Социалдык фонддун төрагасы эки айга камакка алынды

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Биринчи май райондук сотунун 20-ноябрдагы чечими менен Ирсалиев 2021-жылдын 17-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эскерте кетсек, Ирсалиев УКМК тарабынан 18-ноябрь күнү кармалган.

Булак: Кабар