Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев билдирди. 

 

Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөгө канча адам кирип-чыккандыгын жана кандай кылмыш жасагандар кармалгандыгын жарыялады. Маалыматка ылайык 2017-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин чек арачылар террордук уюмдарга түздөн-түз тиешеси бар делген 14 адамды тузакка илген.

 

- Чек ара кызматы жыл башынан бери 320 жаран туура эмес, башка бирөөнүн жана жасалма документ менен бараткандыгын ырастады. Ал эми 1380 адам дароо Мекенине депортацияланды. Ошондой эле мамлекеттик органдардын 8900 ыкчам тапшырмаларын дагы аткарылды. Мунун алкагында өлкөгө кирип-чыгууга тыюу салынган, ар кандай кылмыштарга тиешеси бар жана башка иштер боюнча айыпталган жарандар жеринде тузакталды, - дейт Чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев.

 

Ошондой эле полковник Уларбек Шаршеев 2918-жылдын өткөн сегиз айында эле Кыргызстандын чек арасынан 11 миллион 776,6 миң адам жана 792 600 транспорт өткөндүгүн бышыктады. А буга дейре УКМК террорчуларды өлкөгө мыйзамсыз түрдө киргизип, анан чыгарып жиберүүгө далалаттанган деп үч чек арачыны айыптап, кармаган эле.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчы

Тема: