К.Шер: 2010-жылдагы 7-апрель эч кимге жакшылык алып келбеди.
— Агай, 7-апрелге быйыл 13 жыл болот экен. Бирок, 13 жылдан бери 7-апрелдеги кандуу мамлекеттик төңкөрүштүн чындыгы ушул кезге чейин элибизге айтыла элек жана саясий өз баасын албай сүйрөлүп келе жатат. Бийликтегилер буга чекит коюп койсо болот беле?
— Мындан 13 жыл башта болгон 7-апрелдеги бийликти күч менен тартып алган мамлекеттик төңкөрүшкө азыркы бийлик саясий баа берип, чекит коюу үчүн саясий эрк керек. Экинчиси, саясий ишмерлер, журналисттер да кайдыгер болбой болгонун болгондой жалпы коомчулукка жеткиликтүү түшүндүрүп бериш керек. Ошол эле маалда сот органдары акыйкаттык менен иштеши талап кылынат. Бул мыйзамдуу жолу. Балким 13 жылдан бери саясий баа бере албай келе жатканыбыздын себеби, буга чейинки бийлик жана аткаруу бийлигиндегилер 7-апрелдин күнгөй-тескейин жеткиликтүү түшүндүрүп бере албай келе жаткандыгында. Же, алардын өздөрүнүн артындагы айыбы ачылып калышынан корккондугу десек туура болоттур. Мындан тышкары дагы бир айта кетүүчү нерсе, бийлик жана аткаруу бийлигинен тышкары бизде профессорлор, окумуштуулар, эксперттер, тарыхчылар, саясатчылар, аналитиктер тагыраагы коомчулуктун элитасы дегендер тайсалдап өз пикирлерин ачык айтпай, илең-салаң абалда келе жатат. Ошондуктан коомчулуктун калың катмарына көп жагдайлар түшүнүксүз, ошол эле учурда бул түшүнбөстүк элди “Атамбаевчи”, “Бакиевчи” “Жапаровчу” ж.б дегендей топторго бөлүп салып, көп учурда чабалдык кылып жатабыз. Негизи, тарыхка карай турган болсок Революция-деген эч кайсы коомго талкан бербейт. Революция деген көңтөрүп, таңтарып, талап-тоноого алып барат. Нөлдөн кайра баштоо. Муну биз өз көзүбүз менен деле көрбөдүкпү. Муну экономикалык жактан да, саясий жактан да, кала берсе моралдык жактан да биздин өлкө көтөрө албайт. Бирок, 2010-жылдагы 7-апрель эч кимге жакшылык алып келбеди. Ошондуктан 7-апрель боюнча бааны тарых берип, өз ордуна эртели-кеч берет деген ишеничтемин. Себеби, бийликке суусаган бир топ Россия менен Американын ортосундагы тымызын келишпеген мамиленин куралы болуп берди. Россия менен Америкада тымызын тиреш ошол жылдары эле бар болчу. Ошол учурда Россия, Америка да Кыргызстанга аскердик күчтөрүн жайгаштырып, бизге базаларын киргизип жаткан. Ошол жылдары биздин бийлик да, эл да Россия менен Американын тирешинин курмандыгы болуп калган. Ошол учурда бийликке суусаган бир топ чет элдиктердин куралы, аткаруучусу болуп берди. Чындап келсе, 7-апрелде курман болгон адамдардын каны Россия менен Американын абийиринде. Аларга “Регина”, “Студент” деген КГБнын агенттери, Алмаз Атамбаевге окшогон бүгүнкү күндүн “Шабдандары” жеке кызыкчылыгын бийликке барыш үчүн элди садака чапкандар чыгат экен да.
— Бирок, апрель окуясында Алиясбек Алымкулов мамлекеттик төңкөрүшкө катышып Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам алып, кээ бирлери миллиондоп акча, анан батир да алганга жетишти. Муну жокко чыгара албасаңыздар керек… И, анан айтып жатасыз “Өлгөн балдардын куну Россия менен Американын абийиринде” деп, алар кун төлөп бермек беле? Тескерисинче, Америка ыдыратууга кызыкдар эмеспи?
— Ооба, Россия болобу, Америка болобу кандай гана талап койгонуна карабастан бийлик үчүн бардык кадамга баргандар болгон. Мисалы, “Американын базасын чыгарып беребиз” же “Россиянын базасын чыгарып беребиз” деген убадалар менен эл ортосуна чок таштап көздөгөн максаттарына жетүү үчүн бардык кадамдарга барышты. “Апрель баатыры” деген наамдын арты менен үй алгандар, акчалай алгандар да болгон. Бирок, арасында “Апрель окуясынын” түпкү маңызын түшүнгөн кээ бир жарандар “Баатырдык” наамдан баш тарткан учурлар да болду.
Албетте, Россия менен Америка 2010-жылдагы жүзгө жакын жараныбыздын каза болушуна себепчи. АКШ болсо “Манас” аба майданында жайгашкан Ганси аскердик базасын бул региондо алып калууга жандалбас кылышты. Ал эми Россия бизде жайгашкан Ганси базасын бийликти төңкөрүп болсо да кетирүүгө куштар болду. Ошол максаттарына орустар жетишти. Негизинде кун алардын мойнунда. Бирок, алар албетте төлөп бербеши да турган иш. Айтайын дегеним, элди бийликке каршы тукурган алар эмне үчүндүр курал-жарак жүктөлгөн машинаны Атамбаевдин “Форумуна” жакын токтотуп, таштап кетиши да кокустук эмес. Ошол 2010-жылдагы 7-апрелде 500гө жакын жаалданган топ менен БТР, пулемёт, автоматтар менен куралданып, машиналар менен Ак Үйдү сүзө качырып киришпедиби. Ошондо да расмий бийлик чыныгы курал менен эмес, көздөн жаш агызуучу газ, резина ок менен атып каршылык көрсөтүп топту таратууга аракет кылганы күнү бүгүнкүдөй эсимде да. Ошол учурда мен туу кармап Ак үйдүн алдында, өмүрүмдү канжыгага байлап коюп жүргөм. Негизи Ак үйдү кайтарып аткан СГОнун кызматкерлери, курсанттар уруксат сурап отурмак беле. Алардын милдети Уставда жазылган. Кол салуу учуру болгон учурда алар толук кандуу каршылык көрсөтүүгө милдет катары да каралган. Бирок, алар чыныгы ок менен жооп кайтарбай, резина ок менен атты. Мисалы Марипа деген аялдын жамбашына резина ок тийген. Ал баатырмын деп үй алды. Баткен согушунда окко учкандарга үй берилген эмес. Төңкөрүлүшкө катышкандар үйлүү болушту. Миллиондоп акчалай алышты. Мындай мисалдар толтура. Дээрлик 300 кишиге резина ок тийген болуш керек. Бул чындыкты канчалык бир деңгээлде эл да билет. Ошондуктан жалпы элдик коомчулук да тайсалдабай, кайдыгер болбой өз баасын берсе болот.
— Сиз “эл да өз баасын берсин” деп жатасыз. Бирок, эл калыс пикирин айткан менен чечүүчү роль элдин колунда эмес, бийликтин колунда да. Эгер Россия менен Американын катыштыгы бар болгон болсо, ошол учурдагы иштеп жаткан ИИМ, ТИМ жана УКМК кызматы эмне кылып жатты? 7-апрель окуясынын алдын алууга болот эле да?
— Мынчалык болду, эми сизге атайын кызматтар боюнча айта кетпесем болбос. Эмне үчүн алдын ала алган жок деп жатпайсызбы. Калп айткан менен болобу, биз көмүскөдөгү Россиянын “колониясыбыз” да, эгемендик алдык дегенибиз менен биз орустардын таасиринен чыга элекпиз. Бул жерде 2010-жылдарда Россиянын атайын кызматтары ушул жерге толуп кеткен. Иштеп жатышкан. Алар комплекстүү түрдө иштеди. “Регина” деген атайын кызматтын агенттери ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон. “Студент” деген аталыштагы КГБнын агенттери да чогуу биргелешип иштеп атышты. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаевдин “УКМКнын жарымын орустардын ФСБсы көзөмөлдөп жетектейт” деп айткан сөзү бар. Мына ушул сөздүн өзү жетиштүү болот да. Экинчи жагынан ошол учурдагы расмий бийлик массалык маалыматтан да уттуруп койду. Бул жерде негизги ролду “трайбалисттик чакырыктар” аркылуу да ар тараптуу иштеп алдыга озуп кетти. Анын кесепетинде төңкөрүш ишке ашып кетти. Бирок, ошол кездин президенти Курманбек Бакиев элдин тынчтыгын ойлоп, бийлигинен пайдаланып, элге каршы кадамга барбай, тескерисинче өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Анын үстүнө Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишине Обама, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Лукашенколор кийлигишип, тынч чыгып кетишине өбөлгө түзүлдү.
— Ошол мезгилде Россия менен Американын таасиринен чыга албай жатышкан болсо, алардын таасиринен азыр чыгып кетүүгө “дух” жетеби?
— Россия менен Американын таасиринен чыгуу үчүн бийликке духту эл бериш керек. Бийлик кыргыз элине кылчаңдап турат, эгер биз бийликке духту жетишээрлик деңгээлде берсек азыркы бийлик Россия жана Америка таасиринен толук кандуу чыга албаса да “арыдан бери” болмок. Россия менен Америка эмес, 2010-жылдагы апрель окуясына саясий баа берүүгө азыркы бийлик да тайсалдап жаткансыйт, күнөөнү жалгыз Бакиевге төңкөрүп, аны жек көрүндү кылып, Атамбаев, Текебаев, Отунбаева жана башкалар апакай болуп жүрүшөт. Мамлекеттик кандуу төңкөрүштүн чыныгы авторлору ошолор. Себеби, элдин колдоосу толук эмес. 2010-жылдагы окуядан ким пайда көрдү? Россия тараптан Путин менен Шойгу эле эмес, бул жактан качып кеткендер да пайда көрдү. Усубалиевден бийлик талашып, кийин качып кеткен ошол эле Кулматов пайда көрдү. Ал азыр далдалчы болуп алган. Кулматов таможняга баласын алып келип тоноттурду А.Бельянинов экөө. Бельянинов менен Кулматов жума сайын миллиондогон доллардан Атамбаевдин бийлигинен алып пайда көрүп отурду. Көрдүңөрбү, арада мына ошондойлор гана пайда көрүп кеткен. Анан “Кыргызстанды биз гана контролдоп беребиз урматтуу Владимир Путин, Орус империясы” деп келишкен. Алар кыргыз элин Кулматовго окшоп качып кеткендер аркылуу эзип жатышат. Аз жерден түштүк жергесиндеги К. Батыров башында турган өзбек улутундагыларды тартыш үчүн макулдук да берип жиберишкенин эл бекер жеринен айтпаса керек.
— 7-апрелге саясий баа берүүдө 2010-жылы бийликте турган Курманбек Бакиев менен андан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги тең каралыш керекпи? Азыркы бийлик эмне үчүн бул ишти колго албай жатат?
— Курманбек Бакиев мыйзамсыз сыртынан соттолгон экс-Президент. Анын статусу парламент аркылуу мыйзам түрүндө алынган эмес.
Эгер ал бүгүнкү күндө арыз жаза турган болсо, айлыктарын, компенсация төлөп беришибиз керек болуп калат. Ага импичмент жарыяланган эмес. 5 президенттин ичинде бир гана Алмазбек Атамбаевдин статусу парламент аркылуу, импичмент жарыяланып алынган. Ал эми апрелдеги окуяда каза болгон балдар боюнча тактоо киргизе турган болсок, 89 баланын 17 аянтта өлүп, калганы мародерлук учурунда каза болушкан. Муну атактуу хирург Мамбет Мамакеев да тастыктап бербедиби. 89 баланын өлүмү жөнүндө Ырысбек Өмүрзаков “7-апрель жана Түштүк коогалаңы – 2010 журналисттин көзү менен” деген китебинде толук кандуу, фактысы менен жазылган документалдык материалдарда ким кантип, эмне үчүн өлгөндүгү боюнча жазылып, тастыкталып турат. Азыркы бийлик эмне үчүндүр бир аз чечкиндүүлүк кылып буга чекит койбой келе жатат деген суроого албетте, биз да жооп күтүп жатабыз.
— “Ала Тоо аянтында каза болгон жарандардын канынан этил спирти, арматура менен сабалып каза болгондор да “Ата Бейитке” сөөгү коюлган” деген эл арасындагы сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
— Чындыгында 27 адамдын өздүгү такталбай туруп, эмне үчүн “Ата бейитке” шашылыш коюлганы белгисиз. “Ата Бейитке” сөөгү коюлгандардын баары эле баатыр эмес экен.
Бул боюнча так маалымат Ырысбек Өмүрзаковдун “7-апрель жана Түштүк коогалаңы –2010 журналисттин көзү менен” деген китебинде бар. Анда артынан ок тийбей, ар кандай жаракаттар менен каза болуп, шашылыш түрдө алардын сөөгү “Ата Бейитке” коюлган.
Алар; Ашыров Кудурталы, Кадыралиев Мирлан, Өмүралиев Мирланбек, Таабалдиев Нурсултан
“Ата Бейитке” сөөгү коюлгандардын канынан этил спирти чыккандар;
Жангазыев Нурбек, Жумаев Мурзабек, Замир уулу Рустам, Камаев Үсөнбек, Максутов Эдил, Максымбеков Маралбек, Эликбаев Толокбек, Актанов Чыңгыз, ж.б
Ал эми, арматура менен чабылып “криминалдык разборкада” өлтүрүлгөндөр жана бомждар (селсаяк) да Ата-Бейитке өлгөндөрдүн санын көбөйтүш үчүн көмүлгөндөрү айтылып жүрөт. Алардын арасынан өлдү деген Максымбеков Маралбек кийин тирүү экендиги далилденип, ал Россияда жашап жүргөнү боюнча “Жаңы Ордо” гезитине маек бергени бар.
Бирок, эмне үчүндүр куралдуу көтөрүлүшчүлөрдүн колунан курман болгон ИИМдин академиясынын 4-курсунун курсанттары Такырбашев Эдилдин, Куш Никитанын, Улуттук гвардиянын президенттик полкунун жоокери Шымырбаев Алтынбектин өлүмү боюнча айткысы келишпейт. Алар колунда курал жок курсанттар болгон.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева, Булак: "Жаңы Ордо" гезити