Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады. 

 

Мурда, ички иштер органдарына Өзгөн районунун жашоочусу алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылып, мыйзамдын негизинде тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2017-жылдын күз айында жабырлануучуга чала тааныш адам кайрылып, алдоо жолу менен ишенимге кирип, курулуш-жасалгалоо иштерине арналган “Травертин” декоративдик материалын алган. Ал жалпысынан ири сумма турган 60 куб декоративдик плиткаларды алган. Материалдык чыгым 12 000 АКШ долларын түзгөн.

 

Жогорудагы факты боюнча Ош облусунун Өзгөн РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 163-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип Талас облусунун тургуну, 1984-жылы туулган К.М. аттуу жаран аныкталган. 2019-жылдын январь айынын аягында ага издөө жарыяланган.

 

Издөөгө алынган адамдын кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында К.М. аттуу издөөдө жүргөн адам Чүй облусунун Сокулук районунда туугандарыныкында жашап жаткандыгы жөнүндө маалымат алышкан. Атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук сотунун токтому алынган.
 

2019-жылдын 19-май күнү соттук токтомуна ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлери ИИМдин АБПнын атайын операциялар отряды менен биргеликте К.М. аттуу жаранды кармашкан. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган.  Кармалган жаран Өзгөн РИИБдин кызматкерлерине кийинки иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

 

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча К.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Анын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө.