Сүф-сүф!

ИИМ тармагында интрига күч экенин эч ким тана албайт. Бирок, бүгүнкү күндө министр Кашкар Жунушалиевдин “кол балдары” ашыкча чектен чыгып кеткени айтылууда.

Алсак, Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын батальонунун башчысы Нурбек Салымбаев деген “ажыдаар” өсүп чыгыптыр. Бул “ажыдаар” же тагыраагы Нурбек Салымбаев мурунку сөз менен айтканда МАИ тармагынын учурдагы жетекчилигин уруп ойнобой, өзүм билемдик менен дөөгүрсүп, керек болсо жетекчиликке каршы чыгып, каяша айтып, терс аяктанат экен. Мындай “дух” менен ээн-эркин жүргөнүнө анын айылдашы, классташы, учурда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев себепкер тура. Анткени, Канат Жумагазиев кезинде так ушул МАИ тармагын жетектеген. Балким ошондо Салымбаевге окшогондордон “мафия” түзүп кеткендир.

Эң кызыгы, Нурбек Салымбаев ар кандай келишпестик, же анын пикирине каршы чыгуулар болсо “министрге айтам, Кашкарга чыгам,”- деген кептерди өз жамаатына догурунуу менен таңуулаарын эшиттик. Деги биздин өлкөдө, милиция тармагында Салымбаевге окшогон “погончон оборотендер” канчага чейин өздүк курамдын канын соро берет?!

Бизге жеткен маалыматтарды анализдөө, жүйөгө келтирүү, толуктоо процесси жүрүүдө. Келээрки санда Салымбаевдин министр Кашкар Жунушалиевдин атын жамынганы, Канат Жумагазиев менен мамилеси, Президенттин күзөт кызматындагыларга коштоп жүрүү жаатындагы мамилелерде оройлугу, өздүк курамдын эс алуу өргүүсүнө чыгуудагы акча каражатына “взнос” киргизип, акча топтогону, же турмуш-шартка байланыштуу убактылуу жумуштан суранып кетип жаткандарга “отметка” киргизгени, батальондогу моралдык-психологиялык абал, дагы да бир топ “концерттери” туурасында кеңири кеп кылмакчыбыз.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.