Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кечээтен бери кармалып турган алты жоокер кое берилди.

 

"Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, баарын тең бир машинага салып кетишти.

 

КСДПдын лидеринин орун басары Фарид Ниязов аларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү алып кеткенин айтты.

 

7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иштин алкагында мурдагы президентти үйүнөн алып кетүү аракети көрүлдү, бирок ишке ашкан жок. Натыйжада ал жакка барган УКМКнын "Альфа" бөлүгүнүн кызматкерлери менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда тутанган кагылышуудан атайын кызматтын офицери набыт кетти, дагы 51 адам түрдүү жараат алды.

 

Жоокерлерди Атамбаевдин үйүнөн тарапкерлери сүрүп чыгып, алтоону кармап калышкан.

 

Бүгүн алар Кой-Ташка жогору жактан берилген буйрук боюнча барганын, бул үчүн өкүнөрүн айтышты.

 

Алты жоокер кое берилгени тууралуу Ниязовдун айткандарына УКМК азырынча комментарий бере элек. 

 

"Азаттык"

Тема: