Баткен, “Саясат.kg”. Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Баткен облустук башкармалыгынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Баткенде мыйзамсыз ташылып бараткан тооктун этин кармашты. 

           

Кыргыз-Тажик чекарасын кыйгап өткөн шектүү жүк жүктөгөн машинаны дыкаат текшерешкенде, анын ичинен 20 тонна Бразилияда жана Тажикстанда өндүрүлгөн тооктордун эти табылды. Мунун жалпы баасы азырынча 4 миллион 800 миң сом деп айтылууда.

 

Ушул тапта фактынын негизинде териштирүү жараяны башталды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз