"Майдан.kg": Эльвира айым Сокулуктун жашоочуларынын гана эмес, жалпы кыргыз элинин бетине жаба түкүрүп, суроо-талаптарын аткарбай миллиондогон кирешеге туйтунуп келген.
Жалпы коомчулук көрүп тургандай, бүгүнкү бийлик чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. Барыбыз билебиз, мурда мамлекеттик масштабдагыны мындай кой, жөнөкөй эле иштерди да жетекчилер чечалбай тайсалдап, мажирөөлүк кылышчу. Бүгүн саясий эрк да, чечкиндүүлүк да өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевде мол экенине күбө болуп жатабыз. Бирөөсүн атай кетсек, Сокулуктагы эски мал базарынын иши жыл башында токтотулуп, жаңысы ачылды.
Сокулуктагы мал базар чоң жолдун боюна жайгашып, буга чейин эч бир бийлик башка жакка көчүрө албай койгон. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас областарына жана Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондоруна каттаган жолго тыгын жаратып, дем алыш күндөрү бир сааттан кармалчу. Ар дайым тыгын эле. Малдын тезеги жолдун ашмалтайын чыгарганын көрүп, жети өмүрүң жерге кирчү. Түйшүк жаратып, элди кыйнап, азапка салган мал базарды чоң жолдон алыс жакка көчүрүү өтүнүчтөрү менен Сокулуктун эли райондук, облустук, мамлекеттик жогорку бийлик адамдарына жүздөгөн кайрылууларды жолдошкон. Бирок, райондук бийлик бул маселеде алсыздыгын көрсөтсө, мамлекеттик бийликке чечкиндүүлүк жетишкен эмес. Анын чоң себеби бар болчу. Мал базардын ээси, айтылуу “Кудайберген” унаа тетик базарынын кожейкеси, өзүн Сокулук районунун “ханышасы” эсептеген ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева калың капчыгы менен райондук бийликтин колу-бутун «тушап» салган эле. Ал гана эмес, премьер-министр, президенттердин да тилин таап, элибизге түйшүк жараткан мал базардын кылын кыйшайтпай келген. Жеке кызыкчылыгын, өз бизнесин ойлогон Эльвира айым Сокулуктун жашоочуларынын гана эмес, жалпы кыргыз элинин бетине жаба түкүрүп, суроо-талаптарын аткарбай миллиондогон кирешеге туйтунуп келген.
Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөт жетектеп турган маалда дагы бул боюнча какшап: “Жол жээгиндеги базарларды көчүрүш керек. Сокулукта райондун борборунан өтө албайсың, киши уялат эй. Акимчилик менен базардын айырмасы жок болуп калды. Өтүп жаткан машинанын агымынан эле соода кылган кишинин мээси чарчайт да. Ун, шекер, күрүч, нан ж.б. азык-түлүктү асфальтка чейин алып келип сатып жатышат. Бул элдин ден соолугун талкалайт да. Жок дегенде акимдер ушуну чечпейсиңерби”- деген эле. Бирок, өзгөрүш болгон эмес, базардын чаңы сапырылып кала берген. Ошол чоң көйгөй быйыл чечилип, жыл башында базар жылдырылды. Буга Сокулуктун эле эмес, Ош-Бишкек жолунда каттагандардын баары өзгөчө ыраазы болушуп, рахматтарын айтып алкап атышат. Малын саткысы, алгысы келгендер кулак-мурун тынч болгон жаңы базарга барып өз соодасын жүргүзүп, Ош-Бишкек жолунан каттагандар тыгындарга кабылбай, баткакка чалынбай жыргап калышты.
Кызыгы, мал базардын ыңгайлуу жакка көчүрүлгөнү элге жакканы менен башка бир бизнес-лединин кежигесин куруштуруп жатыптыр. Атай айтсак, айтылуу олигарх Данияр Үсөновдун, азыркы Даниил Урицкийдин аялы, ишкер Динара Исаеванын жаңы ачылган мал базардын жанында ири тоок фермасы бар экен, ошондон улам түрдүү “трюктарды” жасап, элди уюштуруп, жаптыруу аракетин көрүүдө. Бул жөн гана кызганычпы же башка да себеби барбы? Баса, жаңы ачылган базарды сатып алууга Исаевадан башка да адамдар аракет кылып, ал максаттары ишке ашпай калган соң эми кайрадан жаңы базар ачуу иши башталганы кызык болууда. Мамлекеттик базар болот имиш. Мамлекеттик мал базар дегенди уктуңуз беле? Бул болбогон баягы баарына түшүнүктүү болгон схема да. Мамлекеттик базар деп ачып, анан жыл айлана электе банкрот деп жарыялап, менчикке чыгаруу. Сатып алып акча коротпой, бекер алуу. Буга бийлик жетекчилери тыкыр көңүл бурушу кажет.
Биздин чочулаганыбыз, мунун артында баягы эле Э.Суравалдиева, Д.Исаева сындуу бизнес-ледилер турган жокпу? Же байлыкка, бизнеске көзүн кызарткан жергиликтүү бийликтин жетекчилери жасап жатабы? Баса, жаңы базар курулчу жер кимдики? Дегенибиз, азыр жердин көбү жеке менчикте да. Кимдир бирөөнүн жерин арендага алымыш болуп, мамлекеттин акчасына базар кургандан кийин жер ээсине өткөрүп жибербейби? Анан да, жергиликтүү бийликтен мал базарды куруу үчүн 20 миллион сом бөлүнүптүр. Эмне деген сумма. Элдин каражатын сапыра беришеби? Андан көрө бул акчага элге керектүү нерсени курса болбойбу?
Кызыгы, бизнес-ледилер илгерки ыкма менен УТРКнын журналисттерин жалдап барышып, “жаңы ачылган базар тар” деген негизсиз каңшаарды таратканга аракеттенишүүдө. Маселен, мурдагы базардын аянты 50 гана сотук болчу, ал стихиялык негизде жайылып, элдин үйлөрүнө чейин чыгып кеткен эле. Жаңы базар 3 гектар 5 сотук, анын тегерегинде 1 жарым гектардай бош жер бар. Элди кыйнабай, ошонун таштарын тазалап, унаа токтотконго пайдаланалы деп жергиликтүү бийликтен жаңы базардын ээси өтүнсө, кашайып аларың тескери “ушатып” жатыптыр. Эмне минтишти экен десек, чоң суммадагы кызыкчылык бар экен. Башка мал базар курабыз деген жергиликтүү жетекчилер республикалык бюджеттен 40 миллион сурап жатышыптыр. Түшүнүктүү да...
Азыр эң алды мамлекеттин киреше булактарын көбөйтүш керек да. Анан эптеп өп-чап жашап жатканда мамлекет мал базар салганы туурабы? Эгер мал базар салчу жер өкмөттүкү болсо, аны жөндөн жөн эле малга тебелетпей ири инвесторго берип, чоң киреше киргизсе болбойбу? Негизи эле мамлекет качан мал базар салып иштетти эле? Эртең ал мал базар деле коррупциянын очогуна айланары турган иш. Ошол жерден сугуна коюп бир тобу сөзсүз камалат. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттин ушундай иштерин да жеке компанияга берип, бүтүртөт. Кыскасы, мамлекеттик мал базар деген нерсе дегеле акылга сыйбай турат. Базардын баары убагында жеке менчикке берилип, оптимизация болгон. Эми кайра базар курабыз дештип өзү акылга сыйбаган көрүнүш ко?
Баса, Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтунун мурунку башчысы туугандарына, досторуна жерлерди берип, алар башкаларга сатып жиберген экен. Азыркы айыл өкмөт ал жерлер мыйзамсыз сатылган деп элден тартып алып, ал кайра башка жек-жаатарына бергени жатканы кандай? Буларга мыйзам иштебейби же? Үй салып алгандар азыр чыркырап, эмне кыларын билбей калдастап турган кези. Айтор, Сокулукта чоң коррупциялык иштер өкүм сүрүүдө. Анын бир чекеси Ак-Ордо жаңы конушундагы үй бузулган маалда сыйрылып, президенттин түз кийлигишүүсүнүн негизинде бир нече көпөс камалган. Эми башкасына да чара көрүлүп, жаңы базар салабыз деп мамлекеттин жерин кертип, ага катар бюджеттин 40 миллион сомун какшытканы тургандардын тилеги талкаланышы кажет.
Кылычбек Кудайбергенов, Булак: "Майдан.kg" гезити