Алтын жерден, баатыр элден чыгат!

 Эгемендик алгандан кийинки тарыхта мамлекеттин атын алып жүргөн титулдук улуттун кадырын көтөрүп, тили менен наркын сактоодо саналуу гана саясатчылар өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтө алды. Алардын сап башында Камчыбек Ташиев турарын буга чейинки жылдар, өзгөчө быйылкы жылы тастыктап койду. Албетте, өткөн тарыхтын урунттуу учурларын эскере кетпесек болбойт.

 

Камчыбек Кыдыршаевичтин өмүрүндөгү чоң бурулуш 2005-жылы эл өкүлү болуп шайлангандан кийин башталып, бүт өлкөгө таанылганын эч ким жокко чыгара албайт. Депутат кезиндеги оош-кыйышта өзүнүкүн бербеген көкжал экенин тастыктап, “Реформа үчүн” кыймылы өз тарапташтарынын басымы менен Конституцияны кабыл алдырган маалда жалгыз өзү каршы турганы өзгөчө сыйга арзыган. Камчыке ошол окуяда эч кимге баш ийбестигин тастыктаган. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясын түзүп, парламенттик жарышта биринчи болуп киргени да эл арасындагы кадырын арттырганын баарыбыз билебиз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан 2010-жылы июнь окуясы тутанып, Камчыбек Ташиевдин чыныгы мекенчилдигин тастыктады. Улутчулдук сапатын ошол оор күндөрдө өзгөчө ачып берди. Өлкөнү өрт каптап турган маалда Камчыкең кара жанын аябастан алдыга суурулуп чыгып, эли-журттун биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кыргыздын башында турганы чоң эрдик болду.

Манас атабыз баштаган байыркы доордогу баатыр бабаларыбыздын баары өлүм менен өмүр кыл чайнашкан жерде кара башын аябай эл-жер үчүн душман менен кармашкан маалда аты чыккан, таанылган. Эр Табылды, Курманбек, Жаныш-Байыш сыңары Камчыбек Ташиев дагы кандуу жаңжалда башын канжыгага байлап, өлүмдөн жалтанбай эл алдына чыкканы – чыныгы баатырдын урпагы экенин тастыктады. Ал күндөр эч качан унутулбайт.

2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоо маалында абакта жаткан Садыр Жапаровду “президент кылам” деп жүгүрүп жүрүп, аны ишке ашырды. Бул аракети менен достуктун бийик үлгүсүн көрсөттү десек жаңылышпайбыз. Ошол күндөн бери УКМКны жетектеп, мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген, 30 жылдан бери эл эңсеген иштерди жасоодо. Криминалды ооздуктоо, коррупция менен күрөшүү, диний экстремисттерди тизгиндөө жаатында калктын купулуна толор кадамдар жасалууда. Үч жылдын ичинде 1 млрд 200 млн доллар казынага төктүрүп, криминалды баш көтөргүс кылып талкалады. 30 жылдык тарыхта мындай ишти эч ким жасай алган эмес. Жасамак турсун, бири да аракет кылып көрбөдү. Демек, эч ким батынбаган ишке киришип, өтөөсүнөн чыга алган Камчыбек Ташиевге ыракмат айтсак жарашат. Ал эми мамлекет үчүн жасалып жаткан жигердүү ишин колдоого милдеттүүбүз!

Биз бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин быйылкы жылдагы иштеринин урунттуу учурларына көз чаптырып, тизмектеп кетелик.

 

ххх

Жыл башынан эле УКМК жигердүү ишин баштады. Ош шаарындагы УКМКнын имаратында тергөөчү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы уу-дуу кеп болуп жаткан, 21-январда Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерин кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, ИИМ жана атайын кызматтын биргелешкен даярдыгы менен ишке ашканын айтып, маселеге чекит койду.

23-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келип байып кетем деген аткаминерлерге эскертүү берип: "Ушул жерде отургандар өзүбүздү тазабыз деп сезебиз, бирок ичиңерде эмне болуп жатканын өзүңөр билесиңер. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдары, министрлер. Урматтуу кесиптештерим, эгер кимдир бирөө иштегиси келбей жатса, эшик ачык. Баргыла да, бизнесиңерди кылып байып, жыргап жата бергиле. Эч маселе болбойт. Бирок мамлекеттик аткаминер бай жашабашы керек. Эсиңерге тутуп койгула! Мамлекеттик кызматкер негизи эле бай боло албайт. Аким, губернатор, министр болуп байыйм деген мурунку психологияны алып ыргытыш керек!" - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы мамлекеттик кызматкерлерге үй керек болсо өкмөткө кайрылып, жеңилдетилген шарттагы ипотека аркылуу алууну сунуштады.

 

ххх

27-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Бул жерде кесе айтып коюшубуз керек, Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракети менен кыргыз-өзбек чек арасы толук чечилди. Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4 миң 485 гектар жер Өзбекстанга берилип, ал эми Кыргызстанга Өзбекстан менен чектешкен 15 миң гектарга жакын жер тилкеси өттү.

 

ххх

14-февралда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу өкүмдү жокко чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин кайрадан кароого жиберди. Үч жарым жылдан кийин абактан бошогон Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди. Ошол күндөн бери Атамбаев чет элде дарыланып жүрөт.

 

ххх

23-февралда Баткендеги чек ара жаңжалында каза тапкан жоокерлерди эскерген "Карегимде мекен чеги" аттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Иш-чарада 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, чек ара кызматкерлери болду. К.Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбай тургандыгын билдирди.

 

ххх

7-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу учурунда мамлекетте мындан ары тартип болорун, бандиттик кылгандардын жанын сууруп аларын билдирди. “Мамлекеттен бир нерсе сурап жатабызбы, демек, өзүбүз да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Эмне үчүн мектеп, оорукана куруп бербейт, жолдорубуз талкаланган, пенсия, айлык көтөрүлбөйт? Мунун башкы себеби мамлекетте тартип жок, баары каалагандай талап-тоноп жүрүшкөн. Эми андай болбойт. Мамлекеттик кызматта иштеген кимдир бирөө казынага кол салса мыйзам чегинде колун чабабыз. Коррупция кыла турган болсо түрмөгө алып барып тыгабыз. Бандиттик кылып, элди коркутуп-үркүтүп, "мен кыйынмын" деп төрт-беш баланы чогултуп жүрө турган болсо, мыйзам чегинде баарынын жанын сууруп, экинчи андай иштер менен алектенбей тургандай кылабыз”, - деген. Белгилеп коюшубуз керек, К.Ташиев криминал менен аеосуз күрөш жүрө тургандыгын ошондо дагы бир ирет эскерткен.

 

ххх

18-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кытайдан аткезчилик менен ташылган товарлар боюнча кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экендигин билдирди.”Башкы прокурордун кайниси сурак берип жатат. Бул ишке Курманкул Токторалиевичтин өзүнүн, ишинин эч кандай тиешеси жок. Эгерде кайниси камалса, мамлекетке зыян келтирсе, чыгымдарды төлөйт, мыйзам чегинде жазасын алат. Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдардын жакындары мыйзам бузса, аёо болбойт”, - деди К.Ташиев. Ал мындай нерселер, чоң кызматтагылардын жакындары, дос-туугандары аралашкан учурлар көп убакта болуп жүргөнүн, бирок ачыкка чыгарылбастыгын дагы айткан. Ошол эле күнү Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун агасынын “Достук” чек ара постунда иштеген бажасы кармалып, ал да жазасын алганын ачыктады. Мындан сырткары, өзүнүн өкүл баласы кармалганын да эске салып, “Эгерде жогорку кызматтагылардын жакындары кармалса, алар да башка жөнөкөй жарандар сыяктуу эле жазага тартылат. Бул боюнча президенттин койгон тапшырмасы бар, анын негизинде эч кимди аябайбыз”,- деген К.Ташиев.

 

ххх

6-апрелде Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Бишкектин тургуну Максим Чернышовго Камчыбек Ташиев паспорт тапшырды. Ага чейин 33 жаштагы тургун соцтармак аркылуу Камчыбек Ташиевге паспорт алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылып, ымыркайында асырап алган ата-энеси каза болуп калганын айткан. Калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок документ алуу аракетинен майнап чыкпаганын билдирген.

 

ххх

24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыштуулук менен кантип күрөшүп жатканын билдирип, учурда күрөш үч этапка бөлүнгөнүн билдирди. “Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, бирок 2,5 жылга созулду. Экинчи этап 1-1,5 жылга созулат деп ойлойм. Өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар”, - деген УКМК төрагасы.

Мамлекеттик кызматты ээлегендерге коррупцияны токтотуу керектиги, мындан ары катуу чара көрүлөрү эскертилди. Ошондой эле “бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырынан мыйзам чегинде жок кылынары” айтылды.

“Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, менде башка жол жок! Же мени коррупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын! Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз менен бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз! Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!”- деген К.Ташиев.

 

ххх

26-майда “Батуми” кафесин буздуруу боюнча вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө Орунтаев жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилген. Атайын техника менен барып кафени буздуруп, ичиндеги буюм-тайымдарды сыртка чыгартып салганда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барып, сүрдүрүү мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга тапшырма берген. Ал аткарылып, кафенин ээсине жер берилип, маселе чечилгени жакында белгилүү болду.

 

ххх

28-майда Баткендин Лейлек районундагы чек арага чектеш Максат айылында 40 метрлик флагшток орнотууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

29-майда Баткен облусунда эки чек ара заставасы ачылып, дагы эки чек ара посту жаңыланып, ага Камчыбек Ташиев өзү барып катышты. Атай айтсак, Лейлек районунда "Ак-Сарай" чек ара заставасынын жана Баткен районунун Максат айылындагы заставанын ачылды, "Жаштык" жана "Чоң-Талаа" чек ара посттору толугу менен жаңыланды.

4-июнда УКМКнын Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышы болду. Ал жерде чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөсү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты. Пансионатты президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ачты.

 

ххх

14-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Эки кабаттуу турак жайдагы 20 батирде жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалды. Балдар ойноочу аянтча, спорт зал, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган.

13-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районундагы "Ак илбирс" ден соолукту чыңдоо жана балдар эс алуучу жайынын ачылыш аземине катышты. Комплексте 120 орундуу жатакана, китепкана, кинотеатр, машыгуу залы, мини-футбол талаасы, спорт аянтчалары, эки бассейн жана ашканасы бар. Эске сала кетсек, ал жер Кадыржан Батыровдон конфискацияланып алынган.

 

ххх

20-июлда Динара Кутманова Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп турганда миллиард сомдук долбоорлорду бала-чака, тууган уруктарына бөлүп берип койгонун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында билдирип, чоң коррупциянын бетин ачты: “Кечээ эле араңарда отурган Кутманова деген эжекебиз бар эле. Анын министрлигине караштуу Жаратылышты коргоо фонду болгон. Ага “Кумтөрдөн” жылына дээрлик 4 миллион доллар которулуп турган. Акыркы 2,5 жылда 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн, 110дон ашуун долбоор иштетилген. Бүгүнкү күндө бир дагы долбоорунун эффектиси болгон жок. Миллиард сом акча жок. Жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, мурунку-кийинки туугандарынын баарын аралаштырып алган. Анын баары иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Эми жазасын алышат”. Көп өтпөй Динара Кутманова кармалды. Кийин качып кеткен баласы Турциядан экстрадициаланды.

 

ххх

20-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районундагы тамтыгы чыккан жол 31-августка чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетерин айткан. Муну жалпы эл колдоп, азыр ушундай талап зарыл экенин социалдык тармактардан айтып чыгышкан. Жол айтылган мөөнөттө бүткөрүлдү.  

 

ххх

31-июлда УКМК коррупция жана башка кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды камактан бошотуу учурлары боюнча социалдык тармактарда эки ача ойлор жаралып жатканын айтып, түшүндүрмө берди. Соттолуучуларга карата кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте, кылмыштардын оордугуна жараша, тергөөчүнүн өтүнүчү менен сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандарын айтып, белгиленген максаттардын ишке ашышына жараша, анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу, айыпкерлердин тергөө менен кызматташуусу жана кылмыштын бетин ачууга, башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшүүчү көрсөтмөлөрдү берүүсү эске алынарын белгиледи.

 

ххх

3-августа Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

 

ххх

10-августта Ташиевдин сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанда дизель арзандады. Кыргызстанда көпчүлүк нефтетрейдерлер дизелдин баасын төмөндөттү. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Антимонополия кызматтарынын башчыларын жана нефтетрейдерлерди топтоп, дизель майынын бир литрин 63-64 сомго чейин арзандатуу зарылдыгын белгилеген эле.

 

ххх

17-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз тилинде роликтерди тарткан блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалай турганын билдирди. "Кыргызстандын көп улуттуу ар бир жараны, кайсы улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүп, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам бериши керек. Бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болот", - деди Ташиев. УКМК төрагасы блогерге белек катары камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.

 

ххх

29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол академиясы ачылып, ага президент Садыр Жапаров, “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта катышты. Жапаров салтанатта сүйлөп жатып, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев футболдун фанаты экенин, бул академиянын ачылышында анын эмгеги чоң экенин айтты.

 

ххх

30-августта Камчыбек Ташиев тапшырган Ноокат жолунун 13 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Министр Тилек Текебаев "Ноокат жолу бүттү, берилген тапшырманы өз убагында аткардык" деп айтты.

 

ххх

1-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу "Төлөйкөн" ипподромундагы көк бөрү боюнча финалдык оюндан кийин чагым уюштургандар жазалана турганын билдирип, элди чагымчылыкка алдырбай, ынтымакта болууга чакырды. Эртеси бир нече киши кечирим сурап, 9 киши кармалды.

 

ххх

2-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында аталган комитеттин райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, түрмөнүн шарты начар деген саясатчыларга жооп берди. "Түрмөдө бизди катуу кармап жатышат, катаал шарттары коюп жатат" дешүүдө. Түрмө аларга мамлекеттен менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө деген - түрмө! Ал мыйзам бузгандарды ордуна алып келип тарбиялаш үчүн курулган. Абактын шарттарына макул эмеспи, анда мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин", - деди К.Ташиев.

 

ххх

12-сентябрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын №2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаты өттү. Иш-чарага УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн кол башчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү, ошондой эле Чек ара кызматынын ардагерлери катышты.

 

ххх

15-сентябрда Баткендин Кулунду жана Төрт-Күл айылдарында кызмат өтөгөн чек арачыларга жаңы турак үйдүн ачкычы тапшырылды. Салтанатка УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана ардагер чек арачылар катышты.

Ошол эле күнү Камчыбек Ташиев 2022-жылы сентябрда болгон трагедиялуу окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сүйлөп, коңшу мамлекет дооматтарынан баш тартпаса, территориялык дооматтарды биз коёрубузду айтты. “Ушуга чейин биз коңшулар менен маселенин баарын тынч жол менен, жакшылык менен чечели деп аракет кылып келгенбиз, дагы деле ушундай аракет кылабыз. Кыргызстандын президенти бардык чек ара маселелерин тынч жол менен, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багыттап отурат, ошол боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Коңшулар бизге ар дайым территориялык доомат коюп келишкен. Биз андай доомат болбошу керек деп жооп берип келгенбиз. Жаңы документтер табылды, ошол документтердин негизинде биздин кыргыз мамлекетинин көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Юридикалык документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет дооматтарынан баш тартпаса, территориялык дооматтарды биз коёбуз. Буга күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет”, - деди К.Ташиев. Ошондон кийин какайып турган тажиктер ийилип, дооматынан баш тартты.

 

ххх

19-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тараптын кол салуусунан жарадар болгон чек арачы Дастан Шариповго Бишкектен үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

 

ххх

21-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ун кескин кымбаттады деп өкмөттү сындаган депутаттарга жооп берип, баалар көтөрүлбөй турганын, арзан баада камдап койгон буудай кийинки жылга чейин жетерин билдирди.

 

ххх

2-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди толук чечүүгө негиз боло турган эки тараптуу макулдашылган протоколго кол коюлду. Бул мамлекеттин тарыхындагы эң урунттуу учур болгонун айта кетишибиз керек. К.Ташиевдин чечкиндүү билдирүүсүнөн кийин дооматтарынан баш тартып, чек араны тактоого киришти. Ошол күндөн тарта чек араны тактоо иши тынымсыз жүрүүдө.

 

ххх

4-октябрда Көлбаевди кармоо боюнча операция жүрүп, күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөндөн жок кылынды. Ушул жерден баштап Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандын ичинде дагы, дүйнөлүк алкактагы дагы кадыры болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Эл чыныгы баатыр, улутун сүйгөн мекенчил экенине ынанды. Ошол күндөн тарта криминалга каршы айыгышкан күрөштүн эң чоң толкуну башталып, бир топ чиновниктер иштен кетти. Криминалдар камалды. Уйгур жана корей диаспорасындагы сүткөр бизнесмендер биринин артынан бири түрмөгө киргизилип, качып кеткендерине издөө жарыяланды.

 

ххх

5-октябрда УКМКнын Токмок шаарындагы атайын кызматтын капиталдык оңдоодон өткөн жаңы имараты ачылышына Камчыбек Ташиев да катышып, коррупцияга каршы күрөш жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти. Баш көтөргөн кылмыштуу топтун башы кыя чабыларын айтты. "Мыйзам бузгандардын баары мыйзам алдында жазаланарын бир нече жолу айтып эскерткем. Ошого карабастан кечээ криминалитет башын көтөрүп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жүргүзүп жаткан атайын операцияларына каршы чыгып, кызматкерлерге ок атып, кол көтөрдү. Натыйжада элди ар кандай маселелер менен "кармап" жүргөн "мыйзамдагы ууру" жок кылынды. Мындан ары да ушундай болот. Кечээки криминалдык авторитеттин жанында жүргөн ар бир кишиге расмий айтып коёюн, эгерде кимдир бирөө кайсы бир маселе боюнча мыйзам буза турган болсо, мыйзам чегинде катуу жазасын алат. Бир криминал баш көтөрө турган болсо башын кыя чабабыз!” - деди Ташиев.

 

ххх

9-октябрда УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу бизнесмен, ишкерлерге кайрылып, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө акча берүүнү токтотууга чакырды. "Бизнесмен, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторан, базар ээлери, базарларда отурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алгандары аныкталып жатат. Буга чейин алардан жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла", - деди К.Ташиев.

 

ххх

19-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартыларын эскертти. "Кээ бирөөлөр уюшкан кылмыштуу топторду жок кылганыбызды ностальгия менен эстеп жатышат. Аларга болушкандай сүйлөп, колдогондор чыгып жатат. Мындан ары кылмышкерлерди колдогондорду да жазалайбыз. Кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып жаткандарды да жазалаш керек. Уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кылабыз", - деди К.Ташиев. Ошондой эле ал мамлекетке каршы иштеген мамлекеттик органдардагы кызматкерлер арасында тазалоо иштерин баштоо керектигин айтып, аларды жөн эле иштен албай, жоопко тартыш керектигин да кошумчалады.

 

ххх

19-октябрда 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго УКМК төрагасы тарабынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырылды.

 

ххх

2-ноябрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы салынган имаратынын ачылышында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мындан ары Көлбаев деген мафия болбой турганын билдирди. “Биздин мамлекетте мындан ары Көлбаевдин мафиясы, Матраимовдун мафиясы жана башкалардын мафиясы болбойт! Мамлекетибиз таза, мыйзамдуу, стабилдүү, тынчтык заманда жашашы керек. Мамлекетибизде жөнөкөй адамдар, өз эмгеги менен кызмат кылган, өз эмгеги менен акча тапкан бизнесмендер, мамлекеттик кызматкерлер жакшы жашашы керек”, - деди Ташиев.

 

ххх

17-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлери үчүн курулган кезектеги имараттын ачылышында жок кылынган Камчы Көлбаев менен Кыргызстандагы түрдүү рангдагы мамлекеттик 225 кызматкердин байланышы бар экендиги белгилүү болгонун билдирди. Ташиевдин билдирүүсүнө ылайык, алардын ичинен мамлекеттик 133 кызматкердин Көлбаевдин тобу менен байланышы болсо, 92 кызматкер Райымбек Матраимовдун тобу менен байланыш түзгөн. “Алардын ичинен 70тен ашыгы кызматтарынан бошотулду. Бажы кызматынын өзүнөн эле 85 кызматкер аныкталды, алардын 50сү иштен алынды. Мамлекеттик органдарды таза эмес иштеген кызматкерлерден тазалоо иштери мындан ары дагы уланат”,- деди Ташиев.

 

ххх

18-ноябрда Панфилов районунда атайын кызматтын имаратынын ачылышында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев криминалдык төбөл Камчы Көлбаевдин 820дан ашык батири болгон, эми алар мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу элге берилерин билдирди. “Бир турак жай комплексинде Көлбаевдин 700 батири, башкасында 60, үчүнчүсүндө 40, ал эми дагы биринде 20-30 батири аныкталган. Мунун баары МИК аркылуу элге берилет”, - деди Ташиев. Мындан сырткары, Көлбаевдин 100 миллиард сомго бааланган мүлкүнүн 20 миллиарддык бөлүгү мамлекетке берилерин билдирди.

 

ххх

21-ноябрда УКМКнын Талас облусундагы кызматкерлери жана Чек ара кызматындагы аскерлер үйлүү болушту. Жаңы батирлердин ачкычтарын кызматкерлерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. Беш кабаттан турган үйдө 35 батир бар. Анын 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы Чек ара кызматынын аскерлерине берилди. Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конуштуу болушу менен куттуктап, бул камкордуктун баары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатканын айтты.

 

ххх

22-ноябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири менен алты автоунаасы мамлекеттин менчигине ыктыярдуу берилгенин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди. Жалгыз Көлбаев 720 батирди ээлеп алыптыр, не деген суктук.

 

ххх

22-ноябрда Талас облусунда УКМКнын кызматкерлери менен чек арачыларга салынган батирлердин ачкычын тапшырып жаткан салтанатта соңку үч жылда мамлекетке 1 млрд. 200 миң доллар кайтарылганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты. "Акыркы үч жылда уурдап, талап-тоноп, коррупциялык жолдор менен чыгарылып кеткен акчаларды мамлекетке кайтарган каражат 1 миллиард 200 миллион доллар болду. Бүгүнкү күндө анын жарымынан ашыгы казынага кайтып кирди, калганы боюнча иштер жүрүп жатат", - деди Ташиев.

 

ххх

27-ноябрда Бишкек шаарында 26-ноябрга караган түнү 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды. Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды.

 

ххх

30-ноябрда Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылышында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды жабууга тапшырма берди. Мындай милдет мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине жүктөлдү.

 

ххх

4-декабрда Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги чоң аэропорт куруларын Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйүнүн ачылышында билдирди. "Жалал-Абадга Көк-Арт өрөөнүнө жакшынакай кылып эл аралык аэропорт салабыз. Кудай буюрса, Москва, Дубай, Стамбулга болобу, ушул жактан уча турган болосуңар. Москвадан Долбоорлоо институтунан келип изилдеп, "Көк-Арт өрөөнүнө аэропорт курса болот" деген корутунду чыгарып беришти. 3-4 айда долбоору жасалып бүтсө, курулушту баштайт", - деди Ташиев.

 

ххх

6-декабрда Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базарлардын кожоюндары ири киреше тапкан өлкөнүн эң бай адамдары экенин айтып, соодагерлердин ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин билдирген. “Базарлардын кожоюндары ири киреше тапкан өлкөнүн эң бай адамдары. Бирок соодагерлер ири сумма төлөгөнүнө карабастан, базарлардын басымдуу бөлүгүндө жөнөкөй эле шарттар түзүлгөн эмес. Чакан ишкерлер ККМ менен акысыз камсыздалышы керек. Элди ар кандай чагымчылыкка алдырбоого үндөйм. Ал эми чагымчылдарды социалдык-экономикалык маселелерди саясий өңүткө бурбоого чакырам", - деди. Эртесинен баштап 60-50-30 пайыздан арзандатуулар башталды. Күн сайын ар кайсы областын базар ээлери чыгып, ижара акысын арзандатканын айтып жатышат.

 

ххх

12-декабрда Өкмөттөр аралык комиссия кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызын макулдашканын кыргыз делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов 90 пайызын тактап бүткөнүн тастыктады.

 

ххх

18-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун экөөнүн достугу боюнча айтканына комментарий жазып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Президент мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланганын айтып, бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу экенин билдирди.

 

Соңку сөз ордуна

Албетте, биз бул жерде гезиттин бети чакталуу болгондугуна байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир жылдын ичинде жасаган иштеринин урунттуу учурларын гана белгиледик. Алардын ар бирине кирип үңүлүп, майда-чүйдөсүнөн бери айтсак кагаз бети түт келбейт. Маселен, күн сайын жемкорлорду, криминалдык жана экстремисттик топторду кармап жатат. Акыркы күндөрү салык кызматындагы алкымы бузук кызматкерлерди бир чекеден темир торго киргизүүдө. Башты канжыгага байлаган бул иштер мамлекет үчүн, кыргыз эли үчүн жасалууда. Муну ар бирибиз акыл менен аңдап, таразага салышыбыз керек. Буга чейин бир дагы чиновник, саясатчы, мамлекеттик ишмер мынчалык эрдикти жасаган эмес. Биз эмгекти баалай билишибиз керек.

 

Зулпукаар Сапанов, Булак: "Майдан.kg" гезити