Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук кызматтын кызматкерлери 3 кг алтын уурдап алган ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлерин кармашты.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында  ИИМдин кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кымбат баалуу зергер буюмдарды сатууга шектелгендерди кармап, тинтүү жүргүзүү учурунда 3 кг алтын уурдалган.

УКМК тергөө иштерин жүргүзүп, 22-августта кылмышка шектүү катары ИИМдин К.И.К.», «С.А.А.» жана «К.Б.Б.» аттуу 3 кызматкерин кармады. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: Элгезит