Бишкек, “Саясат.kg”. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады

КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган, КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматтынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 АКШ долларын түзгөн жана Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан тамеки заттарын мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уруксаатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталган.

Айтылган факты боюнча 2020-жылдын 9-январында мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери, 1982-жылкы М.Б. аттуу жаран кармалып, Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык шектүү катары Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.