Ош окуясына 13 жыл

Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки эң чоң трагедиясы - 2010-жылдын июнундагы кандуу окуяларга 13 жыл болду. Трагедия документтерде 2010-жылдын 10-июнунда түндө Ош шаарындагы Алай мейманканасынын жанындагы окуялардан келип чыккан дешет, бирок чындыгында ал 2010-жылы 6-апрелде Таластагы окуялардан башталып, эртеси күнү “Ала-Тоо” аянтында мыйзамдуу бийликти куралдын күчү менен басып алуу менен биринчи этабы аяктаса, экинчи этабы Маевкадагы, Жалал-Абаддагы окуялар менен улантылган.

Майдын ортосунда  Жалал-Абадда сепаратисттердин колдорунан 2 адам өлтүрүлүп, Бакиевди жактагандардан облустагы бир катар административдик имараттар бошотулган. Ага шерденген сепаратисттер Өзбек автономиясын түзүү боюнча тынбай митингдерди, жүрүштөрдү өткөрүп, “Убактылуу Өкмөт” деп аталган баскынчылардан:

- Кыргызстандын түштүгүндө өзбек автономиясын түзүүнү;

- Өзбек тилине мамлекеттик макам берүүнү;

- Күч органдарындагы кызматкерлердин 30 пайызын өзбек улутундагылардан коюуну;

- Аткаруу бийлигине, мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жетекчи кызматтарга өзбек улутундагылардан коюуну талап кыла башташкан.

Эң кейиштүүсү, ал талаптарды ошол убактагы “временшиктердин” Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев сыяктуу жетекчилери колдошуп, өзбектер Убактылуу Өкмөттүн  бийлигин сактап калууга жардам беришсе, алардын талаптарын орундатышары жөнүндө убада беришкенин кийин сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыров бир нече ирет маалымдаган.

Июндагы коогалаңдарда Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык көз карандысыз комиссиянын жыйынтыктары боюнча, 470 адам өлүп, 2 миңге жакын адам жарадар болуп, 3671 имарат жана турак жай кыйратылып, өрттөлгөн. Алардын 1867си жарандардын менчик үйлөрү болгон. Кагылышуулардын түздөн түз материалдык чыгымдары 5 миллиард сомго жакынды түзсө, аларды калыбына келтирүүгө, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгөө 11 миллиард сомго жакын каражат жумшалган. Ондогон адамдар дарексиз жоголгон, 40 миңге жакын адам чет өлкөлөргө качышкан. 85 миңге жакын жумушчу орундар жок болгон. Ал эми саясый, кыйыр  социалдык, демографиялык жана гуманитардык зыяндарын акча менен өлчөөгө болбойт. Алардын баары Убактылуу Өкмөт деп аталган хунтанын Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Темир Сариев сыяктуу жетекчилеринин түздөн түз күнөөлөрүнөн келип чыккан. Анткени, алар өздөрүнүн мыйзамсыз кылмыштуу бийликтерин сактап калуу үчүн өзбектерди, сепаратисттерди кыргыздарга кайраштырышкан.

Сепаратисттердин Кадыржан Батыров, Жалалиддин Салахитдинов, Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдурасулов сыяктуу лидерлери автономияны талап кылып, Убактылуу Өкмөттү коркутуп май-июнь айларында Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында 25  митинг өткөрүшкөн. Ал митингдер өзбек олигархтары көзөмөлдөгөн теле-радиолордо күнү-түнү кайталанып, тынбай көрсөтүлүп турган. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн жетекчилери аларга каршы укуктук чараларды көргөндүн ордуна Кадыржан Батыровду жашыруун кабыл алып, ага дагы жаңы убадаларды берип турушкан. Өзүн Ош менен Жалал-Абаддын ээси катары сезип калган Кадыржан Батыровдун деструктивдүү аракеттери эң оор кандуу кагылышууларга тушуктурду. Июнь окуялары башталгандан эки күндөн кийин аны алдап, убадаларды берип Кыргызстандан чыгарып жиберишсе, кармалган Жалалиддин Салахитдиновду Алмаз Атамбаевдин буйругу менен бир күн өтпөй кайра коё беришкен.

Июнь окуяларын иликтеп, тастыктап укуктук баа берүү үчүн эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдар, айрым саясатчылар түзгөн 10 комиссия иштеп, алардын дээрлик баардыгы трагедия Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн күнөөлөрүнөн келип чыккандыгын далилдешкен. Ал үчүн эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюненге нон-грат жарыялап, Кыргызстанга киргизбей коюшкан. Ал эми калган комиссиялардын жыйынтыктарына ошол убактагы бийликтегилер көңүл да бурушкан эмес. Күн карама соттор адаттарынча аларга жага турган гана чечимдерди чыгарышкан. Өкмөттүк “кара жашиктер”, радио, гезиттер банктарды, дүкөндөрдү тоногондорду баатырларга теңешип, 7-апрелдеги окуяны 1945-жылдын 9-майындагы жеңиштей апыртып мактап туруп алышкан. Бир мисал. 2010-жылы 9-майда Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы белгиленген, Өкмөттүк ЖМКлар ага 5-6 материал эле арнашса, УТРКдан 7-апрелге арналып  2010-жылы “Баатырлар баяны” деген рубриканын алдында 100гө жакын 30 мүнөттөн бир саатка чейинки материалдарды берилген. Ал баатырлары кимдер? Мас абалында Өкмөт үйүнө куралчан кол салып, күзөттө тургандарды өлтүрүп, андагы жана банктардагы, дүкөндөрдөгү ж.б. обьектилердеги баалуу нерселердин баарын тоноп, издерин жашыруу үчүн калгандарын өрттөп кетишкендер. Алардын бир тобун Ата-Бейитке апарып, салтанаттуу көмгөндөрү Ата-Бейитте жаткандарга гана эмес, элибиздин тарыхын, рухий, моралдык баалуулуктарын мазактап, какырып-түкүрүүгө барабар иш болгон. Кыргыздарды убагында бир нече ирет чаап, жүз жылдай басмырлаган калмактар да андай мазакташкан эмес. Андагы окуялар дүйнөдөгү эл аралык уюмдар,  атүгүл ЖККУ тарабынан да бийликти күч менен басып алуу катары гана кабылданган. Бирок, мына ошол трагедияга ушул убакка чейин укуктук, саясый адилеттүү калыс баа берилбей келе жаткандыгы өкүндүрөт.

2010-жылга чейин бийликте “временшиктер” болушту, 2017-жылдын ноябрынан 2020-жылдын октябрына чейин Кыргызстанды башкарган Сооронбай Жээнбеков да алардын командасынан эле. Ал 2010-жылы апрелден 2016-жылга чейин Ош облусунун губернатору болуп турган. Демек, Түштүктөгү окуяларда белгилүү деңгээлде анын да күнөөсү бар. Бирок, тилекке каршы, азыркы бийликтин да аны калыс карап, обьективдүү баа бергенге саясый эрки жетишпей жатат. К.Дүйшөбаев, Б.Асанов, И.Исаков үчөөсүнө карата кылмыш ишин козгошту, бирок алар деле толук аягына чыгарыла элек. Ал эми временшиктердин башында турган Роза Исакова БУУдан Ооганстанга өкүл болуп тайраңдап жүрсө, Алмаз Атамбаев Испаниядагы вилласында эс алууда. Ал вилланы кайдан тапкан акчасына сатып алды экен? Ал эми калгандары чоңойтулду. Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалса, временшиктердин убагында банктардагы ячейкалардагы акчаларга, баалуу буюмдарга басмачылык кылгандарды жетектеген  Темир Сариев өнөр жайчыларды жетектөөдө. Эки элдин канын агызгандарга себепчи болгондорду антип актап, көтөрмөлөө бери болгондо эле түшүнүксүз, элди сыйлабагандык.

Апрелдеги, июндагы окуяларда временшиктердин кимисинин кандай күнөөлөрү барын укук коргоо органдары териштирип, чекит коюшу керек дейли. Бирок, ага чейин алар мамлекеттик кызматтардан четтетилиши керек эле. Алардын айрымдарынын түздөн түз кылмыштык күнөөлөрү болбогон менен саясый, моралдык күнөөлөрү бар экенин алар өздөрү да тана алышпайт. Убактылуу өкмөт дегенге жулкунуп кирип, элдин, мамлекеттин жоопкерчилигин моюндарына алгандар өз иштеринин кандуу кесепеттери үчүн   милдеттүү түрдө жооп берүүлөрү керек.

Бул жагынан азыркы бийликтин  аябагандай либералдуу болуп жатканы өкүндүрөт.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: "Майдан.kg" гезити