Парламенттик шайлоого 2 күн калды. 

Учурда үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жолку үгүт маалында мурдагыдай ачык болбосо да, жашыруун, ар кандай ыкма менен добуш сатып алуулар болуп жатканы айтылып келет. 

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоону таза өткөрөрүн байма-бай белгилеп, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо жараянына кийлигишүүсүнө уруксат бербей турганын, добуш сатып алган да, саткан да жазаланарын эскертүүдө. Анткен менен добуш сатып алуу дале бар экени, бирок жаңы түрлөргө өткөнү тууралуу эл арасында, ошол эле талапкерлер арасында айтылууда. Маселен, түн ичинде акча таратуу, көмүр сатып берүү, бекер азык жеткирүү, кайсы бир нерсесин оңдотуп берүү сыяктуу «жең ичинен соода» жасалып жатканы кабарланууда.

«Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев да КТРКда өтүп жаткан теледебат учурунда добуш сатып алуунун жаңы түрү пайда болгонун, бул нерсе дагы эле көйгөй боюнча калып жатканын билдирген.

«Мен бир кызык окуя айтып берейин, кайсы шаарда болгонун айтпай эле коеюн, айрым талапкерлер дүкөндөр менен ымдашып иштешип жатыптыр. Шайлоочу дүкөнгө кирет экен, дүкөнчү: «Ушуну шайлайсыңбы?» — деп партиянын сүрөтүн көрсөтөт экен. Анан кардар макул болсо, дүкөндөн 2000 сомго чейин өзүнө керектүүнү ала берсе болот экен. Кыргыздар дагы бир жаңы жолун таап жатат».

Шайлоолорго байкоо жүргүзүү, жарандардын өлкөнү башкаруу иштерине активдүү катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн «Жалпы иш» коомдук уюму алдыдагы өтүүчү шайлоого карата узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу алдын ала отчётун жарыялаган.

Анда 2021-жылдын 25-октябрынан 18-ноябрына чейин байкоочулардан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 127, анын ичинде шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча — 111, добуштарды сатып алуу боюнча — 8, административдик ресурсту кыянат пайдалануу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар боюнча 8 билдирүү келип түшкөнү айтылат.

Айрым маалыматтарга караганда, шайлоочуларды сатып алуу той берүү, куран окутуу, маараке өткөрүү сыяктуу ар кандай иш-чаралардын фонунда жасалган учурлар да болууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин үгүт өнөктүгү маалында электрондук төлөмдөргө байкоо жүргүзөрүн кабарлаган. Электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу учурларын аныктоо боюнча бир нече чечим кабыл алынган. Ал чечимдерге ылайык, 15-ноябрдан 18-декабрга чейин банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөр көзөмөлгө алынып, кыска убакыт ичинде бир жерден же бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммадагы транзакциялар күмөндүү төлөмдөр катары кабыл алынып, тыкыр текшерүүгө алынат.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо өнөктүгү учурунда кызмат акы сураган, жол оңдоп берген же башка материалдык нерсе сураган фактылар катталганын, бирок электрондук төлөм боюнча арыз түшө электигин билдирди.

«Электрондук төлөм аркылуу добуш сатып алуу фактысы кездеше элек. Бирок ушундай маселе болбошу үчүн атайын жумушчу топ тарабынан банк мекемелеринин өкүлдөрү менен жол-жоболорун изилдеп чыгып, азыр көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Буларда талапкер, талапкердин өкүлдөрү, штабындагы кызматкерлер тарабынан башка бирөөлөргө акча которуулар жүзөгө ашырылган болсо, ушуга окшогон банк мекемелеринин изилдеп чыга турган, мониторинг жүргүзө турган технологиялары бар экен, ошолордун негизинде көзөмөл жүргүзүлүп жатат». 

Жазык кодексине ылайык, шайлоочулардын добушун сатып алуу 260 миң сомго чейин айып пул салынуучу же 2 жыл 6 айга чейин эркиндиктен ажыратуучу жоопкерчиликке тартуучу жазык жактан жазалоочу кылмыш болуп саналат.

Булак: "Марал" радиосу