Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады. 

 

Жакында, КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкташты.

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 2000-жылы туулган М.А. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнө (топтошуп жасалган бейбаштык) айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган.

 

Ал мыйзамсыз иш-аракетти 2017-жылы августта өзүнүн достору менен биргеликте бейбаштык кылышып, коомдук тартипти жана коомдо жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин одоно бузушуп, Кызыл-Кыя шаарынын коомдук жайларынын биринен өзүнүн курдашынын денесине жаракаттарды келтирген. Андан соң, 2 жыл бою Россия Федерациясынын Москва шаарында жашырынып жүргөн.

 

Издөөгө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда М.А. аттуу жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат.

 

Тема: