Э.Аттокуров: Бийликке жетпей калсак эле топурап чогула калып, чыр чыгара берүү туура болбойт.

--Элдар мырза, бийликтин алмашып кетишине себепчи болгон 2020-жылдагы шайлоого катышып, жаштардын катарында жүрдүң эле. Ошол толкундоонун шарапаты менен келген жаңы бийликтин иштегенине 2 жылдан ашты. Өлкөдө өзгөрүүлөр, жылыштар барбы? 

--Саясий кризисти социалдык көйгөй жаратат. Ал социалдык көйгөй экономикалык абалга барып такалат. Андыктан, жетекчилер биринчи иретте экономикага көңүл бурушу кажет. Жетекчилер экономикага көңүл буруп, тынч иштеши үчүн биз да мүмкүнчүлүк берип, күткөндү үйрөнүшүбүз зарыл. Бийликке жетпей калсак эле топурап чогула калып, чыр чыгара берүү туура болбойт. Шайлоодо утуп, мөөрөйдү алган топко убакыт беришибиз шарт. Бул саясий маданият. Албетте, бийликтин иш аракетин көзөмөлдөгөн конструктивдүү оппозиция сөзсүз түрдө болушу керек, алар адамдардын жеке сапатына асылбай, ишиндеги катачылыкты, кемчиликтерди айтып турса, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт. 
Жылыш барбы деген суроого келсек, мен факты менен айтайын, кечээ жакында эле Ысык-Көлгө баратып, Балыкчынын түшүк тарабындагы темир жол Кочкорго карай салынып жатканын көрдүм. Бул Турдакун Усубалиев самап, жетпей калган үмүтү эле. Ал киши Союздун дүркүрөп турган учурда ушул темир жолду салам деп, ишке ашпай калган. Бул абдан чоң долбоор. Кара-Кечеге карай салынчу жолго каражат табылганы биз үчүн чоң олжо. Муну жылыш десек болобу? Болот. Сырткы импортту токтотуп, өзүбүздүн энергетикалык ресурсту колдонолу, каражат өзүбүздө калсын деген чоң саясаттын ишке аша башташы десек жарашат. Андан ары карай кетсек, Тамчыда аэропорт курулганы менен облустун борбору болгон Каракколдо жок болчу, азыр салына баштаптыр. Ички каттамдарды ишке киргизүүнү буга чейин эч ким айткан да эмес, кыймылсыз бойдон жаткан эле. Андайды айтканды кой, көпүрөлөр салынбай, жолдорубуз бүтпөй эле жүрчү эмес белек. Нарында дагы аэропорттун долбоору ишке ашып баштаганын барыбыз уктук. Буларга не деген каражаттар сарпталат.  Демек, акчанын булагы табылып, мурдагы бийликтин тушунда сыртка агылган көмүскө экономикадагы каражаттар мамлекеттин бюджетине түшүп жатат. Же тиги азиялык банктан, бул дүйнөлүк банктан баланча миллион кредит алдык дегенди уктукбу? Жок. Жалаң өзүбүздүн бюджеттин акчасына салынып жатат. Буга чейинки жолдор миллиондогон кредиттер менен салынып, аягы азыркыга чейин бүтөлектери бар. Кудай сактасын, жаңы бийлик келгенден бери анчалык чоң кредит ала элекпиз. Арийне, жолдор салынып жатат. Жумгал, Базар-Коргон, Ноокен, Ноокат, Ысык-Көл айлампа жолдору салынып, атургай Каракол, Нарын сыяктуу шаарлардын ички жолдору, жаңыртылып жатат. Ага каражат табылып жатат. 

--Дагы кандай жылыштарды белгилей аласың?

--Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү. Мен да бир учурда өкмөттө башкармалыкты жетектегем, айлыгы 13 миңден ашчу эмес. Ошол маалда эл “Качан мамлекеттик кызматкердин айлыгы көбөйгөндө коррупция азаят” деп айтышчу. Ал азыр ишке ашып, 40 миң, 50 миңден алып жатышат. Мурда финансы жана экономика министрлигиндегилер жакшы алчу, башкасыныкы чындыгында эле өтө аз болчу. Мен премьер-министр менен иштеп жүрүп нааразы болчумун, эмне үчүн баары бирдей албайт деп. Азыр баары теңделди. Таза кадрлар келишин камсыздаш үчүн, алардын социалдык абалын жакшыртуу керек. Мамлекетти кадрлар өнүктүрөт. Андыктан алар коррупцияга малынбашы үчүн айлыгы көтөрүлдү. Азыр кварталдык акча алып жатышат. Кээ бир жерде 13 айлыкты чегерген мамлекеттик мекемелер бар. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине үйлөрдү салып берип жатышат. Ушул иштер кыска аралыкта жасалды. Бирөөлөр үч жыл, кээ бири эки жыл дейт. Негизи, инаугурациядан кийинкиси эсептелет, ошонун бир жылдайы изилдөөгө кетет. Анан кылган иш көрүнөт. 
Мен дагы ишенимди актайын деп бир жылдай “Кыял” мамлекеттик ишканасында иштедим. Ал жакта чарбалык эсеп, өзүн өзү каржылайт, мамлекеттин бир тыйын да албайт. Бир жылдын ичинде карыздан кутултуп, 13 маяна алган ишканага жеткизип, кварталына да акча ала баштады. 5-6 жыл өргүүгө чыгалектерге акчасын берип, 2 көлөмдөгү эмгек акы, ден соолук чыңдоосун кошуп 100 миң сомдун тегерегиндеги акчалар менен өргүүгө чыгардым. Мен муну мактаныш үчүн эмес, ушул команда менен келдим эле, чоң кызмат болбосо да татыктуу иштеп берейин деп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмгектендим. Ден соолугума байланыштуу кеттим эле, эми кайра иштөөгө даяр болуп калдым. Чарбадан тажрыйба алдык, милдет артылса ишенимди актай алабыз.

--Коргонуу, коопсуздук, эларалык мамилелерчи?

--Айтат ко, “өзүңдүн аскериңди бага албасаң, башканын армиясын багып каласың” деп, Кудай ошондон сактасын! Өзүбүздүн мамлекетибиз, чек арабыз, кооз жерибиз бар, көздүн карегиндей сактап калышыбыз керек. Эки жылдын ичинде канча деген курал-жарактар алынды. Коргонуу багытына бюджеттен миллиарддаган каражат бөлүнгөнүн, аларга заманбап, брондолгон техникалар алынганын көрүп жатабыз. Мурда колдонууга жарабай калган, жараксыз болгон ок-дары, курал-жаракты жардам катары гана алчубуз. Ал ок-дарылар атылбай, биздин аскерлерди мөгдүрөттү. Мына азыр каражаттар табылып, жаңылары сатылып алынып жатат, муну неге айтпайбыз? 

Коопсуз аймактарда турган чек арадагы аскерлерибиздин маянасы абдан жакшы деңгээлге чыкты. Мына ошолорду да айтышыбыз керек го. Борбордук Азияда баары менен тең ата сүйлөшүп, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдап, ар бир метр жерибизди такташып, эсептешип алышыбыз керек. Ошого мүмкүнчүлүк жаралды. Мына ушуга катар чек ара тилкелерибиздин баары такталып калды. Көп жылдан бери талаш-тартышта жүргөн маселелердин түйүнү табылып жатат. Жер маселесин чечүүгө да эрк керек, жоопкерчиликти ала билүү зарыл. Коркуп, кетенчиктеп, эртең чечилет дей берсек, аягы кейиштүү болот. Эгер мурдагы жетекчилер чечип кеткенде, биздин аскерлер чек ара чатагынан өлмөк эмес. Азыр жоопкерчиликти алып, чечип жатышат. Ал эми эларалык саясат да бир тараптуу эмес, ар тараптуу жүрүп жатат. Мурда бир тарапка гана жүгүнүп, өз алдыбызча эч нерсени чечпей отурчубуз. Азыр абдан кырды-бычак болгон мезгилде, геосаясий алкакта чоң оюн жүрүп, согуш тутанып, санкциялар салынып жаткан кезде саясатты туура карманып, жакшы баратат. Кытай, Европа, Арап өлкөлөрү, ошого катар Турция жана Россия менен тыгыз мамилени куруп жатат. Муну да айта жүрүшүбүз кажет. 

 

Зулпукаар Сапанов, Булак: "Майдан.kg" гезити