Бишкек, "Саясат.kg". Азоого чалма...
Өткөн жумада Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү сунушун киргизип, депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага бир нече айып тагылып, тагыраагы, кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” беренелери боюнча иш козголгону маалым болгон.
Депутаттык комиссияга Карим Ханджеза (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттар тобу) кирген.
Ушул жуманын башында депутаттык комиссия жетекчисин шайлап, ишин баштады. Бул сапар Мадумаровду коргоп калуу кыйынга турары болжолдонууда.
Биринчиден, прокуратура кылмышка так далилдерди алып келгени кеңири айтылып жатат.
Экинчиден, эл өкүлдөрү буга чейин Мадумаровго жан тартып, адамгерчиликке салып, көз көрүнөө калкалап калышкан болчу. Бирок, чорт кыял, өзүнөн башканы адам катары көрбөгөн текебер Адахан ал жакшылыкты эртеси эле унутуп, депутаттардын баарын какшып-каарып, кадырын түшүрүп алды. Бул анын башына сокку болуп тийиши толук ыктымал.
Ал арада, тизгин талашуудагы кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан корккон Мадумаров азыр чый-пыйы чыгып, кызмат үчүн кылтыңдап жатканы айтылууда. Буга эч кандай жансоога берилбеши кажет. Баткендин Төрт-Көчөсүндөгү кылмышын айтпаган күндө да, Кемпир-Абад окуясы боюнча шектелгендер менен бирге өз жазасын тартышы кажет. Анткени, былтыр бийликти басып алабыз деп камалган 30га жакын саясатчы, активисттин арасында Мадумаров менен Исхак Масалиев болгон, бирок аларга эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Эт комбинатка койлорду эрчитип кирип, өзү аркы эшиктен чыгып кеткен серкедей болбой, жоопкерчиликти чогуу тартсын!
Кылычбек Кудайбергенов, Булак: "Майдан.kg" гезити