Кырдаал курчуй баштаганын жеринде жүргөн журналисттер билдирүүдө. 

 

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары арасында кайрадан тирешүү башталды. 

 

Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост орнотулду. Анын ар биринде 50дөн 150гө чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар.

 

Бүгүн Кой-Таш айылы тарапка ондон ашык автобус менен күч түзүмдөрү бара жатканы айтылууда. Ички иштер министрлиги бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

 

Маалыматтарга караганда, алардын басымдуу бөлүгү атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү болушу мүмкүн.

 

"Марал"
 

Тема: