Н.Анаркулов: Гезитибиз баштапкы элдик гезит болуу позициясынан тайган жок.

- Нургазы мырза, “Майдан.kg” гезити он жылдыгын белгилөө алдында турат. Алгач юбилейиңиздер менен куттуктайм. Айтып берсеңиз, гезит кандай максат, кандай багыт менен ачылган?

- Куттуктооңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Гезиттин уюштуруу, түзүү убагына келе турган болсок, бул 2010-жылга таандык. Ал жылы өзүңүздөр билесиздер, бийлик алмашып, өлкөдө ар кандай окуялар орун алып, кырдаал курчуп турган кез болчу. Ошол убакта журналист катары коомдогу көрүнүштөр боюнча бир топ сын макалаларды жазып жаттым. Бирок аны элге жеткирүү кыйын болду, макаламды көтөрүп алып, ар кайсы жерге алып барам, бирок дайыма эле чыгарууга мүмкүнчүлүк болбоду. Чындыкты коомчулукка жеткире албай убара тарттым. Журналист болгондугумдан Ош коогалыңынын жабырлануучуларынын “Биздин үнүбүздү жеткир!”,- деген сураныч-талаптарына туш болдум. Бирок ал кездеги бийликтин чындыктын жолун бууп, турганынан, суранычтарды толук кандуу аткара албай айлам кетти. Анан өз алдымча гезит ачууну чечтим. Гезитти 2010-жылдын 21-декабрында каттоодон өткөргөнбүз. Быйыл чыгып баштаганына он бир жыл болду. Былтыр пандемия күчөп турган маалга туш келгендиктен, мааракебизди быйылкыга жылдырган болчубуз. Буйруса, чоң салтанат менен гезитибиздин туулган күнүн белгилейли деп турабыз.

- Башталгандан бери гезит үзгүлтүксүз чыгып келатат. Чоң саясий окуялар орун алган жылы өмүрүн баштаган экен, андан кийинки жолунда кандай кыйынчылыктар коштоду?

- Ооба, гезитибиз он бир жылдан бери бир да жолу үзгүлтүккө учураган жок. Албетте, башталыш этабында кыйынчылыктар көп болду. Негизи, кайсы ишти болбосун баштоо оор. 2011-жылы президенттик шайлоо болду, саясатчылар ич ара тирешип, эл да саясатташып, адилеттүүлүк, акыйкаттуулук деген нерсе таразага аябай салынып калган. Ошол маалда элдин үнүн чагылдырып турган элдик гезиттер жокко эсе болчу. Биз ошол боштукту толтуралы дедик. Негизи эле, гезитибиз баштапкы элдик гезит болуу позициясынан тайган жок.

- Эмнеге “Майдан” деп атагансыз?

- Ат коердо аябай издендик, көп аталыштарды карап көрүп, “Майданга” токтолдук. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында Кыргызстанда демократиялык кыймыл чындап жанданганда анын активисттери “Майдан” аттуу гезит ачышып, ага кайталангыс акын Аман Токтогулов редакторлук кылган. Ал басылманын өмүрү узак болгон эмес, ыраматылык Аман агабыз кайтыш болгондон кийин жабылып калган. Бизди ошол гезит менен байланыштырып, андагы башталган ишти уланткандай кабылдагандар бар. Бирок ал гезит такыр башка, биздики башка. Биз сөз эркиндигинин, саясаттын, маданияттын, деги эле коомдун чар тарабынан майданы бололу, трибуна болуп берели деген ниетти койдук.

 - Чындыкты чагылдыруунун кесепеттери көбүрөөк болот эмеспи, анын айынан куугунтукка кабылып, кысымга алынган учурлар болдубу?

- Чынын айтканда, он жылдын дээрлик бардык учурунда биздин гезит куугунтукка алынып келди. Биз оппозициялык гезит бололу деп умтулган эмеспиз, чындыкты жазганыбыз үчүн бийлик бизди оппозиция катары кабыл алды. Ошондон улам, Убактылуу өкмөттүн учурунда, андан кийин Атамбаевдин маалында кысымга да, куугунтукка да кабылдык.  Архивди аңтарып карай турган болсоңуздар, гезиттен бийлик ээлеринин өздүк сапатына асылып, шылдыңдаган макалаларды таппайсыздар. Биз алардын ишмердүүлүгүнө гана сын айттык. Артыбыздан аңдып, суракка алышып көрүшкөн. Соттор аркылуу муунтуу аракети болду. Жада калса, чакырып, “биз менен иштеш, мынча төлөп беребиз”- деген күндөр болгон. Жок, позициябызды саткан жокпуз. Артыбызда окурман бизге ишенип олтурса, элдин кызыкчылыгын сатып кеткен туура эмес! Мындан кийин дагы ушул элдик позицияны карманабыз!

Баса белгилеп айтып кое турган маселе – акыркы он жылда акыйкаттык үчүн күрөшкө чыгып, жалган жалаа менен абакка түшкөн саясатчылар көп болду. Маалыматтык ресурс жагынан бийлик утушта, күнү-түнү саясий себептер менен камакта олтурушса да, жеп-ичкич катары каалашынча каралап турушту. Адилетсиздикке тушуккан саясатчылардын үнү элге биздин гезит аркылуу жетип турду. Муну ошол саясатчылардан сурасаңыздар айтып берет, же гезиттин архивин аңтарсаңыз болот. Биздин ушундай бийликке кескин, келишпес позициядагы адамдарга трибуна болгонубуз да бийликке жаккан жок. Ошондону уламбы, бийлик өзүнөн-өзү бизди душман тутуп алган.

- Ошол жылдары Кыргыз гезиттер биримдиги түзүлгөн болчу, ага сиз да катышкансыз да?

- Ооба, бул дагы биздин гезиттин тарыхындагы орчундуу окуя болуп калды. 2012-жыл болсо керек эле, Кыргыз гезиттер биримдигин (КГБ) түздүк. Анын түзүлүш себеби мындай – А.Атамбаев резиденцияга 7-ноябрь басма сөз күнүнө карата журналисттерди чакырып, кыргыз гезиттерин абдан жамандаган. Бул бизге оор тийди.  Туура баамдаган адамга коомду көтөрүүгө, адилеттүүлүктүн тайып кетпешине кыргыз гезиттеринин салымы чоң болду да. Андан кийин жети-сегиз кыргыз гезиттери биригип, бир күч болуп, чыркыраган чындыкты чагылдыра баштадык. Бийликтин айласы кетип калган. Ич ара бөлүп-жаруунун үстүндө иштешти. Ал да пайда алып келбеген соң, андагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев КГБнын мүчөлөрүн жапырт кабыл алып, төрагабыз, раматылык Бабырбек Жээнбековду кызматка тартууга уруксат сурады. Жеке мен макул болгон эмесмин. Бирок, көп өтпөй Б.Жээнбеков кызматка кетти, андан кийин бирден тартып олтурушуп, КГБнын иши солгундай түштү. Бүгүнкү күндө да бирок КГБны жандандырып жатабыз. “Кыргыз гезит-сайттар биримдиги” катары атын бир аз сайттарды кошуп өзгөртүү менен иш алып бара жатабыз. Анткени, чындыкты жеткизип турсак, азыркы бийликке дагы кыйла жеңил болот деп ойлойм.

- Гезитти таратуу жагын кантип жолго койдуңуздар?

- Азыр эми мурдагыдай “Союзпечать” жок. Гезитти чыгаруу өзүнчө түйшүк болсо, аны окурманга жеткирүү башка түйшүк. Мамлекеттин көмөгү болбойт. Бир гана жол – жеке сатуучулар аркылуу таратуу. Дүң базар болот, ошол жерге алып барып жеке сатуучуларга беребиз, алар аймактарга жеткиришет. Почта аркылуу жазылуу да жүргүзүп көргөнбүз, бирок анын убаракерчилиги көп экен. Биринчиден, почта кызматы гезитти адресатка эки-үч жума дегенде араң жеткирген учурлар болду. Анан да акчасын убагында ала албайсың. Ошондуктан, почта кызматынан баш тартып, жеке сатуучулар менен эле иштешебиз. Гезитибиз бардык аймактарга жеткирилет.

- Он жыл оңой убакыт эмес. Чыгармачылык  жамаатка ысык-суук, оош-кыйыш күндөр жакшы эле эпкинин тийгизсе керек?

- Гезиттин түйшүгүнө өмүр бою гезитте иштегендер эле чыдабаса, башкалар чыдабайт. Бизнесмен таанышым бар эле, “Гезит чыгарам”, - деп калды. “Чыгара албайсың”- десем, болбой ачты. Он санын чыгаргандан кийин кайра жаап салды. “Бул гезит деген кудук турбайбы. Канча акча салсаң да аз болот экен”, - дейт. Чындыгында, азыркы шартта гезит чыгаруу, анан аны каржылык жагынан алып кетүү абдан оор. Чыгашага гана иштейсиң, анча-мынча жарнама гана болбосо, киреше жокко эсе. Ал эми чыгармачылык жактан кыйынчылык болбоду, саясий теманы жазган журналисттер кандай учурда болбосун чоочулабай эле, өздөрүнүн фамилиясы менен жазып келишти. Куугунтук гана кыйнабаса, чыгармачылык жактан позициясына бекем журналисттер иштеди.

 - Интернет өнүккөн заманда маалымат алуу оңойлошуп калды. Интернет сайттары, соцтармактар бар. Мындан улам гезитке болгон суроо-талап жоюлуп кетпейби?

- Бул өтө курч маселе. Америкада интернет пайда болгондо, “гезиттердин келечеги жок” дешкен. Бирок мындай божомолдордун баарын жокко чыгарып, ушул кезге чейин гезиттер чыгып келатат. Бизде деле маалыматты кагаз аркылуу алууга көнгөн катмар бар. Анын үстүнө, интернеттен жаңылыктан гана кабардар болосуң, ал эми гезитте ошол жаңылыкты иликтеген, жиликтеген анализдөө, иликтөөлөр жарыяланат. Бул чоң айырма. Ошондуктан, кандай кыйынчылык болбосун гезитти туруктуу чыгара беребиз. Учурда Кыргызстанда кыргыз тилдүү туруктуу чыгып жаткан ашып кетсе төрт-беш гезит калды. Мен сыяктуу эле оорчулукка карабай гезитти тынымсыз чыгарып келаткан кесиптештерим бар.

- Маек соңунда өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикириңизди айта кетсеңиз. Жакында болуп өткөн парламенттик шайлоо тууралуу кандай ойдосуз?

- Бул жолку парламенттик шайлоо мурунку шайлоолорго салыштырмалуу таза, эркин өттү. Айрым кемчиликтер да болду. Мисалы, БШКнын сервериндеги катачылык, ал дагы адам факторуна байланыштуу экен. Бир нерсени баса белгилеп айта кетпесем болбойт, президент Садыр Жапаров таза, демократиялуу шайлоолорду өткөрүп берүүнү убадалаган болчу. Ошол сөзүнүн өтөөсүнө чыкты. Анча-мынча катачылыктарды бетине кармап, башаламандык орнотууга аракет кылган саясатчылардын кыйкырганын эске албаганда, жалпы элде нааразычылык жоктугу көрүнүп турат.

 - Деги эле бийликтин жасап жаткан ишине кандай баа бересиз? Жакшы жакка жылыш барбы?

- Учурдагы бийлик бир жыл мурда элге бир катар убадаларды берген.

Биринчиден, жоопкерчиликсиз бийлик бутактарын жоюп, бир баштуу бийлик түптөөнү айтышкан. Бул убадасын кыска убакыттын ичинде Конституциялык кеңеш түзүп, анын курамына бүт бардык кызыкдар тараптын өкүлдөрүн киргизип, жаңы Конституция кабыл алуу менен аткарышты.

Экинчиси, “Кумтөр” элге өтөт дешкен, ал аткарылды.

Үчүнчүдөн, корруцияга каршы күрөш жарыялоону убадалашкан. Азыр Камчыбек Ташиев бул багытта кандай иштерди жасап жатканына баарыбыз күбөбүз. Мурда коррупциянын чабактары гана кармалып келсе, азыр кимдигине карабай мамлекеттин чөнтөгүнө кол салгандын баары жоопкерчиликке тартылышты.

Албетте, кемчиликтер да бар. Бирок иштебеген адамда гана кемчилик болбойт. Бул бийликтин келгенине эми гана бир жыл болду. Кандайдыр бир тыянак чыгарууга, “болбой калды”, “оңбой калды” деп айтууга эрте.

 - Сөз соңунда сизге эркин микрофон.

- Кыргыз мамлекети кандай гана окуяларды башынан өткөрбөдү. Бүтүндүгүбүздү, мамлекеттүүлүктү сактап келатканыбыз - башкы жеңишибиз. Кандай учур болбосун, биринчи кезекте ар бирибиз мамлекеттин келечегин ойлошубуз керек. Өлкөбүз өнүгүп, элибиз бакубат турмушка жеткен заманды насип этсин. Бизде сөз эркиндиги бар. Аныбыздан айрылбайлы. Кыргызстандыктарды кирип келаткан Жаңы жылы менен куттуктайм. Ар бир үйдө жакшылыктар гана болсун.

 

Маектешкен Алтынбек Бектуров, Булак: “Майдан. kg” гезити