Чуу жараткан Болот Темиров өзү ким? Анын артында кимдер турат?

Акыркы убактарда көргөн-билгенинен дейре соцтармакка салып, ар кыл багыттарда көңүл бурдуруу максатында “хайп” жасап, артынан акылга сыйбаган акчаларды жасаган блоггер болумуштар көбөйдү. Заман талабында бул нерсе нармалдуу деңизчи, бирок акыркы окуяларды алып караганда, “Чындык үчүн!”- деген ураанды жамынган бир катар “Ютуб”, соцтармак шылуундары жалпы журт арасындагы стабилдүүлүктү, эл ынтымагын карандай жалган жалаа жана такталбаган маалыматтар аркылуу талкалап жатпайбы! Алар чет жердик уюмдардын каражатына кыргызды ыдыратуу саясатын жүргүзүү менен жан бакканы анык.

Бул кептин төркүнү кайда алып бара жатканын билип турсаңыз керек? Ооба, кеп акыркы кезде акылга сыйбаган жалгандар менен “хайп”кармап, Батыштын баарына жете бербеген кыйытма саясатын калк арасына жайып, эгемен элдин башын батышка багыттаган, “Temirov.live” журналисттери тууралуу болмокчу...

Жалпы эл бул топтун жетекчиси – журналист Болот Темировду кыргыз элине күйгөн патриот журналист катары эсептеп келет. Бирок, чындыгында анын жасап жаткан миссиясы таптакыр башка...

Болот ТЕМИРОВ өзү ким?

Темиров Болот Маматкасымович 1979-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.

Жаш чагын Орусия Федерациясында өткөзгөн, жарандыгы бар жана окууларын ал жактан аяктап, өлкөгө 2000-жылдын башында келип иштеп баштаган.

Алгач катардагы эле кызматкерлердин бири болуп, акырындап журналисттик кесипке ооп, экс-президент Курманбек Бакиевдин колдоочусуна айланган. Ал кездеги кландык бийликтин башкы идеологдорунун бири болуп, Оксана Малеваная башкарган секретариатта алдыңкы ролду ойногон. Далил катары айтсак, ал учурдагы кландык системанын былыктуу иштерин жаап-жашырып, калп айтуу чеберчилиги менен калктын оозун жаап, бийликтин кирин жууган ишеничтүү жүзү болгон. Ал кезде бийлик тарабынан көрүнүктүү нечендеген саясий жана коомдук ишкерлердин көзүн тазалоо аракеттери күч алган, ошондо чындык үчүн күйөт экен, Болот буларды эмнеге коргоого алган эмес? Ал тескерисинче, өзүнүн активдүү аракеттери менен президенттин жанында болуп, ага маалыматтык жактан чоң курал болуп берип турбады беле! Бул факты боюнча кечээ аны коргоп, митингге чыккан жактоочулары эмнеге ооз ачып койбойт! Анын кандай патроиот экени ошол кезде бийликтин арам аракеттерин жаап-жашырып турганынан эле билинип турбайбы!

Атайын кызматтар менен байланыш изи...

Болот Темировдо башка мамлекеттин жарандыгынын бар экендигинин өзү арбын суроо жаратат.

2010-жылдагы Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасы кыйраган мезгилде Орусияга качып кеткен. Ал жакта Орусиялык атайын кызматтары сүйлөшүү жүргүзгөн.

Сүйлөшүүлөр боюнча, Россиянын атайын кызматы Темировго ыңгайлуу шарт коет. Болот Темиров Батыштагы бир кыйла беделдүү пропагандалоочу компаниялар менен байланыш түзүшү керек. Алардын саясатын жүргүзүмүш болуп, ишенимине кирип, ички пландарын билип туруусу абзел. Башкача айтканда, ал шпион болууга макул болгон. Себеби, АКШнын айрым уюмдарынын Кыргызстанда эмне саясат жүргүзөөрү Орусия үчүн дагы абдан мааниге ээ. Болотко бул нерсе майдай жагат эмеспи, орустун дагы, батыштын дагы акчасын алып ортодо “жыргайт”.

Лже-патриоттун командасы

Ошентип, сыртта качып жүрүп, ыңгайлуу шарт менен “келишимге” жетишкен соң, Болот Темиров Бишкекке кайтып, баштапкы учурда “Factchek.kg” сайты менен иштеше баштаган. Көп өтпөй, Болот Темировдун “Демир банк” жана КICB банктарындагы атайын эсебине “НЕД” атайын багыттагы батыш фондунан гранттык акча келип, “NEW MEDIA” компаниясын негиздейт. Бул компания Темиров үчүн чоң күч болуп берет. Эл үчүн кайгырып, “тууганчыл бийлик” деп сындап, чырылдып келе жаткан Болот мырза алгач эле таза ишин жакындарынан баштап, агып жаткан мол акчанын башына койгон.

Мол акча дегенибиз, сырттан келген акчага түзүлгөн компаниясы журналисттик гана иш эмес, ары барса эң каржылуу булак делген баңгизатын да катарына камтып, аны пропагандалап, ыплас ишти мойнуна алган белем...

Ушул иштин баарын жалгыз кандай жасасын десеңиз, шашпаныз!

Бул баңги-троллдордун башында Темировдун жубайы - Махабат Тажибек кызы тураары белгилүү болгон. Мындан тышкары, Темировдун кылмыштуу медиасынын башында кайсы “эр жүрөк” адамдар турганы баарына кызыктырып турса керек...

Алгач Болот Темировдун командасынын элди алдап, карапайым адамдын кадырын тепсеп тапкан айлык кирешесинен баштасак...

Жөнөкөй блоггерлер Темировдордон кеминде 550 доллар каражат тапса, өзүнө жакын, башкаруучу адамдар 1500 доллардан 5000 долларга чейин акча алып келишкени атайын эсептин чегинен көрсөтүлгөн. Биздин өлкөдө таза мээнет менен бир дагы журналист мындай акча албайт. Демек, алардын алдына таптакыр башка максат коюлган. Журналисттик ишмердүүлүккө жамынуу менен бузукулук иштерди жайылтуулары керек!

Акылга сыйбаган ТЕМИРОВдун нарко тармактагы да кылтыйган кыңыр иштерин сүрөттөп берели. Болот мырзанын жубайы өз жерлиги Ысык-Көлдөн башка бизнес товарларынын атын жамынуу аракети менен борборго түз наркотикалык каражаттарды ташып келип, жайылтуу иштеринин башында болгону акыркы окуяларга чейин эле маалым болгону айтылууда.

Интернетке тараган сүйлөшүүлөргө караганда, Болот Темировго чет элдик кураторлору ар кандай мыйзамсыз тапшырмаларды берип, бардык керектүү жабдууларды берип турган. Адамдардын укугун бузуп, артынан түшүп аңдуу, тыңшоолорду жүргүзүү, атайын жалган маалымат таркатып, коомдук туруктуулукту бузуу – мунун баары үчүн Темиров и Ко оңбогондой акчаларды алып келген. Анан каяктагы патриот? Каяктагы мекенди сүйүү? Каяктагы “Чындык үчүн”? Мунун баары “ширма”. А чыныгы Болот Темиров – бул өз элинин чыккынчысы, чет элдик атайын кызматтардын шпиону!

Ооба, Болот Темиров боштондукка чыкты. Бийлик дагы бир жолу айкөлдүгүн көрсөттү. Бирок биз качанкыга чейин мындай чет элдик шпиондорго жерибизди тебелете беребиз? Эл качан ойгонуп, ак менен караны ажыратат?

"Фейсбуктан" алынды