Конституцияны кабыл алынышы, андагы принциптердин сакталышы, максаттардын ишке ашышы жалпы адамзаты үчүн маанилүү болушу керек.
Элдин ишенимин бекемдөө, үмүтүн актоо жана жоопкерчилик учурдун көкөй кескен маселесине айланды. Конституциябыз канча жолу алмашпасын, элдин мүдөөсү ишке ашпай, мамлекетибиз туруктуу өнүгүү жолуна түшө албай келет. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Конституциясына илимий-укуктук талдоо жүргүзүү менен айрым жоболорго өзгөртүү киргизүү жана толук демократия же толук авторитаризм жолуна түшүү керек деген ача пикирлер жаралып келет.
Конституцияны кабыл алынышы, андагы принциптердин сакталышы, максаттардын ишке ашышы жалпы адамзаты үчүн маанилүү болушу керек.
Конституция – коомдун жана мамлекеттин негизги максаттарын жана принциптерин, экономиканы, социалдык жана руханий турмушту уюштуруунун негиздерин, мамлекеттик механизмдин иштешин белгилеген жана адамдар менен жарандардын укуктук абалынын негиздерин жөнгө сала турган башкы мыйзам.
Алгачкы «Конституция» түшүнүгү буржуазиялык революциялардын жүрүшүндө пайда болгон жана калыптанган. Термин өзү феодализм доорунда колдонулган, бирок мааниси такыр башка болгон. Биринчи буржуазиялык конституциялар деп 1787-жылдагы америкалыктардын жана 1791-жылдагы француздардардын конституциясы аталат.
Конституциялар кодификацияланган жана кодификацияланбаган болуп экиге бөлүнөт. Кодификацияланган конституциялар укуктук системада мазмуну жана формасы боюнча үстөмдүк кылган бирдиктүү укуктук документ болуп саналат. Кодификацияланбаган конституциялар – өз ара байланышкан жана өлкөнүн негизги мыйзамы катары кызмат кылган жеке конституциялык мыйзамдардын жана үрп-адаттардын жыйындысы. Кодификацияланган конституцияларды жазылган, ал эми кодификацияланбаган конституцияларды жазылбаган деп айтуу адатка айланган.
Дүйнө жүзүндө бирдиктүү конституциясы жок мамлекеттер да бар. Алардын катарын Улуу Британия, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция, Сан-Марино, Израиль жана Ливия өлкөсү толуктайт. Аталган мамлекеттер кодификацияланбаган конституцияга баш ийишет.
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган өлкөлөрдү кошкондо, дүйнө жүзүндөгү 198 мамлекеттин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын конституциясы кодификацияланган.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой, 1991-жылы Советтик Социалисттик Республикалардын Союзунун кулашы менен дүйнөнүн саясий картасында глобалдык өзгөрүүлөр орун алган, б.а. мурдагы советтик республикалар эгемендүүлүккө ээ болушкан. Ошентип, 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган.
2023-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына туура 30 жыл толот. Бул аралыкта өлкөнүн негизги мыйзамына жалпысынан он жолу (22.10.1994-ж., 10.02.1996-ж., 17.10.1998-ж., 24.12.2001-ж., 18.02.2003-ж., 2006-ж., 23.10.2007-ж., 27.06.2010-ж., 11.12.2016-ж., 05.05.2021-ж.) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын ичинен эки жолкусу кайрадан жазылган. Андыктан Кыргыз Республикасынын Конституциясын 1993-жылкы, 2010-жылкы жана 2021-жылкы деп 3 бөлүккө бөлүп карасак туура болот.
1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын эң биринчи Конституциясы эгемендүү, светтик, демократиялык, социалдык, укуктук мамлекет катары өзүнүн укуктук базасына ээ болгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы эң маанилүү этап болуп саналат. Негизги ченемдер жана эрежелер дал ушул алгачкы Конституцияга киргизилген.
А.А.Акаевдин башкаруусунда 1993-жылкы Конституцияга беш жолу (22.10.1994-ж., 10.02.1996-ж., 17.10.1998-ж., 24.12.2001-ж., 18.02.2003-ж.) референдумдун негизинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
1994-жылда киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында Жогорку Кеңеш бир палаталуудан эки палаталуу болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик масштабдагы маселелер референдум аркылуу кабыл алына турары аныкталган.
1996-жылдагы өзгөртүүлөрдүн негизинде өкмөт президенттин көзөмөлүнө өткөн. Парламент өкмөттү толугу менен отставкага кетирүүгө укуксуз, бирок премьер-министрге ишеним көрсөтпөө чечимин чыгара алган. Премьер-министр отставкага кетсе, өкмөт мүчөлөрү да отставкага кетүүсү шарт болгон. Президент министрлерди жана жергиликтүү администрациялардын башчыларын дайындоо укугун алган Президенттин ыйгарым укуктары кыйла күчөтүлүп, парламент президентти бийликтен четтетүү маселесин карай алганы менен анын чечимдерине иш жүзүндө таасир эте алган эмес. Президент өз кезегинде парламентти тарата алган.
1998-жылдагы өзгөртүүлөргө ылайык жер жеке менчикте боло алат деп жазылган жана мамлекет аны (жерди), ошондой эле Кыргызстандын жер казынасын, байлыктарын, өсүмдүктөр жана фаунасын коргоо милдетин алган. Мындан тышкары, депутаттык курактын төмөнкү чеги 25 жашка чейин түшүрүлүп, келечектеги парламентарий Кыргызстанда шайланганга чейин беш жыл жашашы милдеттүү эмес болгон.
2001-жылда киргизилген өзгөртүүлөр тилдерге байланыштуу болгон. Кыргыз тили – мамлекеттик тил, орус тили – расмий тил катары кабыл алынып, улуттук азчылыктарга өз эне тилинин сакталышына жана бул тилде эркин сүйлөө укугуна кепилдик берилген.
2003-жылдагы Конституциянын жаңы редакциясында толуктоолордун сегиз көлөмдүү пункттары болгон. Алар мамлекеттин өзүнө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерине, президенттик бийликке, депутаттардын ыйгарым укуктарына, прокуратурага жана сотторго тиешелүү болгон. Буга ылайык президент катары менен эки жолудан ашык шайлануу укугуна ээ болуп, натыйжада А.А. Акаев экинчи президенттик мөөнөткө шайлануу укугун сактап калган. Пезидент өкмөттүн түзүмүн аныктап, премьер-министрди дайындап, Улуттук коопсуздук кызматын (азыркы УКМК) дайындоого же жоюуга уктуу бөлгон. Башкы прокурорду, сотторду жана Улуттук банктын жетекчисин дайындоо да президенттен көз каранды болгон.
Конституциянын 2003-жылкы басылмасынан кийин А.Акаев бийликти узурпациялап алды деп айыпталган.
2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында А.А.Акаев бийликтен кулатылгандан кийин Конституциянын эки варианты кабыл алынып, бирок 2007-жылдын 14-сентябрында экөө тең жокко чыгарылган. Конституциянын 2003-жылдагы редакциясы кайрадан күчүнө кирген.
2007-жылы К. Бакиевдин тушунда 1993-жылкы үлгүдөгү, бирок жаңы редакцияда Конституция кабыл алынган. Ага ылайык президент беш жылга шайланган жана катары менен эки жолудан ашык талапкер боло алган эмес. Ал эми парламентке партиялык тизме менен гана өтүү мүмкүн болгон.
2010-жылы К. Бакиев бийликтен кулатылгандан кийинки өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде мамлекеттин башкаруу системасы президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн. Президент алты жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайланууга укуктуу болгон. Депутаттардын саны көбөйүп, бирок диний жана этникалык негизде партия түзүүгө тыюу салынган. Адам укуктарына көп көңүл бурулуп, өлүм жазасына мораторий киргизилген. Жаңы Конституция менен катар өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий кабыл алынган. Мораторий 2020-жылга чейин күчүндө болушу керек болгон.
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Кыргызстандын 2010-жылдагы Конституциясынын долбоору “мактоого татыктуу” деген чечим чыгарган.
Бирок мораторий референдум өткөрүүгө жана Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө тоскоол болгон жок. 2016-жылдын 11-декабрында мораторийге карабастан референдум өткөрүлүп, Конституцияга өзгөртүү киргизилген.
Түзөтүүлөрдүн негизинде Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерине ылайык болгон өлкөнүн мыйзамдарынын артыкчылыктарынан баш тарткан жана бийлик терроризмге шектелген адамды жарандыктан ажырата алган. Премьер-министр бир эле учурда депутат боло алуу үкугуна ээ болуу менен ыйгарым укуктары көбөйгөн. Соттордун мыйзам бузууларын иликтеген тартип комиссиясынын курамына президенттин жана парламенттин өкүлдөрүнүн кирүүсүнө шарт түзүлүп, сот системасынын көз карандысыздыгы бузулган.
Акыркы редакциядагы Конституция 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынып, ошол эле жылдын 5-майында күчүнө кирген. Бул жолку конституциялык реформанын натыйжасына ылайык, Конституциянын негизи болгон мамлекеттик башкаруу формасы өзгөрүлдү. Президентке чексиз ыйгарым укуктар берилди. Депутаттардын саны 120дан 95ке чейин кыскарып, шайлоо системасы өзгөртүлгөн. Пропорционалдык система боюнча 54 депутат бирдиктүү округдан, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланууга укук берилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (аткаруу бийлиги) Министрлер кабинети болуп өзгөртүлүп, толук Президенттин көзөмөлүнө өткөрүлдү. Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстанда Министрлер кабинети ишке кирди. Президенттин сот тутумун көзөмөлдөө иши күчөтүлдү жана Конституциялык сот кайтарылып, Прокуратуранын ыйгарым укуктары кеңейтилди. Ошондой эле кеңешүүчү, байкоочу жана сунуш берүүчү түзүм катары Элдик Курултай институту киргизилди.
Жалпы жонунан алганда, 2021-жылга чейин болуп өткөн конституциялык реформалардын максаты өлкөнүн саясий турмушун стабилдүүлүккө жана элдик башкаруунун принциптерин бекемдөөгө багытталбастан, тескерисинче, келген президенттин бийлигинин бекемделишине шарт түзүлүп, ич-ара тирешүүлөрдүн күчөшүнө, коомдук нааразычылыктар орун алышына алып келип, натыйжада 3 жолу бийликтин кулашына алып келди.
Жаңы Конституциянын долбоору да активисттер, юристтер жана эл аралык коомчулук тарабынан бир нече жолу сынга алынды.
Дүйнөлүк деңгээлдеги конституциялык юристтерден турган Венеция комиссиясы өз корутундусунда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорунда президенттин башка бийлик бутактарынын үстүнөн ашыкча ыйгарым укуктары жазылганы, ошондой эле парламенттин ролу алсыраганы айтылат. Мунун баары чоң тобокелдиктерди жаратат жана контролдук жана тең салмактуулук системасын бузат.
2021-жылкы Конституциянын сапатын убакыт таразалайт деп күтпөстөн, айрым жоболордун натыйжалуу эместиги жөнүндөгү сындарды туура кабыл алып, конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун сактоого тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Ал үчүн тажрыйбалуу, кесипкөй адистерден, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган кеңешме түзүп, Конституцияга комплекстүү талдоо жүргүзүп, мүчүлүштүктөр болсо, аларды оңдоп-түзөө абзел.
Ошол эле учурда өлкөнүн өнүгүү жолуна түшпөшүна бир тараптуу Конституцияны күнөөлөөдөн алыс болушубуз керек. Анткени Конституцияда камтылган беренелердин арткарылышы жана андагы принциптердин сакталышы толук көзөмөлдөнүп жатканы маанилүү. Ошон үчүн Конституциянын иштеншине көзөмөл жүргүзүү механизмдерин жакшыртуу учурдун талабы.
Жоомарт Карабаев, КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун илимий кызматкери;
Жанышбек уулу Азамат, КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун илимий кызматкери,
Булак: "Майдан.kg" гезити