Эсеп-чот

Туризм боюнча департаменттин директорунун орун басары Кыял  Кенжематованын маалыматы боюнча ушул жылдын 1-кварталында Кыргызстанга 1 миллион 832,9 миң турист келиптир. Ага Өзбекстандан, Казакстандан эртең менен базарларга соода кылуу үчүн келишип, кечинде кайтып кетип жатышкандар кирбейт.

Өткөн жылы Кыргызстанга баардыгы болуп 7,5 миллион же өлкөбүздүн калкынан да ашык турист келген экен. Бул аябагандай жакшы көрсөткүч. Бирок, алардан казынага түшкөн каражаттар да туристтердин сандарына жараша пропорционалдуу түрдө көбөйүүдөбү? Тилекке каршы, аны ырастай албайбыз. Мындан он-он беш жыл мурдагыга салыштырганда туристтердин сандары эселеп өскөн менен туризм тармагынан түшкөн бюджеттик чегерүүлөр андай өспөй жаткандыгы чындык. Анткени, кафе-ресторандык  тейлөөлөрдө, мейманкалардын жана пансионатттардын  ж.б. иштеринде көмүскө экономиканын элементтери көп, көбүндө  кош бухгалтерия жүргүзүлөт.

Эгерде туристтердин негизги агымы июнь-август айларында болорун эске алганда быйыл туристтердин жалпы саны 10 миллиондон оңой эле ашып, 15 миллионго жетүүсү да мүмкүн. Мамлекеттик тийиштүү органдар алардын сандарына эле курсант болуп отура беришпестен туристтерден түшкөн кирешелердин милдеттүү салыктарын, төлөмдөрүн өндүрүүнү колго алуулары зарыл. Кыргызстанга келген ар турист орто эсеп менен 500 доллар калтырса, алардын жалпы суммасы, алардан милдеттүү салыктарга, төлөмдөргө чегериле тургандары канча болот?

Мына ушулар жөнүндө ойлонуп-толгонуу, анан козголуу керек.

 

Автандил Белеков, Булак: "Майдан.kg" гезити