М.Маматалиев: Бул да жакшы көрүнүш.

 -Марлен мырза, “Европа кеңеши - Борбор Азия" саммитинде Кыргызстан үчүн пайдалуу келишимдер болдубу?

- Албетте, саммиттин өзү Кыргызстанда өтүшү жана Президенттердин келиши саясий жактан контексти бар. Саммитте кабыл алынган жалпы чечимдер келечек үчүн маанилүү жана натыйжа берүүчү болду деп белгилесек болот. Буюрса, бул саммиттин үзүрүн көрөбүз.

- Президент эл аралык аренада аброй топтоп, элдер эсептеше баштаганы үчүн активдүүлүгү артып жатабы?

- Эл аралык аренада ажобуз абдан чоң аброй топтоду. Ошон үчүн Садыр Нургожоевич менен башка президенттер эсептеше баштады деп айтат элем. Мурун барган жагыбыздан акча эле сурап жүрө берет элек. Азыр экономикабыз башка мамлекеттер менен теңдеше албаса да, орустар айтмакча “достойно” ишибиз жүрүп, мамлекетибиздин кадыры жогорулап, экономикабыз көтөрүлө баштады. Бул да жакшы көрүнүш.

- УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталганын, эми эч кимге аёо болбосун айтты. Анын билдирүүсү коррупционерлерди санааркаттыбы?

- Таза адамдар туура кабыл алса, шектүүлөр же өзүнүн былыгы барын билгендер үчүн ойго сала турган билдирүү болду. Ал эми максаты, ниети жана натыйжасы - мамлекет жана анын келечегине жасалган жакшы кадам десек болот.

Булак: “Майдан.kg” гезити