Тыйындын иши кыйын

Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу керектиги мамлекет тарабынан үч жылдан бери тынбай айтылып, бардык тармакта маалыматтар таратылып келди. Бүгүн эле эмес, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрь айынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизип, түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүздү. Анын алкагында ишкерлерге кассалык аппараттар бекер берилип, быйылкы жылга чейин акысыз тейлеп келишти. 

Ошого катар, эки жыл мурун Президент Садыр Жапаров соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошоткон жарлыкка кол коюп, көзөмөл-кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууну, киреше салыгын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүүнү талап кылган. Анда ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөрү, калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъектилер колдонушу керектиги так көрсөтүлүп, белгиленип берилген.

Андан бери дээрлик үч жыл убакыт өттү. Бирок, миллиондогон каражаттарды жеке өзү кымырып келген ири чайкоочулар көзөмөл-кассалык машиналарды орнотууга каршы болуп, тоң моюндук кылып келишти. Келерки жылдан баштап патент берүү токторун уккандан кийин базарда отургандарды тукуруп, Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында митинг уюштурганга чейин барышты. Бул жерде биринчиден, мамлекеттеги 30 жылдан берки башаламандыктан ушул ири чайкоочулар дагы өзгөчө пайдаланып, соода-сатыктан тапкан кирешесин жалаң өздөрү капчыгына басып көнгөнү ачыкка чыкты. Мыйзамдуу негизде салык төккүсү келбей, мамлекетти шантаж кылганга чейин барганы өтө одоно жорук болду. 

Чайкоочулардын мындай кадамдары мамлекетке жасалган чыккынчылык эмеспи? Өзүңдүн өлкөң түзүп берген шартта миллиондогон киреше таап, анан аны жашырып калуу – бул жемкорлук кылганга тете иш. Тапкан кирешеңдин көрсөтүп кой деген талапты аткарбай, митингдерди өткөрүү мамлекетти, элди сыйлабагандыкка жатып калбайбы? Же бийликке таарынган саясатчы, мите курттай болгон криминал, бюджетти какшыткан жемкорлор сыяктуу эле чайкоочулар дагы бийликти коркутуп көнүп алганбы? Кечээ да ошондой кадамды жасады.

Жазасын алып жаткан жемкорлордун, криминалдын чырагына май тамызган катар-катар акцияларды жасап, тополоң чыгып кетишине карабай коопсуз кадамдарга барышты. Үч жылдан бери эмне үчүн 10-15 адамдан турган топторду түзүп келип, ККМдин артыкчылыгы менен кемчилигин талкуулап, көйгөйдү чечип алышпады деген суроо туулат. Ал эми товардын баасы өсүп, элге кыйынчылык жаралат деген аргумент эч бир суу кечпестиги ачыкка чыгууда. Турмуш чындыгында тескерисинче, ККМ колдонгондо товардын бажыдан кирген баасы аныкталып, ага кийин канча кошулуп сатылганы ачык көрүнөт экен. Демек, сүткорлор негизсиз кымбатта албай калат. 

Маселенин түйүнү ушул жерде жатат. Биринчиси, товар негизсиз кымбаттабайт. Экинчиси, көмүскө экономика ачыкка чыгат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ИДПнын 21 пайызы көмүскөдө жатат. Ал эми көз карандысыз эксперттер 40-50 пайызга жетерин белгилешүүдө, бул чындыкка жакындайт. Маселен, Кытайдан өткөн товарлардын көлөмү 14 миллиард долларды түзөт. Ал эми биздин өлкөнүн статистикалык маалыматтарында 4 миллиард долларды көрсөтүп жатат. Ортодо 10 млрд доллар жок. Муну ошол сүткорлор менен кызыл кулактар кымырып, көмүскө экономиканын негизинде жеп кетип жатат.

ККМ колдонулганда ушинтип салык жашыруунун жыйынтыгында уурдалып жаткан 100 миллиондогон эмес, 10 миллиарддаган каражаттар өлкөнүн капчыгына түшөт. Мамлекетке салык түшсө пенсия, айлык, социалдык төлөмдөр көбөйөт. Мектеп, бала бакча ж.б. социалдык объектилер курулуп, жолдор салынат. Аскердик техникалар, тик учактар алынат, чек арабыз корголот. Айтор, азыркы ККМ реформасы бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат, муну ар бирибиз түшүнүүгө милдеттүүбүз. Өлкөбүздүн өнүгүшү бизге керек. Жемкорлорго, сүткорлорго, криминалга мамлекеттин каражатын тонотуп коюп оозубузду ачып отура берсек, жакшы жашоо өзү келбейт. Салык жашыргандар мекендин чыккынчысы деп ачык айтып, сүткорлордун шантаж кылганга, мамлекетти чөгөлөткөнгө аракет кылган кадамдарына каршы турушубуз керек. 

Мына кечээки чайкоочулар тукурган акцияларды койнунда котур ташы бар топтор пайдаланып, башаламандык уюштурууга белсенгени ачык байкалды. Мамлекет башчысы муну туюп, өлкөнүн тынчтыгы үчүн өзү барганы эң туура болду. Бирок, ээн ооз, ээн баш болуп бүткөн экенбиз, алдына келип көйгөйүн сураган Президентке менен маданияттуу диалог кылбай кыйкырып, өкүрүп жатышты. Бул өтө жаман көрүнүш экенин моюнга алып, акылга келелик туугандар. Же биз эми сүткорлордун байышы үчүн дагы бир бийликти кубалап, мамлекетти тилемчи абалга кириптер кылалыбы? Акыр түбү мындай ит пейлди токтотушубуз керек да. Башкасы бүтүп, эми талпагы ташка жайылган биздин тагдырыбызды ушул сүткорлор менен чайкоочулар чечсинби? 
Мамлекет башчысы “Дордой” базарына барганда бир топ нерсеге токтолуп, сөз арасында ККМге каршы нааразылык акцияларын уюштурууга кызыкдар болгон топтор бар экенин билдирген. Кечээ “Кабар” агенттигине берген маегинде: “Алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки “чоң акырдан жем жеп” жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, “сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла” деп сүйлөшкөндөрү бар. Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп каларсыңар” деди Президент. Демек, жакында дагы бир тобунун бети ачылат.

Ага катар контейнерден ижара акысы деп 3000 доллардан 13000 долларга чейин алып, андан болгону бир доллар салык төлөгөндөр аныкталганы белгилүү болду. Ондон ашык контейнерлүү мурдакы чиновниктер менен сот, прокурор, УКМК кызматкерлери бар экени ачыктылды. Базар ээлери ар бир контейнер үчүн жер акысы деп 2000 сомдон 10 миң сомго чейин алып, бир тыйын салык төлөбөгөнү да билинди. Базарда 20 миңге жакын контейнер бар, аны 10 миңге көбөйтсөңүз не деген акча? Эми ошол байларга ККМ менен мыйзамдуу салык төлөтүп, ал эми колу жукаларды салыктан бошотуп, жок дегенде орто байларга теңелип алсын дегендин эмнеси жаман? 30 жыл кутурду, эми мамлекетти ойлошсун да булар дагы.

Сөздүн ток этээрине келсек, бул жерде соодагерлердин артында шыкактаган “оптовиктер”, базар жана контейнер ээлери турганы ачык билинди. Эми булар жазасыз калбашы керек. Чириген байлар салык төлөгөндөн качып, мамлекетти чаң-тополоң кылууга белсенгени тыкыр териштирүүлүгө тийиш. Президент дагы “Контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570тери барлар бар” деп айтып, “Кумтөр” сындуу тышкы башкаруу киргизүү идеясын көтөрдү. Ошол жолго барып булардын тизгинин тартпаса, оңолор түрү көрүнбөйт. Салык төкпөгөн сүткорлорду 1-июлга чейин күтүп отурбай, бүгүндөн баштап чара колдонуу зарыл.

 

Булак: "Эркин-Тоо" гезити