Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандардын абалы тууралуу маалымат берди. 

Жалпысынан 14 киши жабыркаган. Алар:

-1978 жылы туулган Ж.Б., Моюнунан жаракат алган, абалы туруктуу.

-Жаш бала, О. 12-жашта. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан аты фамилиясын айта албайт.

-1976 жылы туулган Р.К., Сол бутуна ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.

-1973 жылы туулган У.Р., Оң бутунан жана сол согончогунан жаракат алган. Абалы орто оор, туруктуу.

-1973 жылы туулган Э.Р., Курсагына ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.

-1978 жылы туулган А.З., Сол акырегинен октон жаракат алган . Абалы орто оор, туруктуу.

-1998-жылы туулган Т. у Г.,  аскер кызматкери. Оң бутунан ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.

-1997-жылы туулган М. О., Оң көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Абалы орточо оор.

-1980-жылы туулган С. Ж., аскер кызматкери. Санынан жаракат алган. Абалы орточо оор.

-1989-жылы туулган Т. М., аскер кызматкери. Ийиндин үчтөн бир бөлүгү жаракат алган. Абалы орточо оор.

-1992-жылы туулган К. К., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө.

-1995-жылы туулган А. У., г.р., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандардыруу бөлүмүндө.

-1989-жылы туулган Т.у Э., аскер кызматкери. Абалы оор.

-1978-жылы туулган М. Р., аскер кызматкери. Каза болду.

Булак: "МаралFM"

Тема: