Бишкек, “Саясат.kg”. 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча 14 кылмышка шектүү  жарандарга байланыштуу тергөө иштери аяктады, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы 

“КР Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык баш-аламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча 14 кишиге шектүү катары маалымат кабар берилип, тергөө амалдарынын аяктаганы тууралуу билдирилди жана кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу иш чаралары башталды”,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми калган кылмышка шектүүлөр боюнча материалдар өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки өндүрүш уланып жаткандыгы да кабарланды.

Тема: