Коррупция фактысы боюнча ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды
Коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
УКМК Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК 2021-жылдын 15-январында Ош шаарында ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармады. Ошол эле учурда, УКМК менен ИИМдин тергөө кызматынын биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Жантай Шаменов Чүй облусунун аймагында кармалган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төрөкуловго УКМКнын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган.
Шаменов Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Кабар