Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4%га чейин түшүп кеткен.
Кудай кут кылсын, мамлекетибиздин ички дүң продукциясынын көлөмү ноябрь айынын аягында 1 триллионго жетерин Улуттук статистикалык комитет маалымдап, быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДП көлөмү 919,1 млрд сомду түзгөнүн айтты. Буга чейин өлкөнүн ИДПсы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу триллионго жетип жатканын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров да билдирген.
"1-декабда өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион сомго жетет деп күтүп жатабыз. Быйылкы мамлекеттик бюджет профицит менен чыгып жатат. Биз экономикада дисбалансты - киреше менен чыгашаны оңдой баштадык. Эгер туура эмес макроэкономикалык саясат жүргүзө турган болсок, инфляция өсүп, баалардын баары кымбаттап, айлык акыларды көтөргөнүбүз бекерге чыгып калмак", - деди Төрага.
Статкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4%га чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыккан. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу бир топ жогору болот деген божомол бар.
Булак: "Эркин Тоо" гезити