Т.Бакир уулу: Алардын арам оюн колдогон геосаясаттын чоң оюнчулары да эки достун ажыраганын, бир бирине кас кылганы кызыкдар.

Саясаттан өйдө турган достук: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кимдер, кандай максатта уруштургулары келүүдө?

- Эл ишенип, бийликти эки иниме тапшырып бергенден кийин саясатта, мамлекеттик башкарууда, экономикада, социалдык чөйрөдө, коопсуздук маселесинде, куралдуу күчтөрдү бекемдөөдө, эл аралык чөйрөдө алардын жетишкендиктерге ичи тардык, көрө албастык жасагандар экөөнүн ортосунда тирешүүнү жараткысы бар. Алардын арам оюн колдогон геосаясаттын чоң оюнчулары да эки достун ажыраганын, бир бирине кас кылганы кызыкдар.

Эгер Камчыбек инимди чагымчыл, душман күчтөр эптеп бийликтен четтетишсе эле чөөлөр заматта Садыр инимди курчап алышып, аны да бийликтен четтеткени баардык күчтөрүн жумшашат.

“Кайсы революция болбосун, өзүн коргой албаса - эч нерсеге арзыбайт”,- деп В.И.Ленин өткөн кылымдын башында эскерткен эле. Мамлекетибиздин өнүгүүсүн көрө албагандардын чагымчылыгына, душмандыгына бирге каршы туралы!

Булак: "Майдан.kg" гезити