Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүү министри Таалайкүл Исакунованын АКШга уруксатсыз барганын аныктады. 

 

Башпрокуратуранын сайтындагы маалымат боюнча, Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барган.

 

Министр 6-9-ноябрда эмгек өргүүсү учурунда АКШга, Аргентинага иш сапары менен барган. Мындан сырткары Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келген.

 

Башкы прокуратура буга чейин иштен бошотулган социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Иран жана Түштүк Кореяга сапары учурунда дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун да аныктады.

 

Мындан тышкары, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышкан. Анын ичинде министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыкканы маалым болду.

 

Белгилей кетсек, чет жакка сапарга чыккан соң жогоруда аты аталган жетекчилер Тышкы иштер министрлигине маалымат берген эмес, ал эми Таалайкүл Исакунова жана Лунара Мамытова дипломатиялык паспортун тапшырган эмес.

 

Буга байланыштуу Башкы көзөмөл органы 4-октябрда жогорудагы мыйзам бузууларды жоюу үчүн өкмөткө сунуш киргизди.

 

Булак: "Марал"