Бишкек, “Саясат.kg”.  Башкы прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган.


Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А.Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагнозун коюп, диагнозду тактоодо фактыларды жасалмалаган.


2013-жылдын 23-апрелинде Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А.Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагнозун жокко чыгарып, диагнозду тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.


Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.


А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.


Андан сырткары, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыйбек Качкыналиев кармалган. Алар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө.

 

Кылмыш ишинин алкагында өткөн жумуда мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди.

 

Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы