Бишкек, “Саясат.kg”. Депутат С.Келдибаевдин пара алып кармалган бажыдагы иниси мамлекетке жүз эсе көп чыгым төлөгөнү белгилүү болду!

Кыргызстанда 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген бийлик коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш ачканы белгилүү. Айрыкча, карапайым эл бажыдагы коррупцияны канча убактан бери кан какшап айтып келе жатат. Бирок, андай арам иштердин жаап-жашырылып келгендиги акыркы жылдары кадимки көрүнүшкө айланган. Эл ырыскысын жегендердин желин чыгарып, бажы тармагына тартип алып келүү менен жаңы бийлик ишин жакшы баштап отурат. Ага Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспекторунун 1000 (миң) доллар пара алып жаткан жеринен кармалышын мисалга тартсак болот.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, колго түшкөн 48 жаштагы К.М.А. Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча талап кылган. Андан да бул адамдын Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууган иниси экени да элдин үрөйүн учурду! Качан эле депутаттардын, министрлердин бир туугандарын мындай кой, дос, тааныштары жогорудагыдай мыйзамсыз иш-аракети үчүн кармалчу эле. Демек, бул ошол эле пенсионерлердин, ошол эле мугалимдердин, ошол эле врачтардын, ошол эле мамлекеттик кызматкерлердин таман-акы, маңдай тери менен ала турган айлык маянасына бөлүнчү каражаттардын ушундай коррупционерлердин сол чөнтөгүнө кетип жатканынын бир эле көрүнүшү.

Депутат С.Келдибаевдин бажы кызматындагы тууганынын пара алышын көлдөгү бир тамчы десек, элдин үмүтү актала турган иштер али алдыда экенине шек жок. “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деген ушул! УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев: “Мындан кийин коррупционерлер ээн-эркин жүрө албайт!”, - деп катуу айткан. Ошол сөзүнө ишене турган болсок, депутаттын иниси 1000 доллар менен кармалып, кайра 100 000 (жүз миң) доллар төлөп, үй камагына чыккандыгы бардык коррупционерлерге ушундай катуу мамиле болот дегендик!

Камчыбек Ташиевдин кадамдары эл тарабынан дагы колдоого алынууда. Экинчи жагынан ал жаңы президент болуп шайланган досу Садыр Жапаровго ишенимдүү тирек болууда!