Бишкек, “Саясат.kg”. Окуя Нарын шаарында болгон.
2013-жылы бир нече кылмыштарга шек саналып, Казакстандын Алматы облусунда кармалып, Кыргызстанда соттолуп, кийин жатак абакка которулган, “Лимонти” деген каймана ат менен таанымал болгон кримтөбөл Алмаз Сулаймановду бүгүн саат 13:15 чамасында Нарын шаарында өлтүрүп кетишти. Коомчулуккка желдей тараган маалыматка караганда, “Лимонтини” өлтүргөн кылмышкер сөөктүү салып алып, милицияга өзү келген.
Кылмышка шектүү катары камакка 1998-жылы туулган Талгат Шамиев кармалган. Ал атасы Имаш Шамиевдин өчүн алганын билдирди.
1998-жылы Алмаз Сулайманов бул кылмышы үчүн атууга соттолуп, бирок бул чара Кылмыш-жаза кодексинен алынгандан кийин, 25 жыл түрмөгө алмаштырылган. 18 жыл олтуруп, Нарынга жатак абакка которулгандыгы белгилүү.
Алгач Талгат Шамиев “Лимонтинин” унаасын сүзүп токтоткон. Андан кийин бычактаган.