Ош, “Саясат.kg”. Үч жылда 650 миң сомго жакын акчаны жеп алышкан.... 

 

Араван райондук мамлекеттик каттоо кызматы өлгөн эле кызматкерине үч жыл бою маяна төлөп жүргөндүгү  акыры аныкталды. Ошондуктан, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө кызыды.

 

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө эле аныкталгандай, Араван райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги кызматынан кыянат пайдаланышып, 2015-2017-жылдарда бул мекемеде иштебеген эле адамга 644 миң 167 сомов айлык чегеришип, баарын тең өздөрү жеп коюшкан.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Тема: