Сапарали Бөрүбаев: “Биз кенди иштетпейбиз, бизге таза суу, таза жаратылыш керек!” 

13-февралда Лейлек районунун Катыраң айылдын кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Ага “Мушташты” деген айып тагылууда. Көрсө, жергиликтүү кеңештин башка депутаты арыз жазып койгон экен. "Чек ара" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлжигит Исаковдун айтуусунда, сыягы, бул атайылап эле жасалган чагымчылык окшойт. Себеби чатак алгач кер-мур айтышуудан башталган же С.Бөрүбаевди атайлап ушул жолго барууга түртүшкөндөй. 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Сапарали Бөрүбаев 14-февраль күнү Жазык Кодексинин 266-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, “ээнбаштык” фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

Милициянын маалыматында, 12-февраль күнү саат 19.00 чамасында эч бир себепсиз сөгүп, сабады деп, Сапарали Бөрүбаевге каршы Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну арыз жазган. Арыз ээсинин жараатын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган.

Аны кармалышынын дагы бир себеби, айылдагы алтын кенге да байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени Сапарали Бөрүбаев кендин казылышына каршы чыккан. 12-февралда жергиликтүү депутаттар чогулуп, айыл өкмөттө сессия болуп өткөн. Ал жерде кенди иштетүүчү компания тарабынан 21 миллион сом бөлүнө турган болгон. Эгер ошол акчаны айыл өкмөтү иштетсе, анда кенди иштетүүгө макул болду дегенди түшүндүрмөк. Ал учурда Бөрүбаев ага каршы туруп, “бизге ал акчанын кереги жок, биз кенди иштетпейбиз, бизге таза суу, таза жаратылыш керек”- деп каршы чыккан. Ошондо дагы бир депутат менен пикир келишпестик болуп уруша кетишкен, бирок мушташкан эмес. Ага карабай Бөрүбаев менен уруша кеткен адам ооруканага жатып алган. 

Кыргызстанда 465 айыл өкмөтү бар, алардын ким экендигин, эмне жумуш жасап кыйратып койгондугун эл эмес, өкмөт башчысы деле билбейт. Ал эми Сапарали Бөрүбаев - кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатат деп сындап келаткандардын бири катары бүтүндөй кыргыз журтуна таанылып калган. Демек, бийлик мындай мекенчил, эр жүрөк уулдарын камабастан, кайра колдош керек болчу...

Булак: “Майдан.kg” гезити, №07 (442), 19.02.2020-ж.

 

Тема: