Бишкек, “Саясат.kg”. Ош шаардык турак-жай-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалышты. 

 

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

 

2018-жылдын 2-октябрында буга чейин Ош облустук прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укутарынан аша чабуу фактысы боюнча козгогон тергөө иштеринин алкагында Ош шаардык мэриясынын турак жай-тиричилик комиссиясынын (ТЖК) мүчөлөрү, кызмат адамдары И.М. жана Ж.К. кармалышты.

 

Такталган боюнча, бул жооптуу адамдар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (ДМЧА) батирлерди бөлүштүрүүдө ТЖК мүчө болушкан.

 

Кармалгандарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин  304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-1-п.п. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-п.п.(Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыш белггилеринин негизинде айып тагылды.

 

Учурда И.М жана Ж.К КР УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ТКЖ киргизилди.

 

Тергөө жүрүп жатат.

Тема: