Украинадагы согуштук кырдаалга сереп

Евгений Арестович эмнелерди айтты?

Украинанын президенти В.Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович ушул айдын ортосунда ютубдагы инервьюсунда алып баруучунун: ”согушка В.Путин гана күнөөлүү. Ал жок болсо, бул трагедия болмок эмес” деген маанидеги сөздөрүнө: “Маселе Путиндин жалгыз өзүндө эмес, маселе Россия менен Украинанын ич ара мамилелеринде. Эгерде Кремлде Владимир Путинден башка бирөө отурса деле, буга чейинки мамилелердин логикасы боюнча мындай кагылышуу келип чыкмак”- деген мааниде жооп берди.

Азыр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, өзгөчө АКШда жана Европада 24-февралда башталган Россиянын аскерлеринин Украинанын аймагында “денацификация” деп аталган операциясын Владимир Путинге гана байланыштырып, аны биротоло  демондоштуруп, фантазиялары жеткен жаман сапаттардын, көрүнүштөрдүн баарын ага төңкөп, “бийликте башка бирөө отурганда согуш болмок эмес”,- деп жатышканда Украинадагы эң таасирлүү мамлекеттик чиновниктеринин биринин минтип айтканы, бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан ойлондурбай койбойт. 

Чын эле Россиянын эң башкы бийлигинде Владимир Путинден башка бирөө отурганда деле адегенде 2014-жылдагы Крымдагы, анан Луганск менен Донецк облустарындагы окуялар болуп, ал  акырындап күчөп отуруп 2022-жылдын 24-февралындагыдай кеңири масштабдагы кандуу кагылышууларга айланат беле?

Өткөн нерселерди ар ким өз кызыкчылыктарына, билимине, даярдыктарына жараша ар кандай чечмелесе боло берет, бирок Е.Арестовичтин пикиринде рационалдуудан, жүйөлүү негиздер бар экенин моюнга алуу керек. Биз эмнелердин негизинде, нелерге таянып, анын пикирине толук болбосо да негизинен кошулуудабыз?

Бул маселеге аздыр-көптүр жарык түшүрүү үчүн  Россия менен Украинанын ортосундагы өткөн кылымдын 2-жарымынан  берки, өзгөчө кайра куруудан кийинки мамилелерге ретрореспективдүү саресеп салып, талдап, анан жыйынтык чыгаруу  керек.

Украинада антироссиялык кыймыл качан башталган?

Улуу Русь мамлекети Киевдик Рустан башталган, Киев Россиянын шаарларынын энеси, ал тарыхый факт. Октябрь революциясына чейин азыркы Украинанын, Белоруссиянын аймактары Малороссия деп аталган, бирок Украинанын батышындагылар өздөрүн эч качан орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары эсептешкен эмес. Ага өткөн кылымдын 1917-1921-жылдарындагы Махночулардын, 1941-1946-жылдардагы Бандеровчулардын кыймылдары күбө. Махно бирде кызылдарга, бирде Батыштан басып киргендерге каршы согушса, Степан Бандеранын карамагындагылар советтик аскерлерди да, немистерди да душмандар катары эсептеп, алардын каршылыктары 1953-жылга чейин созулган. Андан кийин деле украиндердин интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн арасында өздөрүнүн этникалык иденттүүлүгүнө басым жасап, ар кандай формаларда даңазалоо аракеттери болуп келген. Өзү украиндердин арасында чоңоюп, жогорку кызматтарга жетишкен Н.С.Хрущев ага маани берген эмес. Бирок, алар менен өтө эле жакындашып кеткени үчүн 1972-жылы ошол убактагы Украинанын компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы  П.Е.Шелестти Союздук совминдин төрагасынын биринчи орун басарлыгына которушса, ал ага өтө нааразы болуп, Л.И.Брежнев менен айтыша бергенинен аны бир жылдан кийин кайра бошотушкан. Анын ордуна келген В.В.Щербицкий Кремлдин ыгынан чыкпаган, атүгүл Л.Брежнев ак көңүлү кармаганда алдоо үчүнбү же чын эле оюнда болгонбу, айтор,  “Володя, сенин ордуң бул жерде” деп өз столун чапкылап койчу экен. Бирок, анын 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль АЭСиндеги окуяда чыныгы радиациялык абалды түшүнбөй Киевде 1-майда демонстрация өткөрүүгө каршы турбагандыгы үчүн кайра куруу мезгилинде В.В.Щербицкийди украиналык демократтар чыккынчы катары жарыялашкан. Ал ошого жаны ачып жүрүп өлгөн, айрым булактарда өзүн өзү аткан деп да жүрөт.

Кравчук “Союздун кыр аркасын сындыргам” деп мактанган

Кайра куруунун соңку жылдарында бийликке келген, Украина компартиясынын БКсынын мурдагы идеология боюнча катчысы Л.Кравчук жалаң антироссиялык саясат жүргүздү. Кремлден Союздук мамлекетти бекемдөө боюнча кандай идея, демилге чыкпасын алардын баардыгына караманча каршы турду. Биздин көз карандысыздыктан кийинки өкмөт башчыбыз Т.Чынгышев экономикалык бир маселени талкуулоодо Украинанын өкүлү каршы боло бергенде жыйынды жетектеп жаткан Г.Явлинскийдин аябай ачуусу келип, столдогу документтердин баардыгын ыргытып жиберип туруп кеткенин өзүнүн китебинде эскерген. Эгерде Л.Кравчук болбогондо Союздук жаңы келишимге 1991-жылдын жазында эле кол коюлмак. Л.Кравчук бир гана же Россиянын ошол убактагы мамлекеттик катчысы Г.Бурбулистин СССРди түзүү жөнүндө 1922-жылдын 31-декабрындагы келишимди денонсациялоо жөнүндө сунушун гана колдогон.

Союз таркагандан кийин Л.Кравчук КМШны түзүүгө да каршы чыккан. Россия бир жагынан славяндык сезим, экинчи жагынан өзүнүн саясый таасиринде кармап калуу үчүн Украинага көп каржылык жардамдарды, преференцияларды берди. Жалпысынан Россиянын 1991-2013-жылдарда Украинага көрсөткөн жардамдары 250 миллиард доллардан ашкан. Ага кошумча украиндар Россиянын Батышка кеткен газ, нефти кубурларынан жыл сайын орто эсеп менен 1,5-2 миллиард долларлык энергоресурстарды уурдап турушту. Ал тууралуу Украинанын экинчи президенти Л.Кучма “мен уурулукту токтото албайм” деп ачык айткан. Эгерде саясый эрки, каалоосу болсо, оңой эле токтотмок, бирок анын уурулукту токтоткусу келген эмес, мыйзам ченемдүү нерседей  эсептеген.

Мурдагы Союзга кирген өлкөлөрдүн 1992-жылы Алматыдагы келишимине ылайык, СССРдин сырткы карыздарынын баарын Россия төлөп, анын кенемтеси үчүн Союздун чет өлкөлөрдөгү мүлктөрүн алууга тийиш болсо, Украина адегенде ал документке кол коюп, анан Россия сырткы карыздарды төлөп бүткөндөн кийин Россиядан СССРдин чет мамлекеттердеги мүлктөрүн талашканга өткөн.

Россия ага, Украинанын сатып алган энергоресурстарынын акчаларын бир нече жылдап төлөбөй койгонуна да чыдады, миллиарддаган долларлык карыздарын кечип, уурдалгандарды техникалык жоготуу катары жокко чыгарып турду. Бирок, Украинанын жетекчилери Россиядан канча экономикалык, каржылык, гуманитардык  жардамдарды алышпасын ошончолук радикалдуу антироссиялык саясат жүргүзүп туруп алышты. П.Порошенко президент болуп турганда “десоветизация” дегендин шылтоосу менен орус элинин жана маданиятынын Украинадагы изин биротоло жок кылууга умтулса, В.Зеленский аны андан ары тереңдетти. Анын демилгеси менен Киевдин, украиндердин  эч качан Россияга, орустарга тиешеси болгон эмес, биз байыртан өз алдынча болуп келаткан этноспуз, орустар токойлордун арасында жашагандардан куралган таптакыр башка этнос деп чыкты. Акырында ал “биз НАТОго киребиз, анан эсептешебиз”- дегендей шантаж кылганга өттү. Буга кошумча Л.Кравчук ыгы келсе да, келбесе да “СССРдин омурткаларын Украина сындырган” деп мактана берди. Ага АКШдагы, Батыштагы саясатчылар “Союзду кыйратуу үчүн 31 триллион доллар сарптагандарын” жараналашса, АКШнын айрым чиновниктери БУУнун залында Россиянын өкүлдөрүн “силер жеңилген өлкөсүңөр...” деп ачык кемсинтип да жүрүштү. Дүйнөдөгү ядролук куралдардын жарымына жакынын кармап, табигый, энергетикалык чексиз ресурстарга ээ, потенциалы чоң өлкөнү антип мазактоо өтө опурталдуу болорун эске алышпады.

Алексей Арестович мына ушулардын негизинде “Кремлде В.Путинден башка адам турса деле мындай кагылышуу эртели-кеч келип чыкмак”- деген жыйынтык чыгарган. Чындыгында бирөөлөргө тийише бергендер сөзсүз эртели-кеч төшү түктүүгө жолукпай, андан өз энчисин албай койбойт. Демократия, адам укуктары, ар элдин өз тагдырын өзү чечкени жакшы, бирок демократияда тынч жашагысы келгендер  өздөрүнөн күчтүүлөргө тийише бербөөлөрү керек. Эмне дебейли, бу дүйнөдөгү негизги аргумент дагы деле күч болуп саналат. Аны азырынча эч ким жокко чыгара элек.

Бул өңүттөн алганда, Украинанын жетекчилери “денацификация” операциясын “суранып-тиленип” алгандай болуп калышты. Анын күнөкөрлөрү: Л.Кравчук, В.Ющенко, П.Порошенко, В.Зеленский жана алардын айланасындагылар.

Эгерде Украинанын бийлигинин башында авантюристтер, маскарапоздор эмес, Нурсултан Назарбаевдей даанышман, ийкемдүү жетекчилер болсо, Украинанын эли азыркыдай азап тозокторго, жоготууларга тушукмак эмес. Тилекке каршы, кандай жакшы ураан-чакырыктарды жамынышпасын эгерде мамлекеттин эң жогорку бийлигинде тажрыйбалуу, толеранттуу, алысты көрө билген жетекчилер турбаса, анын азабын биринчи кезекте эл, мамлекет тарта турганын Украинанын тажрыйбасы көрсөттү.

Мындан аркы абал кандай болот?

Бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, бирок бул факты, Украина Крымдан, Луганск менен Донецкиден биротоло ажырады. Биздин оюбузча, бул субьекттерин ал эч качан кайтарып ала албайт. Крым атам замандан бери Россияныкы болгон, Н.Хрущев 1954-жылы Украинанын Россияга кошулгандыгынын 400 жылдыгынын урматына эле Украинага белекке берип койгон. Ал эми Луганск менен Донецкиде жашагандардын басымдуу көпчүлүгүн этникалык орустар түзөт. Ушунчалык тобокелге, жоготууларга баргандан кийин аларды Россия өз колунан чыгарбайт. Луганск менен Донецкиде жакында референдум өткөрүшөт да анын жыйынтыгы менен Крымдай болуп Россияга биротоло кошулуп кетишет.

Этникалык орустар Киевде, Харьковдо, Одессада, Херсондо ж.б. шаарларда, кыштактарда да көпчүлүктү түзүшөт. Демек, “денацификация” операциясынын жүрүшүндө пророссиялык багыттагы дагы жаңы республикалар түзүлүшү толук мүмкүн. Биздин оюбузча, Россия Киев менен Харьковдон бери жагын өз таасирине киргизип, Украинаны Кара-Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратмайынча, өз операциясын токтотпойт.  Андан кийинкилерин эки тараптуу сүйлөшүүлөр чечет. “Самостийная державная Украинанын”  аймагы ширидей тарып, ал батышындагы 5-6 облуста эле калат окшоп баратат.

Бакай Чилтегин

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл