Чак түштө үч зөөкүр Болот Темировду тепкилеп, телефонун тартып алып кетишкени, алар видео байкоого да түшүп калышканы интернет айдыңына желдей тараган. 

Бул боюнча коомчулукта курч талкуулар жаралып, ар кандай маанайда баа берилүүдө. 

Депутат Жанар Акаев билдирүү жасап, ИИМди сынга алып, эгерде журналистти сабагандар табылбаса, анда министр Кашкар Жунушалиев отставкага кетиши керек экенин билдирди. О.э. буга чейин криминалдык күчтөрдүн баш көтөргөнүн белгилеп, ишкерлерди өлтүрүү, талап-тоноо сыяктуу коомчулукка коркунуч жаралганын да кошумчалаган. Аныгында, министрдин иштей албай аткандыгы үчүн сын пикирлер курчуп кетти...

Ооба, журналисттин окуясы боюнча милиция кызматкерлери ыкчамдык менен издөө салышканда, зөөкүрлөрдүн кеткен багыттарын кубалоо менен сары издерине түшүшсө болбойт беле? Учурда шаар ичинин баарына видео байкоолор орнотулган да. А эмне үчүн ушул убакка чейин кылмышка шектүүлөрдү Кашкар Жунушалиев кармата албай жатат? Таңгаласың, колунан кокон тыйын келбесе бийликке сөз тийгизбей, элди да кыйнабай кызматынан кетпейби?..

Aryba.kg