Өмүр бою бюджетте жашап-иштесең, мынча акча кайдан?!

Өткөн жумада Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев жубайы менен өлкөгө кайтып келип, коомдук-саясий турмушка кайрадан аралашууга аракетин жасады. Бир катар маалымат каражаттары окумуштуу Акаевдин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (көнүмүш аты – “Политех”) жана КР Улуттук илимдер академиясында дарс окуй турганын, ага студенттерден тышкары коомчулукка аты чыккан коомдук ишмерлер, саясатчылар катыша турганын жар салышкан болчу.

Бирок, бул кабар соцтармактарда өтө терс реакция жаратты. “Өзү келечегин уурдап алган балдарга лекция окууга Акаевдин моралдык укугу барбы?”- деген маселе кабыргасынан коюлду. “Бул макулук, жексур Акаев Москванын эң кымбат районунда ак сарайда, эң кымбат перс килемдерин тепсеп, Улуттук көркөм сүрөт музейинде тура турган эң кымбат картиналарды үйүнө илип алып, бриллиант тагынып, Европадан эс алып, эң кымбат ресторандардан ак, кызыл француз виносун ичип, эң кымбат кызыл балык жеп жыргап жашап аткан учурда солкулдаган улан-кыздарыбыз орустун ажатканасын жууп, курулушта иштеп, ит жашабаган шартта жашап, күлгүндөй өмүрүн күл кылып, ден соолугунан ажырап өткөрүп жатышат. Өмүр бою бюджетте жашап-иштесең, мынча акча кайдан!? Филип Киркоровго миллион долларга саткан үйдүн акчасы – ар бир кыргыздын көз жашы! Бул кыргыз элинин эсебинен жашап, жыргап, “Кумтөрдү” тонотуп, мамлекеттин белин сындырып, кызмат сатып, коррупцияны биротоло орнотуп, миллиондогон кыргызды тентитип, элди белчеден карызга батырып кеткен! Бийлигимди сактайм деп Аксыда 6 адамды аткан! Айланайын элим, өзүбүздү сыйлайлы! Бетиңерге балч этирип түкүрүп аткан адамга кол чаппагылачы! Байлыгын сактайм деп баарыңарды сатып, качып кеткен качкындын буту кыргыз жерин баспаш керек эле! кыйкатсыздыктын булагы ак менен кара, жамандык менен жакшылык аралашып калганында! Анын өмүрүнөн Ош базарындагы картошка саткан аялдын өмүрү өйдө турат! Учурунда Акаевден кызмат алгандар, биргелешип жепичип байыгандар эле колдоп атат, ары жок болуп, намысы жок болуп тебелене көрбөгүлө!”- деп жазды маселен профессор Венера Акматова.

Политехтин студенттери дагы буга караманча каршы чыгышты. “Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын мен шылдыңдоо катары эсептейм!”- деди алардын бири Элхан Алыбаев. Жалпы студенттер кайрылуу жасап, Акаевдин лекциясын өткөзбөө талабын коюшту.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов КР Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин коомчулукта өтө терс реакция жараткан Акаевдин лекциясы боюнча жоопкерчиликти ректорлорго жүктөй салып, өзүн суудан кургак алып чыгуу аракетин сынга алды. “Ушу кантип болсун? Кай жерде кандай лекция окуларын билбеген министрдин бизге эмне кереги бар? Балдардын келечегин ушу кишиге тапшырып берген соң, жоопкерчилик деген да болушу керекпи? Эгерде сиздин балаңыз “бизге Кыргызстанды талап-тоногон, элин аткан адам лекция окуду” десе кандай абалда каласыз? Каныбек Иманалиев да саясатчы болгон. Акаев Кыргызстанды сазга тыкканын сайрап чыккан, өзү анын көздөй кадры болгонуна карабастан! Акаев эмне лекция окуйт? Кыргызстанды кантип тонош керектигин үйрөтөбү?”- деди А.Маткеримов.

Ушундай чоң ызы-чуудан кийин гана Политех эки саптан турган пресс-релиз чыгарып, Акаевдин лекция окууру тууралуу маалымат чыгарышпаганын жазды. Бул жөн гана көз боёмочулук. Чынында А.Акаевдин кайтуусуна шаң кошуу максатында лекция окуу планы өтө дыкат түзүлгөн, анын баары тийиштүү адамдар менен алдын ала макулдашылган. Бирок алар элди эсепке алышкан эмес (Акаев качан эле элди ойлоп жүрдү эле?). Коомчулуктун бул маалыматты теңирден тескери кабыл алгандыгынан кийин гана эстерине келишип, акыркы сааттарда токтотууга аргасыз болушту.

А натыйжасында элдин каргышнаалат сөздөрүнүн баары С.Жапаров башында турган бийликке тийди. Жок жерден эле бийлик жаманатты болду. Жашырганда эмне, балакеттин баарын Политехтин ректору Мирлан Чыныбаев баштаганын кулагыбыз чалды. Мурдагы паракор министр Алмазбек Бейшеналиев менен өтө ысык мамиледе болуп, университетти жеке өзүнүн акча жасагыч дүкөнүнө айлантып алып, анысы билинип, тагдыры кыл учунда турган Мирлан Чыныбаев кантип Каныбек Иманалиевге жагалданышты билбей, акыры өзү чуркап барып, Акаевди алып келип, дарс окутуу идеясын киргизгени жалганбы? Кайсы министр келбесин пахтаны катта коюп көнүп калган ректордун кытмыр оюнда эптеп эле ордун сактап калуу амалы турганын жогорку жактагы жетекчилер кайдан билсин? Амалекиси, өтө шерменде ишке барды...

Учурда ректор Мирлан Чыныбаев чет өлкөгө качууга даярдык көрүп жатат. Себеби, анын “подставасын” бийлик кечирбестигин билет. Дароо буйрук чыкпагандыгынын себеби, анын кылмыш иши иликтенип, айыбын угузуу гана калды. Кандай болгон күндө да, аны качырбастан кармап калуу бүгүнкү күндүн талабы! А студенттер мындай ректордон жийиркенип, окуу жылынын аяктап калганына шүгүр кылып, жаңы жакшы ректор келишин күтүп жатышат.

Булак: “Майдан.kg” гезити