Бул тууралуу абакта жаткан  Абдулла Юсупов жактоочусу аркылуу билдирди

“Кандуу Ош окуясы эч качан болбойт болчу. Балээнин баары Текебаев менен Кадыржан Батыровдун бириккенинен чыкты. Болбосо бейпил жаткан эл эмнеге согушсун. Нан жаап, тамак жасап сатып тиргилик кылган өзбек эли кантип кыргыздарга кол көтөрсүн?

Ошол учурда ызы-чуу болуп, бийликти толук алмаштыра алышпай  Бакиевдер өлкөдөн чыкпай, Түштүктөгү резиденцияга барып жатып алды. Анан Текебаев Кадыржан Батыровго “эптеп Бакиевди өлкөдөн чыгарып бер. Үйлөрүн өрттөйсүңбү, эмне кыласың, кыскасы чыгар. Анан мен сага Жалал-Абадды башкарууга берем. Толугу менен сен башкарасың. Конституция кабыл алынганда өзбек тилине макам берем” деген убадаларды берип, күүлөп койгон. Анан бизге да "Бакиевдердин үйүн өрттөгүлө"- деп, өзү периште болду да баардык арам иштерге бизди кошуп түртүп салды.

Жыйынтыгында күүлөнүп алган Кадыржан Жалал-Абадка гана эмес, бүтүндөй түштүк аймагына ээ болуп, өзүнчө башкаргысы келип, кызыл кыргынды баштады. "Өзбек тилине жана өзбек элине озгөчө статус алып берем, өзүңөр башкарасынар"- деп туруп үйдө жаткан өзбектин баарын көчөгө чыгарган. Мунун баарын Асылбек Текебаев аркылуу уюштурган.

Бакиевтердин үйүн өрттөп, "Ата Мекен" менен кошо жүргөн Тайхужа деген өзбекти губернатордун биринчи орун басары кылып Текебаев дайындатты. Ошонун кесепети болду  "Бакиевтерди кууп чыккыла"- деп Теке анын сыйына өзбектерге автономдуу аймак макамын убадалаган.  Ош окуясынын башы ушинтип башталды.

Эми болсо периште болуп, аймактарды кыдырып, бийликке сын тагып жүрөт.  Бул дүйнөдө болбосо да, акыретте сөзсүз баарын моюнуна алат. Эми максатына жетиш үчүн ушунча арам адал жолдун баарын колдонгон Текебаев кыргыз саясатындагы өтө коркунучтуу, өтө ыплас, өтө жийиркеничтүү адам экенин далилдеп турбайбы. Текебаев Жылдызкан Жолдошеваны сүйлөтпөй жыйындарда бакырып тура калчу эле го. Балекети бар, бул жаранын оозун ачкысы келбейт. Эгер ачылса Текебаев бул дүйнөгө жаралып калганына өкүнөт”,- деген сөзү соцтармактар аркылуу таркатылды.

Булак: “Фейсбук” баракчасынан