Самарбек Осмон уулу: “Он-ондон комнаталарга алып кирип, үчтөн дубинкалар менен сабашты. Баары беткапчан” 

Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганын билдиришти. Алардын айтымында, 80дей кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан кармап кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алышкан.

Хабаровскиде алты айдан бери айдоочу болуп иштеп жүргөн Самарбек Осмон уулу - 12-декабрдын кечинде орусиялык күч кызматкерлердин зомбулугунан жабыр тарткандардын бири. Ал кечки саат ондордо унаа токтотуучу жайга ОМОН кызматкерлери келип, айдоочулардын баарын кармап кеткенин айтат: “- Бизди уруп, телефон, документтерди алып коюшту. Таң аткыча сабашты. Мен ооруканага барсам, паспортум жок кабыл алышпады. Азыр үйдө жатам. Акыбалым оор. Кабыргам сынган, бетим гана таза, калган денем көгала. “Эмне үчүн?” деп сураганга мүмкүнчүлүк беришпеди. Он-ондон комнаталарга алып кирип, үчтөн дубинкалар менен сабашты. Баары беткапчан. Кайсы кызмат, кайсы бөлүм, кимдер экенин көргөн жокпуз. Кээ бирөөлөрдүн миграциялык кагаздарын ооздоруна тыгып, артынан суу ичиришти”.

Ур-токмокко алынган мигранттардын айтымында, күч кызматкерлери аларды Хабаровскидеги Воронежский көчөсүндөгү №1 имаратка алып барып сабашкан.

Айдоочулардын бири Жыргалбек күч кызматкерлери мигранттарды ур-токмокко алаардан мурда имараттагы видеокамераларды жаап коюшканын билдирди: “- Камераларды скотч менен чаптап коюшту. Бардыгыбызды ылдый каратып отургузуп алып, сабай башташты. “Кызылдан өтөсүңөр”, “акчасы жок жүргүнчүлөрдү түшүрүп саласыңар”, “ээн баш болдуңар” деп сабашты. “Кебетеңер жакпайт” деп сөгүштү. 4-5 баланы жаман катуу сабап коюшту. Бир бала тилин чайнап сала жаздады. Кашык менен оозун эптеп ачтык. Таңкы төрттө кое беришти. “Эртең кадимкидей ишке чыккыла” деп кое беришти. Кээ бир балдардын документтерин, телефондорун кайтарышкан жок”.

16-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Россиянын элчилигинин кеңешчисин чакырып, кыргызстандык айдоочулардын орусиялык тартип коргоочулар тарабынан сабалганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын жарандарына кызмат абалынан пайдаланып күч колдонуп, мыйзамга каршы мамиле кылган окуяны сынга алды. Кыргыз тарап буга байланыштуу ишти калыс иликтөөнү камсыз кылууну жана кыргызстандыктарды ур-токмокко алгандарга катуу чараларды көрүүгө чакырды.

Булак: “Майдан.kg” газетасы