Коопсуздук кызматкерлери пробация бөлүмүнүн башкы кызматкерин пара алып жатканда кармап кетишти
«С.А.С.» аттуу жарандын арызы боюнча 27-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки иликтөөнү АМС КЖЖБР каттады.
Ош шаарындагы пробация бөлүмүнүн башкы кызматкери "А.А.М." , "С.А.С" аттуу жарандан соттон эрте шарттуу түрдө чыгарып берүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн 38 миң сом талап кылган.
УКМК тарабынан 2020-жылы 1-сентябрда Ош шаарында 38 миң сом алып жаткан жеринен “А.АМ” кармалды. Ал №53 СИЗОго камакка алынды.
УКМКнын пресс-борбору