, Топчугүл Шайдуллаева, Арслан Койчиевдин да китептери чыккан. Ошолорду түрк дүйнөсүнө таанытуу миссиябыз бар.
Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: "Майдан.kg" гезити