Бишкектеги Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн качкан Турдубеков Бакыт Ташполотович кармалды.

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, уурулукка шектелип кармалган 50 жаштагы Турдубеков 3-июнда качып кеткен.

«8-июнга караган түнү милицияга Өскөн-Ордо жаңы конушунда издөөгө алынган шектүү кармалганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түштү. Кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөттү. Ал Бишкектеги Ленин РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, качып кеткен адам Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча шектелип кармалган.

Учурда анын качып кетүүсүнө жол берген милиция кызматкерлерине карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: Элгезит